Четверг, 9 мая, 2024
29.1 C
Бишкек

Марлен МАМАТАЛИЕВ: «Кабыл алынган мыйзам аткарылышы керек»

– Марлен мырза, Жогорку Кеңеште көптөгөн мыйзам долбоорун сунуштап келе жатасыз, сизди демилгелүү депутаттардын катарында тааныйбыз. Ошол долбоор, сунуштардын аткарылышы кандай болуп жатат?

– Эки жылда 43 мыйзам долбоорун жаздым. Анын 15и өттү. Андан  сырткары ар кандай сунуштарды айтып келебиз. Жогорку Кеңешке түздөн-түз тиешелүү эки функция бар. Биринчиси – мыйзам жазуу, экинчиси – аткаруу. Мыйзамды жазып, анан ал аткарылбайт экен же аткарылбай калышы мүмкүн деген божомол болсо, аны жазбай эле коюш керек.

Чындыгында, Жогорку Кеңеште мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иш таптакыр жүрбөй келет. Ушул апрель айында календардык план кабыл алганда, ар бир тармакты алып, изилдеп, кийинки иштерди планга киргизип, анан кесиптештериме мыйзамдардын аткарылышын карап баштайлы деген сунушту айтайын деп жатам. Негизи, бул боюнча бизге толук  укуктар берилген. Аткарбаган кызматкерлерди тийиштүү органдарга берип, жоопко тарта алабыз. Керек болсо, жумуштан кетиргенге чейин барсак болот.

Ал эми мен жеке өзүм кандай сунуш бербейин, сөзсүз аркасынан түшүп, ишке ашырууга аракет кылам. Жеке эле мыйзам долбоорлору эмес, сунуштар боюнча да ошондой аракет көрөм. Маселен, жүргүнчүлөр жайында ысып, кышында үшүбөгүдөй жарымы ачык, жарымы жабык аялдамаларды куруу боюнча сунушту көтөрүп келгем. Ал эле эмес, экрандан кайсы маршрутка кайсы жерде келе жатканын карап турууга мүмкүн болгон аялдамалар керек деп 2020-жылдан бери айтып келе жаттым эле, ишке кирди. Албетте, бул жумушту жалгыз мен жасаган жокмун. Бирок, идея көтөрүп, чиймесин чийип, мэрге, мамлекеттик мекемелерге чейин кирип жүрүп, ишке ашкыдай кылдык.

Азыр электромобилдер, автобустар маселесин көтөрүп келем. Шаардын абасын тазартуу максатында газдаштырууну, элдин шартына туура келгидей жабдууларын кредитке алып берели деген ойду 2019-жылдан бери белгилеп келдик, азыр ишке аша баштады. Кыскасы, ар бир маселени көтөргөндө, айтып эле кала бербей, тийиштүү мыйзамдарды, токтомдорду кабыл алып, ар кандай  жыйындарда улам какшап атып, жыйынтыкка жеткиребиз. Бул эми сунуштар боюнча.

Жеке иш сапарларды айта турган болсок, жакында эле Омск шаарына барып келдик. Жөн эле барбай, ЖОЖдордо болуп, биздин университеттер менен келишим түзүп, ошол жерде окуп жаткан биздин жаштар эки диплом алганга мүмкүнчүлүк болгудай сүйлөшүү жүргүздүк. Эми эки жыл бул жакта окуган студент Омскиде бир жыл окуп, кайра келип Мекенинен окуса, ал жактын да, биздин ЖОЖдордун да дипломуна ээ болуп калат.

Андан сырткары, Омскиде Түркиядан алынган жабдуулар менен бейтаптарды көрүү акысы арзан турат экен. Бизде эң чоң көйгөй – ооруган адамга медициналык корутунду коюу. Башка мамлекеттерде дарылап айыктырчу ооруларга биздин өлкөдө операция жасалууда. Ошондуктан, биз алар менен онлайн деле тыянак чыгарып, консультация берүү шарттарын сүйлөшүп жатабыз.

Айтайын дегеним, ар бир депутат кайда барбасын, калкы үчүн кандайдыр бир пайда алып келгидей аракеттерди көрүүсү шарт. Ар ким өзү көтөргөн маселенин аркасынан түшүшү керек. Мамлекеттик кызматта бюрократия көбүрөөк болот, кээде Президентибиздин айтканы да акырына чыкпай калган учурлар бар. Сөзсүз көзөмөл керек.

– Автотыгынды азайтуу үчүн темир жолду кесип өткөн көпүрө жана жолдордун санын көбөйтүүнү сунуштадыңыз эле, иш жүрүп баштады окшойт?

– Ооба, борбор калаабызда тыгындарды жоюу маселеси шаардыктар үчүн өтө маанилүү болуп келет. Биз анын чыгуу себептерин иликтеп, дрон аркылуу үстүнөн видео тартып, аныктаганбыз. Шаардын түндүгү менен түштүгүн караганыбызда, 29 көчө бар экен. Ал көчөлөрдүн так ортосунан темир жол кесет дагы, бир-бири менен байланыш үзүлүп, автоунаалар 9 эле жерден өтүп калат. Андыктан, Министрлер Кабинетине каражат бөлүп, темир жолду кесип өткөн өтмөк жана жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу сунушун киргизгенбиз. Азыр ал долбоор боюнча 4 жерде иш жүрүп жатат. Бара-бара 9 жерде ошондой өтмөктөр болот. Айтайын дегеним, мен ар бир маселени көтөрөрдө анализдеп, толук карап чыгам, изилдейм, анан сунуш берем. Негизи, Бишкекке бир шакекче жол керек. Башка өлкөлөрдө ушундай жолдор бар.

– Кай бир мыйзамдардын аткарылышы үчүн каражат керек болот. Мисалы, сиз социалдык жөлөк пул боюнча жакшы демилге көтөрдүңүз. Жаңы төрөлгөн балага эсеп ачып, каражат салуу, ага бала 18 жашка чыкканча тийбей, банктар аркылуу көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун да сунуштадыңыз эле. Ошондой долбоорлордо казынабыздагы каржылык жагдайлар каралабы?

– Бизде регламентте кайсыл бир мыйзам кошумча каражатка муктаж болсо, ал Министрлер Кабинетинин корутундусу жок кабыл алынбайт. Эгерде терс корутунду келип калса, ал мыйзам өткөн күндө да, Президенттен вето келет. Ошондуктан, кандай мыйзам болбосун, министрлик менен бирге иштеп, кеңешип алып анан жазам. Балдарга 18 жашка чейин каражат чогултуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Биз Президенттин указын күтүп жатабыз. Мындай жакшы жараянардын автору Президент болушу кажет. Аны шашып деле өткөрсөк болот, бирок, биргеликте алып барган жумуштар мыйзамдардын иштей башташына өбөлгө түзөт. Жөн эле күчкө сала бергенде, ал мыйзам иштейби, иштебейби, кайра кайтып келеби, чоң маселе. Көп депутаттар Президенттен вето келип калды деп нааразы болгон учурлар бар, сиз айткандай, акча булагы жок болсо кантип кабыл алынат?

– Кен-байлыктарга геологиялык изилдөө жүргүзүүнү мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө керек деген маселени көтөрдүңүз эле, жыйынтыгы кандай болду?

– Бул мыйзам мурдагы Президенттин убагында тилекке каршы, колдоо таппай калган. Ал эмне деген мыйзам эле? Бизде көптөгөн кен байлыктар болгону менен, алар түбөлүктүү эмес, түгөнөт. Демек, ар бирин максималдуу түрдө өзүбүзгө пайдалуу кылып колдонушубуз зарыл. Антпесе, кийинки муун кечирбейт. Буга чейин лицензия алуу үчүн 300 сом берип коюп эле иштей беришкен. Мамлекетке эч нерсе түшпөй, болгону соцпакетке ыраазы болуп олтуруп калышчу. Мына азыр Президентибиз «Кумтөрдүн» алкагында кен байлыктарды өзүбүз иштете аларыбызды көргөздү.

Эми биз кабыл алган мыйзам боюнча пайдалуу кен чыккан жерлерди Кыргызстан 100 пайыз өзү колдонот. Ал эми өтө пайда алып келбеген кен байлыктары бар жерлерди чалгындоодо 30 пайыздан кем эмес кен байлык мамлекетте калсын деген шарт бар. ªлкөбүздө бир жылдан бери 62 лицензия берилиптир. Мурдагыдай болсо, азыр түшүп жаткан 30 пайыз бизде калбайт эле. Экинчи жагы – мурда коопсуздук жагы изилденбей эле берилчү экен. Эми биосфералык зоналарда кен иштетем дегендер өздөрүнүн программасын көрсөтүп, экологиялык коопсуз жагын далилдемейин иштетүүгө уруксат берилбейт, анын зыяны, кесепети сөзсүз каралат.

– Карапайым элдин дагы бир көйгөйү – азык-түлүккө коюлган бааларды жөнгө салуу. Ушул боюнча иш-аракеттер барбы?

– Азыр салык кодексине ушул маселени киргизип жатабыз.

Супермаркеттер жана башка соода жайлар ата мекендик ишкерлерден алынган товарлардын үстүнө баа кошпойт. Ал эми, ташылып келингендерге айла жок, кошуп жатышат. Бул эми биринчи этап. Экинчи этабында киреше деңгээлин карайбыз. Албетте, рыноктун өзүнүн шарттары бар, бирок, монополияга жакындап, бааларды жасалма түрдө көтөргөндөргө айып салуу сунушун киргизебиз.

– Шайлоого баратканда бардык эле талапкерлер эл алдында бир топ убадаларды берет. Сиздердин фракция да берсе керек?..

– Үгүт иштери жүрүп жатканда, шайлоочуларыма: «Биз депутаттыкка өтүп калсак, дайыма байланышты үзбөй келип турабыз», – дегем. Мактанбайын, бирок, элге отчет берип турган партиялардын бирибиз. Кечээ эле миңге жакын үлүшчүлөр (дольшиктер) менен улуттук университетте жолуктук. Жалпылап алганда, атайын план боюнча ар бир аймакты кыдырып келе жатабыз. Баткен, Ош, Жалал-Абаддын эли менен жолукканбыз. Бул жылы Нарын, Көлдү кыдырабыз.

Биздин фракциянын элдин алдына чыккан программасы бар, анын 90 пайызын аткарып койдук. Албетте, ар бир жерде социалдык жергиликтүү көйгөйлөрү бар. Аларды да акырындап чечүү аракетин көрөбүз. Четинен чечилип жатат, мамлекеттин акчасына, өз акчабызга жана башка каражат таап аракеттенүүдөбүз.

Мурдагы чакырылышта “кен байлыктардын 30 пайызы мамлекетте калсын” деген сунушум өтпөй калган себеби, ошол учурда бир топ депутаттардын лицен-зиялары бар экен, каршы болушкан. Мен ошондо идеялаш болгон команда керек экенин түшүнгөм. Бир нерсени өзгөртөм десең, өз партияң керек экен. Ошентип, жакшы тилек менен «Ынтымак» партиясын түзгөнбүз.

– Сиздин жашооңузга чоң бурулуш жасаган окуя?

– 11-класста окуган кезде Бишкек шаарында эркек балдар топ-топ болуп биригип алып жүрчүбүз. ªзүбүздүн эрежелерибиз бар дегендей. Анан бир жолу Бишкектин башка районунан келген балдар менен мушташа кеттик. Биздин топ тигил балдарды көбүрөөк уруп коюп милицияга кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенбиз. Ошол окуя турмушумду түп тамырынан өзгөрттү. Мен көргөн нерсени ошондо көрбөй калган досторум тилекке каршы, кийин ошол багыт менен кетип, түрмөгө жатышты, кээси ошол жактан чыкпай да калды. Мен ошондо ар бир адам өз тагдырын жасап аларын түшүнгөм. ªмүр ар бирибизге Жараткан тарабынан берилген белек. Аны мүмкүн болушунча маңыздуу өткөрүшүбүз керек. Эр жигиттин жашоо-сунун эң эле маңыздуу болушу – эли үчүн ак кызмат кылуу. Менин жашоомдогу максатым ошол.

Жумагүл Барктабасова, Кыргыз Туусу

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар