Суббота, 18 мая, 2024
16.1 C
Бишкек

К.Ташиев: «Ороктогу футбол стадиону эл аралык стандартка ылайык курулууда»

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, КР футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев бүгүн Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшүн текшерди. 

Анын айтымында, жаңы стадион 45 миң адамга ылайыкталып, Дүйнөлүк футбол федерациясынын стандарттарына ылайык курулууда. Курулуш иштерин Түркия жана Англиядан чакырылган жооптуу адистер көзөмөлгө алышууда. Ал эми куруучулардын 90%ы жергиликтүү жашоочулар. Болжол менен 2026-жылы Эгемендүүлү күнүнө карата объект өзүнүн биринчи көрүүчүлөрүнө эшигин ачат.

«Бул стадион эки жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Биздин эсеп боюнча, курулуш иштерине 60 млн. доллар керектелет. Бул стадион эле эмес, бардык стадиондордо реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт», — деп кошумчалады К.Ташиев.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары республикада бир дагы стадион оюндарды өткөрүү боюнча минималдуу талаптарга жооп бербей турганын белгиледи.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар