Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Ошто Барак эксклавынын жашоочулары үчүн жаңы айыл түптөлөт

Ошто Барак эксклавынын жашоочулары үчүн жаңы айыл түптөлүп, Садыр Жапаров «мезгил кутусун» салды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, бул айылда Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар жашамакчы.

Барак экславы жарым-жартылай обочодо калгандыктан, анда жашагандар көп жылдардан бери Кыргызстанга кирип-чыгууда кыйынчылык тартып келишкен.

38 гектарга түшө турган айыл Жаңы Барак деп аталып, 164 жаран үчүн 101 үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер берүү каралган. Курулушту 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Кийин мектеп, бала бакча сыяктуу соцобъектилер салынары кошумчаланды.

Мамлекет башчы чек ара көйгөйлөрүнө карабай, киндик кан тамган жерин таштап көчүп чыгып кетпей, Баракта туруктуу жашап келген кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар