Воскресенье, 5 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Мээримбек УЛАНБЕКОВ:“Чигу” – дүйнөлүк стандартка туура келген аэропорт”

Элибиздин келечеги ар түрдүү тармактарда иштеген, таланттуу жаштардын колунда. Ошондой жаштарыбыздын бири, алдына койгон бийик максаттарына умтулган, жаш архитектор жана дизайнер Мээримбек УЛАНБЕКОВ менен маектештик.

“Чигу” аэропорту – асман дарбазасы”

– Азия инновациялык колледжин жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөм. Кесибим архитектор-дизайнер. “Эшигин көрүп төрүнө өт” дегендей, аэропорт бул – туризм. Туризм тармагын өнүктүрөбүз десек дүйнөлүк стандартка туура келген, бардык шарттары каралган чоң аэропорттор бизге абдан керек. Ошондуктан, дипломдук ишим катары Ысык-Көл облусунун Түп районуна эл аралык аэропорттун долбоорун чийгем. Тарыхтагы Көлдүн астында калган байыркы шаардын атынан аэропортту “Чигу” деп атаганбыз. Түп – асман, ал эми Чигу – анын дарбазасы деген идеяны камтыганбыз.

“Чигу” – Б классындагы, дүйнөлүк стандартка туура келген аэропорт. Ал бир учурда 23 учак конууга ылайыкташкан. Аэропорттун архитектурасында кыргыздын музыкалык аспаптарынын калыптары түшүрүлүп, улуттук колоритке басым жасалган. Долбоору чийилип, макети жасалган. Бирок, биздеги калктын саны аз болгондуктан азырынча ал долбоорду ишке ашыра албайбыз. Себеби, Б классындагы аэропорттор саатына 2-3 миңдей киши кирип-чыкканга ыңгайлашкан. Алгач, чакан эле аэропорттун чиймесин чийип баштагам, бирок, жетекчим Кожалиев Акыл агайымдын:“Калкыбыздын саны өсөт, туризм тармагыбыз өнүгөт деген жакшы тилек менен келечектин планын курбайсыңбы”, – деген сунушун эске алып, чоң аэропорттун долбоорун  чийгенбиз. Былтыр окууну бүтүп жатканымда “XXI кылымдын интеллектуалдары” аттуу эл аралык форумда “Чигу” аэропортунун макети менен катышып, биринчи орунду алдык. Буюрса, бул долбоор келечекте ишке ашат деп ишенем.

“Жакшы чөйрө таппасам, өзүм түзөм”

– Студент кезимде өзүмдү ыңгайлуу сезген, жан дүйнөмө жаккан чөйрө таба албай жүрдүм. Ар кандай жаштар коому, түрдүү уюмдарга кошулуп, бирок, кызыкчылык, көз караштар дал келбегендиктен кол үзүп жаттым. Ошондо “Жакшы чөйрө таппасам, аны өзүм түзөм” дегем. Аны менен катар кыргыздын илгерки архитектура үлгүлөрүн замандын талабына ылайык өнүктүрүү максатын көздөп, ушул багыттагы демилгелүү жаштардын башын бириктирүүнү ойлочумун. “Жалгыз аттан чаң чыкпайт” дегендей, жакшы чөйрө керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда ата-бабаларыбыз мурас калтырган “Манас”, боз үй, калпак, музыкалык аспаптар, оюу-чийүүлөр өңдүү улуттук баалуулуктарыбызды жайылтууда, дүйнөгө таанытууда биздей жаштардын биргеликте аракет кылуусу жакшы натыйжа берет деген ойдомун.

Ошентип, 2022-жылы мартта бир максатты көздөгөн демилгелүү жаштардын уюму түзүлдү. Алгач, уюмдун атын “Дилгир” же “Кереге” деп атайлы деп, акырында “Илгир” дегенге токтолдук. Илгир – шамдагай, тез-тез ишке ашырган, ыкчам дегенди билдирген кыргыздын нукура сөзү экен. Бирок, көп колдонулбай, архаизм сөздөргө кирип калыптыр. Ошондуктан, ушул нукура кыргыз сөзү күнүмдүк сөз куржунубузду толуктасын деген максатты көздөгөнбүз. Дилгир болуш үчүн илгир болуш керек. Башкача айтканда, илим-билим, адеп-ахлак, кулк мүнөз, жакшы сапаттарды илип алып анан дилгир болот деген мааниде.

Уюм руханий, интеллектуалдык, физикалык өнүгүү жана кыргыздын байыркы мурас-
тарын замандын талабына ылайык алып чыгуу деген төрт багытта иш алып барат. Уюмда ар кайсы  тармактын студенттери бар, бирок, басымдуу бөлүгүн архитектор, дизайнер жана программисттер түзөт. Эки жыл аралыгында жаштарды интеллектуалдык багытта өнүгүүсүнө салым кошкон «Акыл миллионери» аттуу интеллектуалдык таймашын, “Дил баян” конкурсун, китеп окууга шыктандырган “Start book” аттуу республикалык мелдешин, колго тартылган графикалык жана архитектуралык композициялардан турган этно-көргөзмөлөрдү өткөрдүк. Бул башталышы гана, дагы да болсо колубуздан келген пайдалуу иштерди жасасак деген пландарыбыз бар.

“Китепке болгон сүйүүмдү китепканачы эже ойготкон”

– Апам өзү математика мугалими. Кичинекей кезимде апам элдик жомокторду окуп, айтып берип жүрүп китеп окууга кызыктырган. Андан сырткары менин китепке болгон сүйүүмдү айылдагы китепканачы Бүбүсара эже ойготкон десем болот. Ким китепканадан алган китебин биринчи окуп бүтүп келсе, ошого өзүнүн дүкөнүнөн таттууларды берер эле. Таттууну жеп, мактоосун угуу үчүн биринчи окуп бүткөнгө аракет кылчумун. Барганда китептин ар кайсы бетин ачып сурачу. Билбей калып уят болбоюн деп китепти окуп чыгып, өзүмө-өзүм түшүнүгүмдү айтып даярданчумун. Ойлосом, Бүбүсара эже ушундай тактикасы менен бир топ баланын китепке болгон кызыгуусун арттырган экен.

Кээде 1000 китеп окуп, 1 китеп окугандай болбойсуң. Кээде 1000 китепке татыган 1 китеп окуйсуң дегендей. Ошондуктан адамдын жашоосун өзгөрткөнгө 1000 китеп окуунун деле кереги жок, болгону пайдалуу боло турган китеп окуш керек деп ойлойм.

Көбүнчө ийгиликтүү же өмүрү өрнөк инсандардын басып өткөн жолу камтылган автобиографиялык же мотивациялык китептерди кызыгып окуйм. Учурда бизнес багытындагы китептерди көбүрөөк окуп жатам.

“Бизде жылына эң аз 10, эң көп 130 китеп окушат”

– Жатакананын 1-кабатында долбоор чийген чакан усулканабыз бар эле. Ал жакта “Асыл адамга айланганда” деген китепти окуп олтургам. Жөнөкөй эле адамдардын эли-жери үчүн чоң-чоң иштерди жасап койгону мени аябай таасирлентти. Агаларыбыз ишке ашырган “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун идеясы да ушул китепте бар экен. Жанымдагы студенттер “Кайсы китепти окуп бүттүңүз?” деп сурап калышты. Китептин маанисин кыскача түшүндүрүп берип, талкуулай баштадык. Кудай оозуңа салат дегендей: «Келгиле анда 1 жыл бою китеп окуп жарышып, декабрда жыйынтыгын чыгарабыз. Кимибиз көп окуган болсок, ошонубузга сыйлык ыйгарабыз”, – деген сунушумду көпчүлүгү колдоп кетишти. Оюмду “Илгир” уюмундагыларга айтсам, бир жылда Кыргызстандын жаштары канча китеп окуй турганын аныктоо максатында республикалык деңгээлде сынак жарыялабайлыбы деп калышты. Чоң масштабда кантип өткөрөбүз деген бир аз кооптонуу болду, бирок, ниет күчтүү болсо идея ишке ашат деген чын экен.

1-февралда долбоордун жобосун иштеп чыгып, агаларыбыздын сынына койдук. Кеңештерин эске алып оңдоп чыгып, 1-мартта сынакка старт бердик. Авторун, аталышын, бетин, качан баштап, качан бүттү жана бул китептин пайдасы, эмне себептен башкаларга сунуштайсыз деген 2 суроодон турган “Start book” таблицасын түздүк. Ал эми экинчи бетинде 1 жылдык анализди чыгарууга жардам бере турган 15 суроо бар. Анын арасында: Кайсы автордун китептерин сүйүп окушат? Жылына китепке канча каражат коротот? Бир жылда китепканага канча жолу барат деген сыяктуу суроолор камтылган. Кол жеткен жерлерге кагазга чыгарып таркатсак, аймактарга электрондук үлгүсүн тараттык.

Сынакка республика боюнча жалпы 520дай студент катышты. “Start book” долбоорунун натыйжасында жаштар Айтматовдун чыгармаларын көп окуганын биле алдык, б.а. катышуучулардын 54,3%ы Айтматовдун чыгармаларын окушкан. Ал эми экинчи орунда түрк жазуучусу Халит Эртугрулдун чыгармалары болсо, үчүнчү орунда Нуржигит Кадырбековдун китептери окулган. Көп окулган китептердин катарына Элинор Портердин «Поллианна» деген чыгармасы да кирди.

Жаштардын аң-сезимин өзгөртүү, китепке болгон кызыгуусун арттырып, сүйүүсүн күчөтүү, шыктандыруу, китепкөй Кыргызстанды түзүү максатында ушул конкурсту өткөрдүк. Кудай буюрса, максатыбызга жеттик. Кыргызстандын жаштары жылына эң аз 10 китеп окуса, эң көп 130га чейин китеп окуган китепкөй жаштардын бар экени кубандырды. Буга мисал Ислам университетинин 3-курсунун студенти Ратбек кызы Нурайым 1-марттан 25-ноябрга чейинки убакытта 130 китеп окуп конкурстун жеңүүчүсү деп табылды. Диплом, Алматыга жолдомо, китеп ж.б. белектерге ээ болду.

«Start book» долбооруна быйыл 1-мартта кайра старт беребиз. Буюрса, жыл
сайын өткөрүлүп туруучу салттуу конкурска айландырабыз.

 “Максатым – кыргыз архитектурасын дүйнөгө даңазалоо”

– Илим-техниканын өнүгүшү менен интеллектуалдык жана  руханий багытка аракет кылган жаштардын арасы суюлуп бараткандай сезилет. «Караңгыны миң айтканча чыркырап, андан көрө жагып койгун бир чырак» дегендей, айтканыбызды иш менен далилдеген жаштардан болсок экен. Бизде энергия, убакыт, жаштык, күч барында колубуздан келишинче пайдалуу иштерди жасап калалы деген ойдун өзү мотивация берет.

Ааламдашуунун аркасында биздин муун башка элдин салтын, баалуулугун карманып, наркыбызды, тилибизди чанып кетсе, Кыргызстандын келечеги кандай болот деген маселелер ойлондурат. Ошондуктан, келечекте кыргыз баалуулуктарын, архитектурасын дүйнөгө таанытайын, даңазалайын деген максатым бар. Чын-чынына келгенде биздикиндей архитектура дүйнөдө жок. Мисалы, боз үйдүн архитектурасын алып карай турган болсок,

«Кереге болбой уук тике тура албайт,

Уук болбой түндүк бийик чыга албайт.

Түндүк болбой боз үй ичи нур албайт.

Бирдик болбой боз үйдү да кура албайт», – дейт го. Бат тигилип, бат жыйналып, суукта жылуу, ысыкта салкын, философиялык терең мааниси, ар бир бөлүгүнүн чечмелениши, жаратылышка болгон сый-урматы өзүнчө эле укмуш. Ушул нерсени дагы да болсо көтөрүп, жайылтып, даңазалайын деген максатым бар.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар