Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Күйүүчү май тартыштыгы болбойт

Мамлекет 6 миллион литр күйүүчү майга акча бөлүп, ал жеңилдетилген баада дыйкандарга таратылып жатат. Быйыл талаа иштерине жалпы 25 млн. литр май керектелет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Муктар Чыналиевдин айтымы боюнча, быйыл өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы болбойт.
«Биз жылына Нефтрейдерлер ассоциациясы менен келишим түзөбүз. Алар региондорго жетиштүү көлөмдө күйүүчү майды үзгүлтүксүз ташууга милдеттеме алат. Муну менен катар бааны түшүрүү максатында жылына арзандатылган майды Материалдык резервдер фонду аркылуу таратабыз. Биз акчасын бөлүп операторун тандап беребиз. Ал эми жергиликтүү бийлик калктын аялуу катмарына бөлүштүрүү милдетин алган. Учурда 6 миллион литр күйүүчү майдын акчасы бөлүнүп, таратылып жатат. Дыйкандар мында 65 сомдон алышууда. Негизи Казакстан менен чектеш аймакта көчөдө саткандар аркылуу андан арзан алып калган учурлар да бар. Ушул райондордо биздин майларга суроо-талап аз болуп калат. Талаа иштерине керектелүүчү жалпы 25 миллион литр күйүүчү майдын 6 миллионун жеңилдетилген баа менен камсыздоого аракет кылабыз. Мындан тышкары, дыйкандарга арналган жеңилдетилген насыялар да бар. Россия өкмөтү да жылына бизге күйүүчү майды жеңилдетилген баада сатат», — дейт М. Чыналиев.
Ал учурда айдоо жерлеринин 80 пайызы дыйканчылык иштерине даяр экенин кошумчалады.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар