Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

КР эл жазуучусу, драматург жана сынчы Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: “Биздин тилибиздин уюткусу айылда”

– Жаныш агай, өткөн жумада Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан Шакиев балдардын тили орус тилинде чыгып жатканын айтып, алар көргөн мульт-фильмдерди кыргызчалаш керек деди. Сиз бул пикирди кандай кабыл алдыңыз?
– Биринчиден Төраганын улуттун тили үчүн, анын келечеги үчүн тынчсызданып жатканын түшүнүүгө болот. Анткени, ар бир эл биринчи кезекте өзүнүн тили менен, маданияты менен өзүн сактап кала алат. ªзгөчө азыркыдай глобалдашып жаткан мезгилде. Мен Төраганын пикирин ушул позицияда кабыл алдым.
– Кичинекей балдардын бардыгынын тили орусча чыгып жатат дегенге кошуласызбы?
– Кыргыздын балдарынын тили орусча чыгып атат деп айтканыбыз менимче объективдүү болбой калат. Ооба шаардыктарда, шаардыкташкан калктарда тилдери орусча чыгып атышы мүмкүн. Ал эми айыл жергесинде тили кыргызча эле чыгып атат го дейм. Шаарга окууга келип жаткан балдардын кєпчүлүгү орусча жакшы билишпейт. Орусча адабияттарды, орусча тексттерди берсең, көп учурда түшүнбөй жатканын, кыйналып жаткандарын сезүүгө болот. Ошон үчүн бул жагынан алганда жалпы кичинекей балдардын тили орусча чыгып атат деп айтыш кыйын. Болжолдуу түрдө айтканда, шаарда калкыбыздын 40 пайызы жашаса, калган 60 пайызы айылда жашайт. Биздин тилибиздин уюткусу айылда.
– Сиздин оюңузча, мульт-фильмдерди кыргызчалоо менен тилди өнүктүрүү, өстүрүү канчалык эффективдүү боло алат?
– Биз мындан 15-16 жыл мурун 600 сериядан турган “Керемет көч” деген атайын долбоор жасаганбыз. Бул окутуучу долбоор болгон. Аны айылдын дагы, шаардын дагы балдары аябагандай кунт коюп көрүшкөн. Ошондон кийин бизде Актан, Акылай деген аттардын көбөйүп кеткенин байкалган. Мына ушул сыяктуу кыргыз элинин кыйырына чейин тарай турган, массалуу, анимациялуу фильм жаратууга кудуретибиз жетсе, кандайдыр бир деңгээлде биздин кыргыз балдарынын тилининин кыргызча калыптанышына таасирин тийгизиши мүмкүн.
– Эгер көп көрүлгөн мультфильмдерди которула турган болсо канча убакыт, канча каражат талап кылынышы мүмкүн?
– Котормого анча деле чоң каражаттар талап кылынбайт. Аны колго алууга болот деп ойлойм. Бирок, маселе ошол котормолор кыргыздын жатык тили менен болуш керек. Келегей котормо болбош керек. А бизде дайыма келегей котормолор орун алат. Аны менен биз тилди калыптандырмак турсун кайра бузабыз. Ошондуктан, биз бул жерде котормочулукка өтө кылдаттык менен мамиле кылышыбыз зарыл. Анүчүн сынак жарыялап, колунан келе турган, кыргыздын жатык тили менен которуп бере ала турган котормочулардын колуна беришибиз шарт.
– Бирок, балдар кайсы тилдеги мультфильмдерди көрөт өздөрү тандайт да?
– Албетте, биз жалаң гана кыргызча көргүлө, орус тилиндеги видеолорду көрбөгүлө дей албайбыз. Орус тилине тыюу салууга болбойт. Орус тил биздин расмий тилибиз биринчиден. Экинчиден, биз мурдагы Советтер сою-зунан калган мамлекет катары көп улуттуу өлкөбүз. Көп улуттуу өлкө болгондон кийин конституциябызга ылайык, ар бир улуттун билим алууга, өз тилинде сүйлөөгө болгон укугун сакташыбыз керек.
– Дегеле тилибизди кантип өнүктүрүп, өстүрүп, сактап калуунун дагы башка заманбап жолдору бар деп ойлойсуз?
– Азыр компьютердик оюндар бар, билебиз. Аларга өспүрүм балдар аябагандай кызыгышат. Мүмкүнчүлүк болсо өзүбүздүн тилибиздеги мыкты компьютердик оюндарды түзүп чыксак. Мен жакында эле бир маалымат окуп калдым. Американын бир штатында кыргыз жигит «Манас» боюнча компьютердик оюн түзө баштаптыр. Кыргызча, кыргыздын нукура тилинде, эпостун тилиндеги компьютердик оюнду түзүп, ошону популярдуу кылып жайылта алсак, бул дагы тилдин өнүгүшүнө аябай чоң таасир бермек. Ушул жагын колго алышыбыз абзел. Андан сырткары, кыргыз тилиндеги комикстерди жаратсак болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар