Вторник, 30 апреля, 2024
21.1 C
Бишкек

Үмүт КЕЛДИБАЕВА: «Сыртта жүрүп көрбөгөнүм калган жок»

Буга чейин “Кыргыз Туусу” гезити “Мекендеш”, “Мекендештин күндөлүгү” рубрикаларынын астында сыртта жүргөн мекендештерибиздин кызыктуу окуяларын, кыйынчылык, ийгиликтерин окурмандарга сунуштап келген. Бул жолу Москвада көп жылдан бери эмгектенип, ары кызыктуу, ары татаал окуяларды башынан кечирген Үмүт КЕЛДИБАЕВАны кепке тарттык. Сүйлөп берип жатып, улам көзүнө жаш алган каарманыбыз жети жыл ичинде көргөн окуяларын баяндап берди. 

(Аягы. Башталышы өткөн сандарда)

“Жок жерден 50 миң рубль насыя алуучу болдум”

Бир жолу жалгыз баласы кайтыш болуп калган бир орус кемпирди багып калдым. Келини экөө бир үйдө жашаганы менен бири-бирине кошунадай мамиле кылышчу эле. Экөөнүн эки бөлөк муздаткычы бар. Кайненеси келининин, келини кайненесинин тамагына келбейт. Келини эртең менен эрте кетип кечинде келет дагы “Здрасьте” деп коюп өз бөлмөсүнө кирип кетет. Мен кечки саат бештерде кетем. Кээде кемпир келинин мага жамандайт. Унчукпай угуп коём. Келини болсо “Ал ар нерсени сүйлөй берет укпа” дейт. Ага да макул деп коём. Эптеп иштеп жатсам антпегенге да аргам барбы.

Ошентип иштеп жүргөнүмдө мага бирөө чалып: “Биздин банктык эсебибизди бирөөлөр талкалап жатат. Жардам бериңизчи. Азыр бир код жөнөтөбүз. Ошону кайра бизге айтып коёсузбу?” деп калды. “Балким силер өзүңөр аферист болуп жүрбөгүлө?” десем, “Жок биз андай эмеспиз” деп улам ар нерсени айтып жатып акыры мага бир код жөнөттү. Аны оозеки кайра айтып бердим. Анан тигил жигит “Сиз менен бир видеочалуу аркылуу сүйлөшсөк жакшы болот эле” деди. Мен чалдым. Көрсө, мен видеочалуу кылганда ал мени тарткан экен. 10 мүнөт өткөн соң менин атыман онлайн 50 миң рубль кредит алынды. Өлдүм деген ойдо жанагы номерге чалсам уже ал иштебей калыптыр. Айлам кетип участкалык милицияга барсам “Биз эч нерсе кыла албайбыз. Эми сен ушул аял бизден чын эле кредит алган деген документ алып келишиң керек” дешти. Интернеттен карасам “Золотая Коронанын” эч кандай офиси жок экен. Болгону юридикадык дареги Новосибирск шаарында экени жазылыптыр. Айлам кетип Россия ИИМинин Москва шаардык башкармалыгына барып, иштеген, жашаган дарегимди көрсөтүп арыз жаздым. Эки күндөн кийин мен жашаган райондун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсү чакырып калды. Барсам тергөөчү “Сен бизге келбей эмне үчүн шаардык башкармалыкка бардың?” деди. Мен жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө барып, чалып, эч тыянак чыгара албаганымды айттым. Ал мени кайра сурап, болгон нерсени иш кагазга тиркеп алды. Анан ал “Золотая Коронанын” дарегине өтүнүч кат жолдойбуз. Эгер жооп келсе тергөөнү улантып, кылмыш ишин ачабыз” деди. Бир жумадан соң ал чакырды. Барсам “Эки жолу өтүнүч кат жолдодук. Алардан жооп болбоду. Мен ишти кийинки жумада жабам” деди. Анан ал тиешелүү чечим чыгарып берип, он күндүн ичинде прокуратурага кайрылсам болорун айтты.

Эртеси эле мен шаардык прокуратурага барып арыз жазып, РИИБдин чечимин да кошо бердим. Алар “Бир жумадан кийин келиңиз” дешти. Он күндөн кийин прокуратура дагы “Сиз айткан дарекке өтүнүч кат жолдодук. Эч кандай жооп келген жок. Биздин чечим менен тынч жашай бериңиз. Сизди эч ким сотко бере албайт. Телефон чалгандарга жооп бербей эле коюңуз” дешти.

Ошондон бери жүрөгүм тынчып калды. Бул боюнча өзүмчө иликтөө жасап да көрдүм. Көрсө, өз атына эле 100, 150 миң рубль алып Кыргызстанга кетип калган кыргызстандыктар көп эле болуптур. Андайларды издеп таба албай, үч жылдан кийин издебей да калышыптыр. “Золотая Корона” жеке менчик компания болгондуктан мамлекет да ага юридикалык көмөк көрсөтпөйт экен. Кийин бул боюнча адис болуп калып мен сыяктуу алдамчылардан жабыр тарткандарга көп жардам кылдым. Азыр мындай алдамчылар башкача жол менен да элди алдоону улантып жатышат.

Кыргызстандыктар кыдырып эле калдык

Акыркы жылдарда Россияда жарандыгы жок мигранттардын жашап, иштешине кыйын боло таштады. Себеби, азыр мигрантарды легалдаштыруу мыйзамы каралып жатат. Ушул тапта үч айлык каттоону 4 миң рублга жасатабыз. Бирок, ошол каттоо базага киргизилдиби жокпу белгисиз. Антип катталып албасаң да бул жакта бир жерге ишке орношо албайсың. Ошондуктан ушул мигранттарды каттоо жагын эки өлкө бийлиги жакшылап сүйлөшүп, каттоого кеткен акчалар мамлекетке түшкүдөй, мигранттар кыйналбагыдай кылса жакшы болор эле. Азыр кээ бир ортомчулар убактылуу үч айга бир жерге каттоо-го тургузат. Бирок, бир айдан кийин эле бизге билгизбей базадан чыгарып коюшат. Эртең базада жок мигранттарды департациялоо башталса биз кандай кылабыз билбейм.

Учурда официалдуу каттоо-го тургандар бир жылда бир сыртка чыгып кайра кириши керек. Ошол себептен бул жакта мигранттарды Кыргызстанга, Казакстанга микроавтобустар менен алып барып, кайра алып келип турган балдар да көп. Кыргызстанга жети-сегиз күндө барып келишсе, Казакстанга эки күндө барып келгендер бар. Россия бажычылары жөн эле чыгарат. А казак бажычылары мигранттардын айласын алты кетирет. Жакында мен да Казакстанга чыгып келдим. Казак чек арасынан киргениң бир азап, чыкканың бир азап. Бажы постунда суткалап, жумалап турушкан кыргызстандык КаМАЗ, фуралардын айдоочуларын көрүп боорум ооруду.

Кыскасы, азыр Россияга кирип чыккан кыргызстандыктар абдан көбөйдү. Жакында эле сиңдим учуп келген самолёт менен 360 кыргызстандык келиптир. Албетте, ары-бери чыгып, сыртта иштеген жакшы. Бирок, Россияга орусча бир ооз сөз билбеген, документ, мыйзам боюнча кымындай түшүнүгү жоктор деле келе беришерине таң калдым. Андайлар көп нерсени түшүнбөй эле бекер бериле турган ИННди, медициналык камсыздандырууну да 1500 рублдан сатып алышат. Анан ар кандай алдамчыларга, ортомчу, шылуундарга алданып калып, көчөдө калгандар да жок эмес.

Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар