Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Калк саламаттыгын кантип чыңдайбыз?

Кыргызда “Сактанганды Кудай сактайт”, “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» деген накыл кептер бар. Муну айтканым, жыл өткөн сайын Кыргызстанда боор, бөйрөк, ашказан ооруларынан жана рак илдеттеринен көз жумгандардын саны арбып барат. ªкүнүчтүүсү, 30 жылдан бери бул илдеттерди азайтуу, алардын алдын алуу маселелери байма-бай көтөрүлгөнү менен ушул күнгө чейин андан майнаптуу жыйынтык чыкпай келет. Адам өмүрүн алган оорулардын көбөйүшү далай үй-бүлөнү сызга отургузуп, ал тургай мамлекетти олуттуу чыгашага кириптер кылып, улуттук генофонддун келечегине коркунуч жаратууда. Андыктан бул маселе боюнча мамлекетте атайын тегерек үстөлдөр уюшулуп, адистердин, эксперттердин, окумуштуулардын катышуусу менен биргеликте улуттун, элдин саламаттыгын чыңдоо боюнча максаттуу программа иштелип чыгып, анын ишке ашырылышы тыкыр көзөмөлгө алынышы керек. Бул азыртадан колго алынбаса, кийин Кыргызстан азыркыдан да оор жагдайга кептелип калышы толук ыктымал.

 

Саламаттык сактоо министрлигин ойлонтчу сандар

Медициналык жардамдарды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраеванын ЖМКларга билдиришинче, ушул тапта 2 654 адам гемодиализ алат. Алардын ар бири жумасына 3 жолудан алганда бир адамга жылына 1 млн. сомдой каражат жумшалат экен. Буга улай ал “жасалма бөйрөккө” өтүп жаткандардын саны жылыга 200дөй адамга көбөйүп жатканын жана учурда гемодиализ алып жаткандардын 50 пайы-
зында кант диабети бар экенин айтат. Ошондо бул адамдардын гемодиализине болжол менен жылыга 2 млрд. 654 млн. сом жумшалат. Бул чакан мамлекет үчүн оңой сумма эмес. Ошол себептен учурда Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализде отургандардын ичинен операция кылууга боло тургандарынын бөйрөктөрүн алмаштыруу жагын караштырып жатат. Н.Ибраеванын айтымында, бөйрөк алмаштыруу азыр 620 миң сомду түзөт. Мындан сырткары азыр Кыргызстанда сырттан органдарын алмаштырып келген 2 миңден ашык адам бар. Аларга да ар бир үй-бүлөлүк бюджеттен, мамлекеттик казынадан, сырттан келген акчалардан эбегейсиз каражаттар жумшалып
жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жылыга 5,5 миң кыргызстандыктан рак оорусу чыгат. Ошондо күн сайын 15 адамдан жаман оорунун белгилери табылып жатат. Алардын көбү дарыгерлерге өтө кеч кайрылышкандыктан орулуулардын 55 пайызы диагноз коюлгандан бир жыл өтпөй бул дүйнө менен кош айтышат. Айрыкча акыркы 5-10 жылда эркектерде ашказан, тери рагы, аялдарда эмчек, жатын рагы көбөйгөн. Кекиртектин, өпкөнүн, онкологиялык оорулары күч алганы да байма-бай айтылып жатат. Дарыгерлер мурда улуу курактагыларда кездешүүчү инфаркт, инсульт, муун оорулары өңдүү илдеттер жашарып бара жатканына коңгуроо кагышууда.

Акыбалыбыз өтө аянычтуу

Албетте, мындай көрүнүшкө ар кандай факторлор себепкер экени талашсыз. Бирок, оорунун алдын алууга, профилактикалык иштерге терең маани берилбегендиктен түрдүү оорулар чыгып жатканын моюнубузга алышыбыз керек. Кыргыз-орус славян университетинин онкология кафедрасынын башчысы Закир Камарлинин билдиришинче, адамдарды катаал оорулардан сактоонун бирден бир жолу – профилактикалык чараларды күчөтүп, илдеттерди эрте аныктоо. Эл аралык жогорку медициналык мектептин ректору Сталбек Ахунбаев да ушул ойго толук кошулат. “Тилекке каршы, саламаттык сактоо тармагына реформа жүргүзүүдө профилактика менен ооруну эрте аныктоо экинчи планга калып жатат” дейт ал. Ал эми “Баарыбыз биргеликте ракка каршы” коомдук уюмунун башчысы Гүлмира Абдразакованын айтымында, профилактика жүргүзүү Кыргызстандын ички иши экенине карабай аны ар кандай уюмдар жүргүзүп жатканы таптакыр туура эмес. “Профилактика боюнча мамлекеттик программага акча бөлүнбөйт жана ага аракет кылгандар деле аз. Акча бөлүнгөн күнү дагы анын биринчи, экинчи этабында адамдарды эптеп-септеп медициналык кароодон өткөрүмүш болушат. А кийинки этаптары бизнеске айланып кетет. Анан бизде диагноз коюу жагы да өтө көйгөйлүү маселе. Жеке менчик клиникаларда диагноз коюу 5-7 миң сомдон жогору жана алар акчасы барларга диагноз коюп беришет. Каражаты жоктор оорусу күчөп кеткенде гана аргасыз мамлекеттик ооруканага кайрылып жатышат. Рак оорусу аныкталган күнү деле онкологиялык борбордо оорулууларга керектүү препараттар өз убагында табылбайт. Ошол эле кезде мыйзамга дарыларды каттоосуз сатып алуу боюнча өзгөртүү киргизилгени дары-дармектердин сапатына эч ким жооп бербей калды”, – дейт Г.Абдыразакова.

Саламаттыгыбызга алгач өзүбүз жоопкербиз

Ооруну алдын алуу демекчи, өлкөбүздө оорунун көбөйүшүнө ар бир кыргызстандык “салым” кошуп жатканы да ачуу чындык. Муну айтканыбыз, азыр бизде эмне көп, аш-той, ашкана, чайхана, кафе, тойкана көп. Катардагы окуучулардан тартып орто муундагылар, ал тургай аксакалдарыбыз ошондой тамактануучу жайлардан курсак тойгузганга ыктап алышты. Жалкоолукпу же мактанычпы, айтор, үйдөн өз колу менен табигый таза тамак жасагысы келгендер азайып баратат. Айрым чыгаан журналисттер, блогерлер, ал тургай катардагы эле активисттер Кыргызстандагы тамактануучу жайлардагы антисанитарияны көзгө сайып көрсөтүп жатышса да туулган күн, майрамдар, үй-бүлөлүк чакан иш-чаралар кафе, ресторандарда өткөрүлүп калды. Албетте, кимдин кандай эс алары өз эрки, бирок, биз бүгүнкү күндө санитардык нормалар сакталбаган тамактануучу жайларда тамактануу менен бирге ар кандай ооруларды да кызылдай акчага “сатып алып” жатабыз. Себеби, биринчиден, кафе, ресторан, чайканаларда зыянсыз тамак жасалып жатканына эч кандай кепилдик жок. Экинчиден, азыр идиш-аяктарды жууганда химиялык каражаттар көп колдонулат. Биз колдонуп жаткан “Мила”, “Фейри”, “Ашкан” сыяктуу идиш-аяк жуучу каражаттар, тынымсыз ичип жаткан ар кандай энергетикалык суусундуктар, “Кока-Кола” өңдүү газдалган суусундуктар ондогон ооруларды пайда кылары айтылып, тастыкталып жатат. Бирок, буларга болгон муктаждык азайган жок. ªлкөбүздүн район, облус борборлорунда, шаарларда суши, пицца, гамбургер, шаурма, хот-дог сыяктуу тез татымдар кеңири жайылып, айрым учурда мындай тамактардан уулануулар да болду. Тилекке каршы, анын курамында эмне бар экенин аңдабай эле жаштар мындай тез татымдарды колго тийген жерден жеп жатышат. Мындай тамактарга болсо бышпаган же чала бышкан азыктар, ар кандай спецификалык-химиялык кошулмалар көп кошуларын окуучу деле жакшы түшүнөт. Ошентсе да негедир кыргызстандыктар буларды басымдуу колдонуп келе жатабыз. Мындан сырткары, кыргыздар ун азыктарын, майлуу, куурулган, туздуу тамактарды, түрдүү кошулмалары бар кондитердик азыктарды көп жейбиз. Ошонун кесепетинен учурда кыргызстандыктарда кант диабети, инсульт, инфаркт, рак оорулары көбөйүп жатканын адистер айтышууда. Ошондуктан ар бир жаран алгач өз саламаттыгына өзү кам көрүп, көп кыймылда болуп, зыяндуу тамак-аштарды азайтып, активдүү жашоо образына өтүшү керек. Өз саламаттыгыбызга убагында кам көрбөй жүрүп, оору өтүшүп кеткенде дарыгерлерди, ооруканаларды, мамлекетти бир беткей айыптай берүү чынында акылсыздык.

Эмне үчүн эки облуста оору көп?

Баса, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй, Нарын облусунда рак менен ооругандардын саны арбын. Бул региондордо 100 миң адамдын 80ге жакыны бул жаман илдеттен каза табат. Бул рес-публика боюнча орточо көрсөткүчтөн 1,5 эсе көп. Бул көрсөткүчтүн өзү көп нерсени айтып турат. Биринчиден, Нарын облусунда климат катаал болгондуктан жашылча жана мөмө- жемиш көп өспөйт. Ошол себептен Нарын облусунун элинин тамак рационун негизинен эт жана ун азыктары түзөт. Алыскы айылдарда балдар, адамдар жашылча, мөмө-жемиштерин өтө сейрек жешет. Анан, албетте, майлуу эт, ун азыктарын көп колдонгон организмде холестерин, кант жогору болуп ар кандай оорулардын күчөшүнө себепкер болууда. Ошол эле кезде азыр Нарын облусунда өспүрүмдөрдү, жаштарды кызыктыра турган спорттук мекемелер аз. Союз доорундагыдай спорттук мелдештер, оюндар да тез-тез өткөрүлбөйт. Айыл өкмөттөрүндө адамдарды алдын ала текшерип, туура, так диагноз коюп бере турган медициналык пункттар жокко эсе. Ал тургай бул облуста район борболорунда, облус борборунда эл талаптагыдай дарылана турган заманбап техника менен жабдылган оорукана курула элек. Мындан сырткары, аталган облуста ветеринария тармагы талапка жооп бербейт. Бул региондогу мал-жандыктар текши көзөмөлгө алынып, убагында дарыланбагандыктан карапайым эл малын өз билгениндей дарылап келе жатат. Элге түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн мал базарларга ар кандай оорулуу мал киргизилип жатканы жашыруун эмес. Андай мал айланып эле Чүй облусуна келип союлуп сатылып жатат. Анан, албетте, бул облустарда оорулар көп
болот да.
Чүй облусунда рак оорусунун көп болушунун бирден бир себеби — жумушсуздуктан улам ар башка облустардан Чүй облусуна келип отурукташкандардын арбындыгы. “Жыргаганыман жылкычы болупмунбу” дегендей, андай үй-бүлөлөрдүн көбү жаңы конуштарга отурукташып, туруктуу каттоосу жок болгондуктан өз убагында медициналык кароодон өтө алышпайт. ªкүнүчтүүсү, жергиликтүү ооруканалардагы, ФАПтардагы, ҮДТлардагы дарыгерлер каттоосу жок жарандарга орой мамиле кылышып, айрым учурда акча талап кылганга чейин барышат. Бул да калктын өз убагында дарыланышына терс таасирин тийгизип, оорулуулардын сакаюуга болгон үмүтүн жокко чыгарып жатат. Андыктан мамлекет жарандар кайсыл жерде болбосун биринчи медициналык кароодон бекер же кандайдыр бир жеңилдик менен өтүү шартын түзүшү керек.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар