Воскресенье, 19 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Аймактык реформанын артка кайткыс арымы

Өлкөнүн айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа жүрүп жатат.
Адеп аймактык реформа тууралуу сөз болгондо, ар кандай суроолор пайда болуп, атүгүл айрымдар кыжалат ойлорун айтып чыгышкан. Бирок, түпкүлүгүндө административдик-аймактык реформа зарылдыгы эч кимди күмөн калтырган эмес. Кеп ал кандайча ишке ашат, кезектеги реформалык кампанияга айланып, чалагайым
болуп калбайбы деген өңдүү арсар ойлор бар болчу.
Кыргызстан чакан мамлекет болгон соң, бизге ашыкча министрликтер, комитеттер, агенттиктер гана эмес, ашыкча айыл аймактары да зарыл эмес. Бул биринчиден, ашыкча чыгым, экинчиден, арабанын бешинчи дөңгөлөгүндөй эле нерсе.
Ушул өңүттөн алганда, административдик-аймактык реформанын негизги максаты ачык-айкын. Ал региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруу-да түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоого багытталган.
Себеби, өлкөнүн учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт деңгээлдүү — республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактык, шаардык системасына негизделген. Өлкө чакан болгонуна карабастан, административдик-аймактык бирдиктери 7 облус, 40 район, 32 шаар, анын ичинде 2 республикалык маа-нидеги шаар жана 452 айыл аймагынан тургандыктан, башкарууга абдан ийкемсиз болгон. Ошондон улам, соңку 30 жыл аралыгында башкаруунун төрт деңгээлдүү системасынын экөө ашыкча, жок дегенде эле облустарды же райондорду жоюш керек деген ойлор айтыла келген.
Азырынча, административдик-аймактык реформанын бул этабында айыл аймактары ирилештирип жатат, мунун өзү же райондорду, же облустарды жоюуга карата даярдыктар катары карасак болот. Административдик-аймактык реформага чейин Талас облусунун бир эле районунда, алсак Талас районунда 12-13 айыл аймагы болсо, реформадан кийин алардын саны бешке кыскарып, Талас облусунун аймагында бардыгы болуп, 16 айыл аймагы калган. Демек, мунун өзү өз кезегинде реформанын экинчи этабында райондорду кыскартып, облусту эле калтырса болорунан кабарлап турат.
Расмий маалыматтарга таянсак,
республика боюнча 452 айыл аймагынан 62 айыл аймагы бир гана айылдан турат жана ал айылдарда калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин түзөт. Ошол эле учурда өлкөнүн калк жыш жайгашкан аймактарында он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары бар. Мына ушунун өзү бир мезгилдерде административдик-аймактык бөлүштүрүү чалагайым, үстүрт болуп калгандыгынан кабарлап
турат.
Административдик-аймактык реформа демекчи, аны ишке ашырууда көп нерселер эске алынган, тактап айтканда, реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында бошогон муниципалдык кызматчыларды ишке орноштуруу, компенсацияларды төлөө жана кайра даярдоо каралган. Ошондой эле шаарлардын жана бириктирилген
айыл аймактарынын курамына киргизилген
айыл аймактарынын, калктуу конуштарынын депутаттарынын статусу алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин сактала турганы белгиленген. Айталы, административдик-аймактык реформанын натыйжасында Ош шаарынын калкынын саны 361 миң 300 адамдан 454 миң 858 адамга жетип, Ош шаардык кеңешинин курамы 2,6 эсеге көбөйдү. Мурда шаардык кеңештин курамында 45 депутат болсо, азыр 117 депутат болуп калды.
Ош шаарына Кызыл-Кыштак айыл аймагы (калкынын саны – 42 миң 207, мандаттарынын саны – 31); Төлөйкөн айыл аймагы (калкынын саны – 32 миң 256, мандаттарынын саны – 31); Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик айылдары (калкынын саны – 12 миң 877, мандаттарынын саны – 7); Шарк айыл аймагынын Имам-Ата айылы (калкынын саны – 5 миң 209, мандаттарынын саны – 3); Папан айыл аймагынын Ак-Буура 1, 2, 3 жана 4 айылдары (калкынын саны – 1 миң 833) кошулду. 20-мартта Ош шаарына кошулган Кара-Суу районунун айыл аймактарынын депутаттарынын катышуусунда Ош шаардык кеңешинин жаңыланган курамынын сессиясы болуп өттү.
Март айында Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, анда президенттин административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө жарлыгынын аткарылышы каралды.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарына Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактары, Кара-Жыгач айыл аймагынын «Анар-Бак» конушу, № 544, № 545, № 552 контурлары, Ак-Дөбө айыл аймагынын «Алтын-Казык» конушу, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата», «Адилет» конуштары, андан тышкары, Сокулук районунун Орок, Новопавловка айыл аймактары, Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру кошулду.
Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары Бишкек шаарынын Ленин районуна, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы, Кара-Жыгач айыл аймагынын «Анар-Бак» конушу, №544, №545, №552 контурлары Октябрь районуна, Аламүдүн районунун Маевка, Пригород
айыл аймактары, Ак-Дөбө айыл аймагынын «Алтын-Казык» конушу, Сокулук райо-
нунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру Биринчи Май районуна, Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» конуштары Свердлов админис-трациялык районуна карап калды. Мурда Бишкек шаарында 45 депутат болсо, жаңы курамда Бишкек шаардык кеңешинде 235 депутат иш алып бармакчы.
Республика боюнча жергиликтүү кеңештердин саны 484төн 268ге кыскарган. Бирок, шайланган депутаттар мөөнөтүнүн аягына чейин өз милдеттерин аткара беришет.
Аймактык реформанын артка кайткыс-тыгы анын келечектүүлүгүнөн кабарлап турат. Арабанын бешинчи дөңгөлөгүнө окшогон артыкбаш нерселерден арылуунун убагы капкачан эле келген.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар