Быйыл Кыргызстанда Ага Хан фондунун демилгеси менен «Мектептер2030» программасынын алкагында Глобалдык форум өтөт.

Фонддон билдиришкендей, быйылкы иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналмакчы.

Форумга 30дан ашык өлкөдөн 200дөн ашуун делегаттардын келүүсү күтүлүүдө. Анда билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган талкуулар уюштурулуп, учурда дүйнө жүзүндө орчундуу болуп жаткан «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук үчүн мугалимдин лидерлиги: Планетанын келечеги үчүн мектептер жана системалар аркылуу окутуу процесин калыптандыруу» темасына өзгөчө көңүл бурулмакчы.

«Катышуучулар эң таасирдүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, айрым татаал маселелерди карап чыгышат жана бүгүнкү күндүн эң актуалдуу көйгөйү болгон — планетадагы климаттын өзгөрүшү жаатында келечегин чечүү жолдоруна өз салымын кошушмакчы», — деп айтылат маалыматта.