Вторник, 21 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

«Атамдын тилеги аткарылды деп ойлойм»

Кыргыздын ушул күнгө чейин кыргыз болуп сакталып келишине мекенчил инсандарыбыздын салымы чоң. Алар болбосо, балким, биз улут катары калсак да, мамлекет катары сакталып калбайт белек?..
Бүгүн ошондой мекенчил инсандардын бири профессор, физика-математика илимдери боюнча кыргыздардан кандидаттык даражага биринчи ээ болгон Ракым Усубакунов тууралуу анын кызы Эркингүл АБДЫЛДАЕВА менен маектештик. 

Математиканы кыргыз тилинде сүйлөтө алды

Атамдын институттун проректорлук кызматынан четтетилиши миңдеген студенттердин нааразычылыгын туудуруп, массалык митингдин уюшулушуна алып келсе да, өзгөрүү болгон эмес экен. Бирок, менимче, атам кандайдыр бир деңгээлде болсо да, өз максатына жетти десем болот. Себеби, эң алгачкылардан болуп өз тармагында эне тилиндеги китептерди жазып, математиканы кыргыз тилинде сүйлөтө алды. Ал 1965-жылы “Арифметикалык маселелерди чыгарууга көрсөтмөлөр” аттуу окуу куралын, 1966-жылы “Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр” деген окуу китебин, 1967-жылы Ч.Жаныбеков менен бирге математикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн жарыкка чыгарып, илимий-педагогикалык чөйрөдө талкуу жаратты, жаңы чыйыр салды.

Ошол учурда жогорку окуу жайларында окуу процесси толугу менен орус тилинде болуп, айыл жеринен келген улан-кыздардын бир далайы тил билбегендин айынан окууну таштап кетүүгө аргасыз болушчу экен. Айрыкча так илимдери боюнча кыргыз тилинде окуу китептери жок болгону кендирди кесип турчу дейт.  Бул тууралуу анын замандаштарынын эскерүүлөрү бар. Ал кездеги саясатка “улуту жок эле, бир гана тилде сүйлөгөн совет эли болот” деген көз караш сары майдай жагымдуу болуп турган. “Улут” деген сөздөн сестенип, корккон убак экен, ал учур. Ошол маалга жараша атам деле көп кишилердей илимий иш менен алектенип олтура берсе деле болот эле, бирок, миңдеген кыргыз жаштарынын ой-тилегин, мүдөөсүн чечем деп аракеттениптир. Эл агартуу министрлигинин коллегиясына чейин маселе көтөргөн экен, анын чечилиш жолдорун издептир. Мына ошого байланыштуу «Жакында баштапкы курстарда окуу процесстери кыргыз тилине жүргүзүлөт экен» деген кабар тарап, студенттер аны кубануу менен кабыл алат. Арийне, бул Компартиянын Борбордук комитетин коопсуздандырбай койгон эмес жана акыры жанагыдай аяктайт.

Ошол жылдардан өмүрүнүн акырына чейин атам эч бир мамлекеттик сыйлык албай, ал эле эмес, докторлук диссертациясын коргоого тоскоолдуктар жаралган. 1982-жылга чейин кыз-келиндер институтунда доцент болуп эмгектенип, “Математикалык анализ” деген 3 томдук окуу китебин, “Математика терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн”, “Механика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн”, ондогон илимий-методикалык макалаларды чыгарган.

Ата баркы менен кыз өтөт…

Студенттик кезде жайкы каникулда талаа жумуштарына чыкчу элек. Бир жолу Жумгалга чөп жыйноого алып барып калышты, мектепке жайгаштык. Кечкисин эс алып олтурсак, мектептин жанында жашаган бир улгайган киши ошол жерде турган кыздарга суроо узатып, кайдан болорун, ата-энесин сурап калды. Мен атамды айтсам эле, тура калып, бетимен өөп: «Айланайын, кагылайын» деп жалынып-жалбарып, кемпирин чакырып эле буйдалып калды. Көрсө анын уулу мектепти жакшы окуп, “политехке” окууга өтүптүр. Бирок, орус тилинен абдан кыйналып, атасына кеңешип, окууну таштайын деп чечкен экен. Анан экөө документтерин алып кетүү үчүн атамдын кабинетине кирип, келген себебин айтыптыр. Атам бала менен сүйлөшүп, баш терисин байкап, окуудан кетирбей алып калган экен. Бир мугалимге табыштап, жардам берип, түшүнбөгөнүн айтып берип тур, дептир ага. Ошо менен баласы окуу жайын аяктаган экен. Карыя биз ал айылдан кеткиче, жармасын, чалабын алып келип берип жүрдү. Кетеримде салам-дуба айтып калды. Үйгө келгенде атама айтсам, «көп эле болду да, андай окуялар» деп карыяны эстей алган жок. Деги эле, качан болбосун, атам тууралуу жан эргиткен сөздөрдү гана угуп келем.

«Улутчул» деген аттын залакасы мага тийген жок. Бирок, бир тууган иним Политехникалык институттун механикалык факультетин аяктап, МАИге ишке орношом дегенде, КГБда “улутчулдун уулу” деген кине менен конкурстан өтпөй калыптыр. Ал кезде андай кызматтар аябай текшерилчү эмес беле. Бирок, иним атамды капа кылбайын деп, “медкомиссиядан өткөн жокмун” деп койгон экен.

Мен болсо таятамдардын колунда чоңоюп, фамилиям башка болгон үчүн залакасы тийген жок. Ошентсе да, атамдын өзүнө чоң залал келтирилди. Атам илимий иштерин улантып, жакшы кызматтарга барчу учурларда бир топ жерден тоскоолдуктарга учураган. Балким, бул дүйнөдөн эрте кеткен себептеринин бири да ошол болгондур. Анткени, ал өтө оор басырыктуу, токтоо, ичиндегисин сыртка чыгарбаган киши эле. Андай адамдардын сыры ичинде кала берет турбайбы.

Тыныстановдун ыры көкүрөгүнө жакын болуптур

Атамдын 85 жылдыгында Жума Мамбетов деген журналист менен жолдошум Медербек Аракеевдин көп аракети менен ага арналган китеп басылып чыккан. Анда кесиптештери, студенттери, тааныгандар атам тууралуу эскеришкен эле. Ошондо баш сөзгө чейин төрт куплет ыр коюлган. Ошол тууралуу айтайын.

1981-жылы апам, 1983-жылы атам каза болуп калды. Ошол жылдары апам көзү өткөнүнө байланыштуу атам менен көбүрөөк бирге туруп калдык. Бир жолу кайдадыр мейманга барып, толкунданып келди. Сыягы өзү сыйлаган адамдар менен кобурашып келсе керек. Келип эле жолдошума кайрылып: «Мына бул ырды карачы, Касым Тыныстановдун ыры экен, өзүңө жазып ал», – деди. «Курбума» деген ыр экен. Жолдошум көчүрүп алды. Бир сыйра окудук, ошол менен унутулуп калды. Ата-энем кеткен соң, бир туугандарга каралашып, убакыт учкан куштай зуулдап өтө берди. Түйшүк менен ал ырды деле унутуп коюпмун. Кийин китебин жазарда, эмнегедир ошол ырды эстеп, ал бизге калтырган кандайдыр бир мурас болуп сезилди. Шашпай окусак, сөздөрү атамдын тагдырына окшош экен. Көрсө, ошол үчүн бизге көрсөткөн тура. Ошондон кийин ырды китептин биринчи бетине жайгаштырдык.

Атаң жөнүндө жакшы сөз уккан кандай жагымдуу

Атамдын 75 жылдыгын өткөрөлү дегенде, Политехникалык окуу жайда Жаныбек Шаршеналиев деген киши ректор болчу. Кеңешели деп барсак, абдан жылуу кабыл алды. Көрсө анын жашоо-турмушуна атамдын таасири түздөн-түз тийген экен. Ал киши балдар үйүндө өсүп, ата-энесиз чоңоюптур. Мектепти жакшы баалар менен аяктагандан кийин Россиядан жогорку билим алып, Кыргызстанга кайтып келет. Университеттин ар бир кафедрасына кирип, иш сураса эле, жумуш жок дейт. Ал кезде андай жумуштарда кыргыздар аз иштечү, орус, еврей улутундагылар көп болчу экен. Айласы кетип, Россияга – келген жагыма кайра кетейин деп турганда, бирөө айтып калат: «Ушул жерде Усубакунов деген проректор бар, кыргыздарды абдан колдойт, кирип көрчү», – деп. Кирсе, узун бойлуу, сымбаттуу адам олтуруптур, «Кайсы окуу жайын бүттүң?» деп сурап, өзүнүн чоо-жайын айтып берген соң, кайсы бир факультеттин деканын чакырып, «бош жумуш оруну барбы?» деп сураптыр. Көрсө, ар бир кафедрада бош сааттар бар экен, жөн эле көңүлдөнбөй жатышыптыр. Анан бирөөнө:  «Жаш кадр, борборук ЖОЖду бүтүп келиптир, колдогула» деп табыштап, ошол жерде иштеп калганмын деп айтып олтурду. Ошентип, ал кишинин уюштуруусу менен илимий конференция жана башка иш-чараларды өткөрүп алдык.

Өкүнүч

Айтып олтурса, ар бир адамда өкүнүч болбой койбойт экен. Атам бул дүйнө менен кош айтышып кеткенде мен 25 жашта элем. Менден улуурак агам бар, анан иним 21 жашта, сиңдим мектеп окуучусу болчу. Кыскасы, жаш эле жетимсиреп калдык. Ойлосом апам 48 жашында, атам 54 жашында кете бериптир. Экинчи дагы өкүнүчтүүсү – атам бар кезде СССР деген күчтүү держава болуп турган кези болчу. Кийин эгемендүүлүктү алган учурду көрбөй калды. Мамлекеттик тил кабыл алынды дегенде биз абдан толкундандык. Атам тирүү болгондо, чечекейи чеч болот эле, аттиң.

Биз аларды өз деңгээлинде бөпөлөй да албай калдык, себеби, өзүбүз бала болчубуз. Азыр биз ошол кездеги ата-энебиздин жашынан бир топ улуубуз. Жашың өйдөлөгөн сайын өкүнүч көп болот экен. Улгайган сайын ата-энеңди жоктойт экенсиң. Сырдашкың келет, мактангың келет. Азыр мен иштеп аткан карылар үйүндө ата-энелерди көрүп, жүрөгүм ооруйт. Алардын баркын билбеген балдарга наалат айткың келет.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
«Кыргыз Туусу»

 

 

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар