Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

БАЛДАР жана БИЗ

Жыл өткөн сайын балдарга карата кылмыштын көбөйүп жатышы акыл-эси бар ар бир адамды ойлонтсо керек. Былтыр эле мындай мүнөздөгү жасалган кылмыштын саны 363кө жетиптир. Ал эми, өз жанын кыюуну айтуудан да коркобуз. Бул окуялар ошол үй-бүлөлөрдүн эле кайгысы эмес, бул баарыбыздын трагедиябыз.

Биздин балдар эмнеге мындай жолду тандап жатышат? Аларга эмне керек? Аларга эмне жетпейт? Алар эмнеге нааразы? Ошол суроонун баарына жооп берчү – биз, баарыбыз. А биз эмне деп жооп беришти билбейбиз. Кызыкпайбыз. Биздин өзүбүздүн жашоо бар. Бизди балдарыбызга караганда байлык, бийлик, саясат, алыш-бериш, той-топур тууралуу ойлор көбүрөөк кызыктырат. Ал эми жетишпеген жашоого шылтай турган болсок, бизге Кудай берип салат, Акаевден баштап азыркы бийликке чейин жүздөгөн күнөөлүүлөр чыгат, чыга
берет…
Чындап келсе, балдар азыр бизден алдыга кетишти. Ой жүгүртүүсү, аалам таануусу боюнча бизден ат чабым алдыда. Алар бул жерде олтуруп алып, океандын ары жагындагы жашоого көз чаптырат. Алардын турмушун дилине сиңирип, кооз жашоого кызыгышат. А биз — чоң кишилер алар менен сүйлөшүп, бул жашоодо бар менен жоктун маңызын, илгерки ата баба баскан жолду, бир ууч талканга сатылган эжелерибиз тууралуу, өздөрү ачка болсо да, согуш талаасына акыркы нанын жиберген апаларыбыз тууралуу айтып бербейбиз.
ИИМдин Жаш өспїрїмдөр менен иштөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова Жаш өспїрїмдөрдїн кылмыш жолуна баруусунун негизги себеби – эне-ата менен баланын баарлашуусунун жоктугу деп билдирди. Туура айтат. Биз балдар менен сїйлөшпөйбїз, сырдашпайбыз, аларды унутуп койдук.
Жөн эле мисал, маршруткада баратып байкасаңар, кичинекей балдардын китепке толгон сумкасын кармап алайын деген адам барбы? Олтурабыз, такси менен бараткандай. Балдарга үлгү боло албай жатабыз, өзүмчүлбүз. Бала кезде бизге кандай мамиле жасашчу эле? Айылда алдыңан чыккан киши кимдин баласы экениңди сурап, кагылып, согулуп жалынчу.
Ал эми бизге бирибиз теңирчи, бирибиз исламчы, дагы бирибиз баптист болуп, эки-экиден урушуп, ит жебеген кыкты жеген жагат жана ыңгайлуу. Такыр болбой калса, саясатчыларды бөлүп алабыз, “меники”, “сеники” деп. Жакшылап ойлонсоңор, бүгүн биз кайсы темаларды көп талкуулайбыз? Эмнени көп окуйбуз? Сасыган саясатты. Демек, биз ошол жашоого татыктуубуз. Жаман жери, ошол жашоодо биздин балдар биз менен кошо жашап жатат. Аларда эмне күнөө?
ЖКда балдардын тамактануусу боюнча маселе талкууланып, каражат бөлбөй эле коелу, аны “жеп коюшат” экен, баары бир деп да чыгышты. Ары тартып, бери тартып жатып акыры Кудай жалгап балдарыбыз тамак ичмей болду окшойт. Деги эле, биз көп учурда балдардын ден-соолугу, коопсуздугу, тарбиясы, үй -бүлө институту деген маселени унутуп калып жатабыз. Чындыгында булар негизги болушу керек эле. Он мектеп сал, жүздү сал, кеп анда эмес. Алар бир күнү эскирет, урайт. Кептин төркүнү андан кандай балдар тарбия алып чыгып жатат, ошондо. Алар биздин муун.
Окуучулардын ден-соолугу – келечектеги муундарыбыздын ден-соолугу. Алардын тарбиясы- болочок мамлекетибиз, улутубуз.
Бир жолу айтылуу жазуучу Аман Саспаев агабыз менен сүйлөшүп олтурсам, «Бир жылдары Кытайда жаштар, балдар майдаланып кетти, бойлору кичине, алсыз болуп калышты. Ошондо кытайлар иликтеп, канткенде бюджеттик жактан ыңгайлуу жана эффективдүү чечүү жолун табабыз деп, кенже класстын балдарына сүт берген.
Мына ошондо бир нече жылда сүт ичкен балдардын бойлору өсүп, өзгөрүү болгон. Ошондон кийин бүтүндөй бир муундар оңолгон», – деп айтты эле. Муну айтып жатканым, балдардын тамактануусуна жакшы көңүл бөлөлү. Ал эми тарбия жагы андан чоң маселе.
Азыр автоунаадан көп нерсе жок. Кабат-кабат үйлөр салынып жатат. Той берип, ал тургай каза болгон кишини той бергендей дас-
торкон жайып узатып жатабыз. Арийне, биз ошо менен бактылуу болуп кеттикпи? Жок. Себеби, биздин каалообуз чексиз. Биз дагы көп нерсени самайбыз.
Азыр биздин коомдо баланы уруп-согуп, өз билгенин жасап, зордуктап, өлтүрүп салгандар көбөйдү. Жүрөк үшүн алган ушундай кылык-жорукка “адамдар” эмнеге барып жатышат? Аларды айбан жасабаган ишти жасоого, маңкурттукка, мыкаа-
чылыкка, көк мээликке ким же эмне түртүп жатат? Балдардын алсыздыгынан, аруулугунан пайдаланып, ар түрдүү жийиркеничтүү жана эч убакта кечирүүгө болбогон иштерди адам баласы эмнеге жасайт? Аларга – өлүм! – деп бир эмес, миң ирет айткың
келет.
Ушунун баарын карап туруп чын эле адамдар кайда бара жатабыз деп сурап бүтпөйсүң. Буга себепкер жетишпеген жашоо дейли десек, “ачкадан өлүптүр” дегенди уга элекмин. Бул жерде негизги көйгөй напсинин бузулушу, адамдардын басымдуу бөлүгү кантип “гүл турмушта” жашайм деп стресске, депрессияга кабылып жатканыбы деп коем. Анан гүл турмушка умтулган ата-энелер балдарды экинчи планга калтырган. Руханий байлыктын жетишсиздигинен, адамдардын нравасынын бузулушунан, ички агрессиянын, ички конфликтин өсүп кетишинен, мамлекет тарабынан улуттук идеологиянын жакшы жүргүзүлбөй келгенинен, телефондон пайдалуу маалымат албай, кайдагы бир булганыч нерселерди көргөндөн кейиш-
түү окуянын баары болуп жатат.
ªтө өкүнүчтүүсү, азыр балдарга карата жасалган зомбулук чоо-
чун адамдар тарабынан эмес, жакын туугандары аркылуу жасалууда. Жакын тууган ким болуп кетиптир, өзү жашоо берген энеси тарабынан эки баланын бирдей мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн, канынан жаралган чүрпөсүн зордуктап койгон атанын окуясын угуп туруп жүрөк титирейт. Биз балдарды өз ата-энесинен коргошубуз керек деген маселе көтөрүп жатканыбыз – биздин тунгуюкка камалып калганыбыздын далили эмей эмне? Бул кандай өкүнүчтүү жана коркунучтуу.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар