Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Ылаңдуу мал менен ыйманды кантип тазалайбыз?  

Илгери бил калемдеш агам базарда соода кылам деп банкрот болгон аялын «оборот кылам деп наборот кылды» деп күлдүрдү эле. Анын сыңарындай мен дагы апрель айында бир аз чогулткан тыйыныма торпок ала коём деп, ат-башылык шылуунга алданып, топого оонатылгандай болдум.  Бирок, буга чейин мал, эт менен иштегендер, бирин-экин мал-кел кылам дегендер мал сатып алса, анысы эки-үч күн өтпөй өлүп калып чоң чыгымга учураганын көп эле көргөм. Андай учурда ветеринарлар да, мал ээси да ийин куушуруп туруп берсе, милиция да алдамчы, шылуундарга эч кандай чара көрө албай, арыз ээсин жемелеп тим болору турмуш чындыгы. Андыктан, элге, ветеринарларга, милиция кызматкерлерине сабак болсун үчүн “эсил кайран торпоктун” окуясын элге толук баяндайын. Бул макаланын аркасы менен ылаңдуу мал сатуу азайып, алдамчыларды ооздуктоо, ветеринария тармагын реформалоо башталып калар деген үмүт бар. 

Кубантып, анан кубарткан Кубан

Ат-Башыда чоңоюп мал киндиктүү болгондуктан күз, кыш бир аз үйгө кой алып бага койчумун. Мал кармаган тааныштарым “Койдон көрө уй жакшы экен. Жазында 1,5 жаш торпоктордон алып жайлоого кетирип жиберсең күзүндө күлтүйүп семирип келет” деп туруп алышты. Кабыргам менен кеңешип, үйдөгү төрт-беш коюбузду сатып, бир аз насыя алып өзүм туулуп өскөн Ат-Башы мал базарынан торпок алып, ошол жактын жайлоосуна чыгармай болдук. Таң ата электе райондогу “Дордой” мал базарына түшүп торпокторду карай баштадым. Тимеле биринен-бири жакшы көрүнөт. Торпокторду ээси мактаса жанына чыдап тура албайсың. Кайним менен иним үчөөбүз түшкө чейин кыдырып жүрүп бир ургаачы, бир эркек торпок алдык. Эркек торпоктун ээси, Кызыл-Туу айылынын тургуну Кубан Мустапаев тай букасын (идентификациялык номери 00052155334) мактап-жактап, куландан соо деп жатып 44 миң сомго берди. Малдын документин сурасак эпилдеген кожоюн жеке ветврач Элзар Шаршенбековдун мөөрү басылган, С7СР3 номерлүү №1а формасындагы ветеринардык күбөлүктү кармата салды. Буга чейин ушул базардан бир нече жолу кой алып бир-эки курдай оозум күйгөнүм менен бул жолу бети анардай тамылжыган ат-башылык иниме, ветеринардык күбөлүккө ишенип, 1,5 жаштагы тай буканы алып кеттик. Торпокторду кайниме жүктөп берип шаарга курсант болуп кайттым.

 

Эки күн өтүп “концерт” башталды. Торпоктун сол саны тарсайып шишип, баса албай калганын кайним видеого тартып салып жибериптир. Айлабыз кетип мал ээси Кубан Мустапаевге чалсам албайт (анда менин номерим бар эле). Митаамдык кылып башка номер менен байланышсам Кудай жалгап алып калды. Иштин чоо-жайын айтсак, ал малынын сопсоо экенин айтып, өзү ошол күнү менден алган акчага базардан жоор ат сатып алганын божурап сөздү башкага бурду. Ошентип торпокту айтсам, тоону саймедиреген ал аркы-беркини айтып кутулду.

Кайдыгерликпи же камаарабастыкпы?  

Айлам кетип шаардагы ветеринар жээнимен (айылдык ветеринарлар оозунун жели үчүн да акча сурашат) кеңеш алып баягы буканы бир-эки күн дарылаттык. Багы жокко дагы жок болуп Мустапаевдин “сопсоо” букасы бизди муңайткан боюнча “оо дүйнөгө” кете берди. Кызылдай 44 миң сомуман кол жууп (дарылатканына да бир топ акча кетти) калганыма ичим ачышкан жаным Кубанга башка номерден кайра чалдым. Буканын жайын айтып, “Жигитче келишели, 44 миң сом талаада жаткан жок. Оорулуу малыңды алдап мага сатыпсың. Эми Кудайдан коркуп жарымын төлөп бер” деп жумшак айттым. “Менин букам куландан соо болчусунан” жазбаган Кубан так секирип болбойт. Кыргызда “Жандан чыкпай малдан чыксын” деген жакшы накыл кеп бар. Көздү жуумп, башы көздөн садага дейин дедим. Бирок, буга чейин “Айыл Банктан” алган насыясына сатып алган малы өлүп калып сыздагандарды, Кудайдын каарынан коркпой оорукчан малды базарда Айга, Күнгө теңеп сатып жаткандарды, Бишкектеги ооруканалардагы шыкалган оорулууларды эстеп буга көз жумууга болбостугун ойлодум.

Шаршембиде жетекчимен суранып, таң атпай бейшемби күнү Ат-Башыга жөнөдүм. Районго түш ченде жетип, Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Үмөтаалы Саалаевге кирдим. Көрсө ал киши “Кыргыз Туусунун” мурдагы редактору Жедигер Саалаевдин агасы, бир чети аяш атам экен. Ага арыз-муңумду, датымды айтып, арыз жазып бердим. Бул боюнча иш жүргүзөрүн, мал ээсин алеки заматта эсине келтирүүнү убадалаган жетекчи, Казыбек айыл өкмөтүн караган Жаныбек Жакшылыков аттуу жаш ветврачка менин ишимди катуу дайындап, кечке чейин жооп беришерин убада кылышты. Баарынан кызыгы, “Жергиликтүү ветврачтар текшербей этпей оорулуу малга ушундай күбөлүк жазып бере береби?” деген суроомо Ү.Саалаев “Ветврач ар бир малды текшерип отурбайт да. Ал сыртынан карап туруп кебетеси жакшы болсо №1а формасындагы күбөлүктү бере берет” деген жооп узатты. Анда айылдык ветврачтардын, дегеле КРнын Ветеринардык кызматынын бизге зарылчылыгы канча?! Мал сатып алып жаткан адам менчилеп ошол ветврач берген күбөлүккө ишенип күйүп отурбайбы! Андай болсо ондогон жугуштуу мал ооруларын, алардын жайылтпоо кооопсуздугун ким көзөмөлдөйт?! Мына, кыргыздын кайдыгерлиги, камаарабастыгы!

Ат-Башы РИИБиндеги аура 

Кантсе да бул алдамчылык эмеспи деген ойдо ал күнү Ат-Башы РИИБине кирип, жетекчиси Жолдошбек Сейдиновго көйгөйүмдү айттым. Ал дароо орун басарына дайындап, ал менин ишимди милиция кызматкери Умар Турсуниязовго табыштап, ал менин арызымды кабыл алды. Ал жакын арада бул боюнча экспертиза жүргүзүлүп, жообу берилерин билдирди. Тергөөчүнүн кабыл алуусун күтүп турсам РИИБдин айрым кызматкерлери “Мал эмес адам деле өлүп калып жатпайбы”, “Арыз жазган күнү деле бекер убакытыңыз кетет”, “Акыры барып бул жарандык ишке өтүп, аягына да чыкпай калат”, “Бул жерде эч кандай кылмыш жок экен” деп алдын ала чечим чыгарып, акыл айтканга да үлгүрүштү. Тергөөчү айым эки өзбектин сурагынан колу бошобогондуктан жана кеч кирип бара жаткандыктан арыз боюнча сурак бербей, талонун да албай шаарга сапар тартууга туура келди. Бирок, арыз РИИБде калды. Азырынча менин арызым боюнча териштирүү жүрүп, жакшы жыйынтык чыгат деген ишеним бар. А калганын убакыт көрсөтөр. Борборго келгенде бул боюнча ИИМдин маалымат кызматына да кабарлап, арыз боюнча ишти көзөмөлгө алууну өтүндүм.

Алдамай жашоо аңга тыгат

Тиричиликтин айынан буга чейин Ат-Башы, Токмок, Пригородный мал базарларында көп болгом. Андыктан мал базардын ички ашканасын да жакшы билем. Көпчүлүк мал базарларда бир топ жылдан бери иштеген ортомчулар бар. Алардын максаты эптеп пайда табуу. Ошол себептен алар малдын оорулуу, оорулуу эмес экенине деле анчейин маани бербейт. Алар сатып алган малын ошол күнү эле бир аз акча кошуп кайра “түртөт”. Өтпөй калганын кийинки базарда алып чыгат. Ошентип колдон колго өтүп отуруп акыры оорулуу мал бирөөнүн колуна тиет. Өкүнүчтүүсү, ооруп өлгөн мал район, облус борборлорунда, шаар жерлеринде болсо этке, колбаса цехтерине арзан сатылып, иштелип кетет. Бул баарыбызга айдан ачык болсо да карапайым эл, коом буга отуз жылдан бери кайдыгер карап келе жатабыз. Жогорудагы менин окуямда да кашкайган кайдыгерлик жатат. Элестүү айтканда, ооруган малды жашырып, алдап сатуу менен бүгүнкү күндө кыргыздар кыргыздарга тирүүлөй көр казып жатабыз десек болот. Буга балдары, неберелери шаарда жашаган айыл аксакалдарынын да көз жумуп жатышы таң калтырат. Мындай кайдыгерликтен, дүнүйөкорлуктан улам Кыргызстанда акыркы жылдарда онкологиялык, жугуштуу оорулар күч алып, боор, бөйрөк, ички органдар оорулары көбөйүп жатканын баарыбыз билип, көрүп турабыз. Тилекке каршы, жер-жерлерде бүгүнкү күндө да ветеринардык жагдай “көзүм көрбөсө, артымды бөрү жесин” акыбалда турат. Андыктан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги өлкөнүн ветеринардык тармагын түп тамырынан бери өзгөртүп, мал ээсинин, айылдык ветеринардын жоопкерчилигин күчөткөн реформа жасашы керек. Бул ишке ашпаса жакын арада мал базарларга кирген оорулуу малдарды азайтуу эч мүмкүн эмес.

Министрлик демекчи, борборго келгендин эртеси, 26-апрелде жогоруда болгон окуя боюнча министрликке караштуу Ветеринардык кызматтын жетекчиси Улугбек Кожобергеновго жолугуп, арыз таштадым. Ал бул боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлүп, туура төрт күндө жооп берилерин убада кылды. Аталган кызматтын жообу келсе, алардын кандай иш жүргүзүп жатканы анык болот.

100 жыл болгон ветеринариянын жүзү

 Райондук ветеринария башкармалыгынан мен Кубан Мустапаев саткан торпок буга чейин кандай вакциналарды алганы боюнча маалымат берүүнү талап кылгам. Мен барганда Казыбек айыл өкмөтүнүн ветадиси Жаныбек  Жакшылыков Кубан Мустапаев малына карасанга каршы вакцина албагандыгын айткан. Тиешелүү жерлерге арыз жолдонуп, бул иш борборго чейин маалым болгондон кийин Жаныбек Жакшылыков баштапкы сөзүнөн кайтып, Кубан Мустапаев малына бардык жугуштуу ооруларга каршы вакцина алып келгендигин билдирди. Ага чейин мал ээси өзү торпогу шарпка каршы эмделбегенин айткан болчу. Анда биз кимисине ишенебиз?

Бул жерден айыл жеринде мал ээлери да, жергиликтүү ветеринарлар да малдын жугуштуу ылаңдары айыл эле эмес, бүтүндөй улут саламаттыгына канчалык кооптуу экенине маани беришпегени ачык көрүнүп турат. Мындай жүр нары мамиле, шалаакылык жүздөгөн адамдардын өмүрүнө тобокел жаратып жатканы айтпасак да түшүнүктүү. Кыскасы, бул менин башыман өткөн бир гана учур. А чындап анализдей келсе Кыргызстан боюнча мындай жагдайлар жүздөп, миңдеп саналары турган иш. Жеке эле Ат-Башы мал базары эмес Кочкор, Токмок, Сокулук, Пригородный жана башка түштүк региондордогу ири мал базарларда учурда кандай малдар сатылып, этке союлуп жатканын бир Кудай билбесе, эч ким билбейт. Өкүнүчтүүсү, азырынча бул багытта  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги максаттуу иш кылып жатканын байкай элекпиз. Эгер бул боюнча иш жүргүзүлсө меникиндей окуяларга дароо реакция кылынып, тиешелүү адамдар мыйзам чегинде жоопко тартылмак. Тилекке каршы, учурда “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” акыбал.

Баса, быйыл кыргыз ветеринария тармагына да 100 жыл болуп жатыптыр. Ошол 100 жыл ичинде бул тармак кандай “ийгиликтерге” жетишти болду экен? Ошол да бизге кызык болуп турат. Кези келгенде бул тууралуу да жазарбыз.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”    

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар