Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Орловка шаарын көркүнө чыгарган “Жеңиш” паркы ачылды

Бүгүнкү күндө заманбап өнүгүү жолуна түшкөн Кемин районундагы Орловка шаары өзгөчө кеп кылууга арзыйт. Ооба, тоо койнунан орун алган бул шаардын абасы таза, жайда салкын, кышта жылуу, көчөлөрү көңүл көтөрөт. Шаардын өнүгүшүн биринчи орунга койгон мэр Бактыбек Чанчаров мырза мыкты жетекчи, чыгаан уюштургуч экендиги шаарга келген меймандарга дароо байкалат.
Өткөн жыл орловкалыктар үчүн ийгиликтүү жылдардан болду.Шаардын көчөлөрү жаңыланып, Президент Садыр Жапаровдун “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү ишке ашырууда көзгө толорлук иштер жасалды. Төмөндө, Орловка шаар мэриясынын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана 2024-жылга иш пландары жана милдеттери тууралуу кеп кылмакчыбыз.

– Жергиликтүү бюджеттин долбоору Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык мэрия тарабынан иштелип чыгып, Орловка шаардык кеңеши тарабынан жактырылган. Бул программа стратегиялык менеджменттин негизги куралы болуп, анын негизги максаты бюджеттик каражаттарды шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыттарына сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу.

Шаардыктар таза суу менен камсыз болушкан

Шаардык мэриянын алдында көптөгөн максаттар жана милдеттер турат, аларды өз учурунда чечүү керек. Эң маанилүү багыттарынын бири калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу болуп саналат. Экинчиден, ичүүчү таза суу резервуарын капиталдык оңдоодон өткөрдү.
Шаардын калкын ичүүчү жана сугат суусу менен өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу максатында мэрия Орловка шаардык кеңеши менен бирдикте системаны күтүүгө жана техникалык тейлөөгө каражат бөлүүнү биринчи кезектеги маселе катары карап, калкты таза суу жана канализация менен камсыз кылууну биринчи орунга койду.
Бүгүнкү күндө «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасы кадимки режимде иштеп, калкты ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле суу түтүктөрүн калыбына келтирүү (жарым-жартылай оңдоо) иштери, кудуктарды тейлөө жана оңдоо иштери колго алынган.
Жергиликтүү бюджеттен жылына Орловка суу каналына субсидия түрүндө 20 миллион сомдон ашык каржы каражаты бөлүнөт.
Кемин районунун өнүктүрүү фондунун каражатына скважиналардагы эскилиги жеткен аз кубаттуу насостор жаңы кубаттуу насосторго алмаштырылды. Ошондой эле, «Ассалам» кайрымдуулук фонду тарабынан муздак суу менен камсыз кылуу үчүн терең скважина насосу жана 1,5 чакырымдан ашык түтүктөр сатылып алынды, бул түтүктөр Фрунзе көчөсүнө орнотулду.

 

Калкты жылуулук менен камсыздоо иштери

2023-2024-жылдардын жылытуу мезгилине Орловка шаарынын калкын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу максатында ОПТС кызматкерлери №2 от казанын капиталдык оңдоодон өткөрүштү, ошондой эле Россия Федерациясындагы заводдон алып келип, №2 отканага жаңы отказан орнотушту.
Орловка шаарынын жылуулук менен жабдуу ишканасы борбордук жылуулук тармактарындагы эски жараксыз түтүктөрдү жаңы түтүктөргө алмаштырды.

 

Ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулат

Орловка шаарынын мэриясы жергиликтүү коомчулуктун социал-дык жана башка көйгөйлөрүн че-чүүдө Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта иш алып барат, ошондой эле менчигинин түрүнө карабас-
тан ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен тыгыз иштешишет.
Орловка шаарынын автожолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу максатында 2023-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджеттен 19372,4 миң сом суммасында каралып, Орловка шаарынын жолдорун капиталдык жана оңдоп-түзөө иштери 6 көчөдө жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, белгилерди орнотуу, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жана орто тилкелерди сырдоо боюнча иштер аткарылды.
Ошондой эле, кыш мезгилинде жолдордун иштешин камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка жолдор тазаланып, жаан жеп кеткен, оюлган жерлер толтурулду.
Мындан тышкары, шаардагы мурда орнотулган жарыктандырууларды тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлдү.

 

“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясына активдүү катышуу

“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясына активдүү катышууга чакырууну аткаруу максатында Орловка шаарынын мэриясы тарабынан 450,0 миң сомго ар кандай түрдөгү 947 түп көчөт отургузулду. Бак-дарактарды санитардык бутоо, жашыл зоналарды сугаруу, ошондой эле Орловка шаарынын аймагын тазалоо жана катуу таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлдү.
Кичи райондогу авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөрдү кырсыктардан жана башка кесепеттеринен калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Металлург, Чкалов көчөлөрүнүн аймагын, жергиликтүү бюджеттин эсебинен (1 млн.182,2 миң сом) тосмолоо иштери жүргүзүлдү.
Кемин районунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен “Жеңиш паркын көрктөндүрүү” долбоорунун биринчи этабы аяктады.

 

Калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү

Шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатуу максатында Орловка шаарындагы муниципалдык коомдук мончонун тейлөө жана учурдагы оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен (869,0 миң сом) каражат бөлүнгөн.
«Шаардык таштанды үчүн тосмо орнотуу» долбоору ишке ашырылды, бул долбоор аймакты таза жана тыкан кармоого мүмкүндүк берет.
Өндүрүштүк муктаждыктар жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында мэрия Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан башкы планды даярдады.
Атайын адистер жер үстүндөгү инженердик-техникалык иштерди даярдап, Подгорное жана Бордунский конуштарын кошуу менен Орловка шаарынын башкы планын иштеп чыгышкан, ал «Кадастр» МИ жана Кемин райондук ички иштер бөлүмү менен макулдашылган. Шаар куруу жана архитектура, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелер жана Орловка шаардык Кеңеши менен макулдашылган.
Мындан сырткары, мэрия аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жай берүү аркылуу колдоо көрсөтүү максатында Орловка мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен батирлер (4 даана) сатылып алынган, быйылкы жылы зарыл болгон оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Социалдык тармак

Орловка мэриясынын балансында 15 муниципалдык менчик объектилери бар, анын ичинде социалдык объектилер: Орловка шаарынын №1 жана №2 орто мектептери, музыкалык мектеп, «Кристалл» спорт комплекси, «Лесная сказка», «Ромашка», «Подгорное» бала бакчалары.
Бул имараттарды жана курулуштарын, капиталдык оңдоо­лорун жергиликтүү бюджеттен жана коммуналдык кызматтардын акысын төлөөнүн эсебинен жүргүзүлөт.
Эки мектеп жана эки бала бакча – «Лесная сказка» жана «Ромашка бакчасы» Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасынан (ОПТС) жылытылат. Учурда жылытуу мезгилине 2023-2024-ж.ж. Орловка шаарынын мэриясынын ОПТСке керектелген жылуулук энергиясы үчүн дебитордук карызы жок.

 

Билим берүү тармагы

Орловка шаарындагы мамлекеттик жалпы билим берүүчү мектептерде 71 класс түзүлүп, аларда 1868 окуучу билим алат.
Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүүгө, имараттарды, класстарды учурдагы жана капиталдык оңдоодон өткөрүү, керектүү жабдууларды алуу ж.б.у.с. аркылуу ылайыктуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Бала бакчалардагы жана мектептердеги иш-чаралар, өзгөчө: –- «Орловка шаарындагы №1 орто мектебинин спорт залын капиталдык оңдоо» долбоору боюнча жергиликтүү бюджеттин 2718,0 миң сому жана Кемин районунун өнүктүрүү фондунун 5199,9 миң сому боюнча иштер аткарылды.
Орловка шаардык мэриясы демилгелүү топ менен биргеликте FHI360 «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында «Орловка шаарында НУР балдар аянтчасын куруу» долбоорун ишке ашырды.
Билим берүү системасынын кызматкерлерин (мектептер, бала бакчалар) социалдык жактан колдоо максатында жыл сайын жергиликтүү бюджеттен коммуналдык чыгымдардын компенсациясы түрүндө каражат бөлүнсө, үстүбүздөгү жылы ар бир билим берүү кызматкерине 10 000 (он миң) сомдон бөлүндү (мугалимдер) жана 5000 сом MOP TOP техникалык кенже кызматкерлерине берилди.

 

Шаарда спортко кызыккандар көбөйүүдө

Орловка шаарынын мэриясы тарабынан “Кристалл” спорт комплексинде шарттар түзүлгөн. Кызыккандар үчүн спорттун түрлөрү боюнча спорттук секциялар уюштурулган: футбол, дзюдо, волейбол, баскетбол, оор атлетика, ошондой эле тоо лыжасы, грек-рим күрөшү жана бокс боюнча секциялар бар. Бул секцияларга 500дөн ашык бала катышып, ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болушат.
Саякат чыгымдары да жер­гиликтүү бюджеттен каржыланган (2023-жылдын 12 айына 1750,20 миң сом бөлүнгөн).

 

Орловка шаарынын мэриясынын 2024-жылга пландары жана милдеттери

Учурда Орловка мэриясынын алдында шаардын тургундары жана меймандары үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү милдети турат.
Шаардын позитивдүү имиджин калыптандыруунун негизи болуп аймактык индивидуалдуулукту сактоо жана имараттардын көп түрдүүлүгүн жана көркөм экспрессивдүүлүгүн жогорулатуу жана ачык мейкиндикти жашылдандырууга жетишүүүчүн төмөнкү долбоорлор пландаштырылууда:
«Боом капчыгайына стелла орнотуу» долбоору өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, ачылуу аземинин алдында турат.
– Кудряшова көчөсүн капиталдык оңдоо;
– Жаңы аймактарды көрктөн­дүрүү жана жашылдандыруу боюнча «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруу максатында шаарга кире бериш жерде жайгашкан арканын жанындагы жер тилкесин тосуу жана бак-дарактарды отургузуу иштери жүргүзүлүп, калк эс ала турган паркка айландыруу мэриянын башкы планына кирди.
– Жеңиш паркын оңдоо жана көрктөндүрүү долбоорунун 2-этабын ишке ашыруу иштери башталды.
– N2 орто мектебине көлөкө куруу жана спорт аянтчасын көрктөндүрүү боюнча сметалык документтери даярдалды.
– Күнүмдүк жөнгө салуу бассейнинин аймагына тосмо орнотуу үчүн сметалык документтер түзүлүп, Кемин районунун өнүктүрүү фондуна каржылоого арыз берилди;
– Окторкой кичи районундагы скважиналарга жана саркынды сууларды тазалоочу жайдын (канализациялык) аймагына тосмо орнотуу үчүн сметалык документтер даярдалып, Кемин районунун өнүктүрүү фондуна арыз берилди;
Ал эми шаардагы элдин жашоо шартын түзүү боюнча башка долбоорлор, анын ичинде күнүмдүк таштанды чыгаруу, жолдорду капиталдык жана чуңкурларды оңдоо, элди үзгүлтүксүз ичүүчү таза суу менен камсыздоо иштери кирет.
Жалпысынан иш Орловка шаардык кеңеши бекиткен шаар-дын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программасы боюнча, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу мамлекеттик админис-трация жана жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамына ылайык иштер ай-таарлык жүргүзүлүп жатат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар