Воскресенье, 19 мая, 2024
21.1 C
Бишкек

Кант – өнөр жайы өнүккөн шаар

Кант – Чүй облусунун өнөр жайлуу шаарларынын бири.
Шаарда көптөгөн өнөр жай ишканалары бар. Алар: «Кант цементшифер комбинаты», «Кант типография», «Кумшагыл», «Дан-азык» АК, «Абдыш ата», «Кант-сүт», «Блиц-1», Кант ТШП, ОсОО «Росс-Прокат, «Кыргызмунайзат» ЖЧКлары, тажрыйба-ремонт — эксперименттик-механикалык жана нан заводдору.
Шаарда Азия Медициналык институту (АзМИ), кесиптик-техникалык окуу жайы, лицей, 5 орто жана музыкалык мектеп, китепканалар, 5 бала бакча, балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо борборлору, маданият үйү, клуб, стадион жана башка бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, санитария-эпидемиологиялык станциясы, балдардын кардиоревматология санаторийи, оорукана, бейтапкана жана башкалар иштейт.
Шаар 1929-жылы кыштак катары негизделген. Улуттук статистика комитетинин 2022 — эл жана турак жай фондун каттоодогу маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө шаарда 23 249 адам туруктуу жашайт. Шаардын мэри Майлибашев Улан Бекболотович.

 

Бюджеттин кирешелери жана чыгымдары

Отчеттук мезгил ичинде шаардык бюджетке каражаттын иш жүзүндө келип түшкөнү 303 608,3 миң сомду түзүп, көрсөтүлгөн план боюнча 101,6%га ашыгы менен аткарылды.
Кирешелердин планын ашыра аткаруу негизинен салыктардын жана төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн эсебинен камсыз болду:
– патенттик салык – 108% аткарылды же пландан ашыкча 2 652,9 миң сом түшкөн;
– жер участогун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы – 110,7%га аткарылган же пландан ашыкча түшкөн 67,4 миң сом түшкөн.
– Транспорттук салыгы – 103,3%га аткарылган же пландан ашыкча 283,8 миң сом түшкөн.
Отчеттук мезгил ичинде шаардык бюджетке каражаттын иш жүзүндө келип түшкөнү 303 608,3 миң сом түздү, көрсөтүлгөн план боюнча 101,6%га ашыгы менен аткарылды.

 

Көрктөндүрүү

Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү – бул жолдорду тейлөө, тротуарларды калыбына келтирүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, эс алуу жайларын жакшыртуу болуп саналат.
– Ошондуктан, Кант шаарында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде:
Эшиктер, электр автоматтары, аристондор, суу эсептегичтери алмаштырылып, ашкана, жарыктандыруу оңдоо иштери жана б.у.с иштер аткарылды.
Жалпы орто билим берүү мекемесинде футбол жана бас-кетбол аянтчаларын калыбына келтирүү иштери жасалды. Ошондой эле брусчатка орнотуу, терезе, жарыктандыруу, жылуулук системасын оң-доо иштери, тосмо ж.б.у.с. иштер жүргүзүлдү. Жалпы сумма – 11 133 898 сомду түздү.
1035,0 миң сомго бак-дарактардын көчөттөрү сатылып алынды (туя – 100 даана, венгер можжевельниги – 50 даана)

 

Кант шаарынын ички жолдору

Кант шаарынын ички жолдорун (5000 м2) 7 555 872 сомго оңдоо иштери аяктады. Анын, шагыл төгүү иштерине 1 589 265 сом жумшалды. Западная көчөсүндөгү жолду оңдоого (асфальттоо) 3 184 685 сом. Күреңкеев көчөсүндөгү жолду оңдоого 12 497 730 сом; Островский көчөсүндөгү жолду оңдоого 3 255 630 сом; Панфилов көчөсүндөгү тротуарды оңдоого 4 074 134 сом;
Ленин көчөсүн жакшыртууга 9 895 231 сомго келишим түзүлгөн. Тагаев көчөсүндөгү скверди жакшыртууга 504 165 сом. Молодежная көчөсүндөгү скверди салууга 1 700 530 сом.
Балдар аянтчаларынын 10 комплекти 5 844 384 сом. Кант шаары боюнча 52 жол чырагы 1 499 117 сомго алмаштырылды.

 

Жергиликтүү бюджеттен каржыланып аткарылган иштер

Кант шаарынын чыгыш жана батыш тарабына 2 стелла орнотулуп, баасы – 1339832 сомду түздү. Полевая көчөсүнө 419 123 сомго аялдама куруу иши аяктады. ЧЧК (БЧК) үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрөнү оңдоо иштери 413 647 сомго аткарылды.
Ал эми, 31 көчө жана 2 тротуарга жарыктандыруу 9 031 310 сомго келишим түзүлдү. Спорт аянтчасын жакшыртууга 699 692 сом бөлүндү. Спорт комплекстин жыгач полун алмаштырууга 1 558 592 сом жана жылытуу системасын оңдоого 1 845 977 сом жумшалды.
Кант шаарынын А.Тойтоев атындагы маданият үйүнүн суу түтүкчөлөрүн алмаштырууга жана жарыктандырууга 597 159 сом жумшалды.
Мындан сыткары, №12 от казан жайга от жагуучу меш 1 969991 сомго келишим түзүлүп алынды. Жол белгилерин чийүүгө 1 769 737 сом чыгымдалып, борбордук аянтка паннону жаңыртуу 1 698 293 сомго аткарылды.
Кант шаарынын борборунда милиция пунктун куруу жана жакшыртууга 2 022 539 сом каржыланып, шаардын аймагына 23 даана видеокөзөмөл камералары орнотулду. Жалпы баасы 1млн. 350 000 сомду түздү.

 

Шаардын көркү – тазалык

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, шаардын тазалык ишканасына 3 даана атайын техника сатылып алынган (МАЗ таштанды ташуучу, МАЗ жүк ташуучу, эксковатор HYUNDAI үлгү-сүндөгү. Бүгүнкү күндө иштеп жатат.
Инвестор аркылуу таштанды полигондун жалпы аянты 11,2га 1700м темир тор 425 даана мамысы менен коюлууда. Кант шаарынын мэрия-сы тарабынан 250квт трансформатор, 29 мамы, 7 (поперечная опора), шлагбаум, күнү-түнү күзөт кылууга контейнер коюуга 1 484 780 келишим түзүлдү.
2023-жылы Кумайык ишканасынын имараты 15 591 723 сомго курулуп ветеринардык клиникасы ачылган, ага кошумча Хюндай үлгүсүндөгү Портер алынган.
2023-жылы Кумайык ишканасы аркылуу Кант шаарында 881 ит тукумсуздандырылган жана эмдөөдөн өткөн.

 

Билим берүү тармагы

Мэрия Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-августундагы №286 “Манас”,”Семетей”, “Сейтек” уюмдары жөнүндө буйругун жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы “2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын” аткаруу максатында өздүк буйрук кабыл
алды.
Буйруктун негизинде 2023-2024-окуу жылынан тартып билим берүү мекемелери менен биргеликте “Манас”, ”Семетей”, “Сейтек” өспүрүмдөр уюмдарынын жобосунун негизинде милдеттүү түрдө иш алып барылууда.
Кант шаарынын мектептеринин окуу-чуларына Манас, Семетей, Сейтек төш белгилери, көк түстөгү галстуктар байланып, салтанаттуу иш-чаралар майрамдык концерт менен коштолду.

 

Маданиятка өзгөчө көңүл бурулат

Жыл сайын 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк кунүнө карата Кант шаарынын борбордук паркында шаардын тургундарына жана конокторуна салтанаттуу, театралдаштырылган майрамдык ыр бий, спорттук оюндар менен коштоо иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Сергек жашоону пропагандалоо максатында жыл сайын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кант шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын калктарынын арасында марафон өткөрүлүп келет. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат.
Кант шаарынын мэриясы чет өлкөдөгү бир туугандык шаарлар менен социалдык-экономикалык өнүгүү багытында тыгыз иш алып барууда.
Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин катышуусунда Жеңиш паркында иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чара өлбөс полктун жүрүшү менен башталып, Улуу Ата Мекендик согуштун бардык катышуучулары үчүн жоокерлердин ашканасы уюштурулду.

 

Спорттук иш-чаралар

Мэрия спортчуларды колдоо жана дем берүү боюнча көп алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатат. Кант шаарынын балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин паратлет спортчулары эл аралык деңгээлде байгелүү орундарга ээ болууда.
2024-жылга Кант шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы
– Кант шаардык мэриясынын 2024-жылга бюджеттик кирешенин планы 306 млн. 773,8 сомго бекитилди.
Анда, эң негизги пландарга кирген: Борбордук Жеңиш паркынын аймагында жалпы аянты 300 чарчы метр түзгөн шаардык китепкана куруу.
Бюджети – 11 000,0 млн. сомду түзөт. Борбордук Жеңиш паркынын аймагында амфитеатр куруу. Учурда, бул боюнча долбоордук сметалык документтер жасалууда.
Мындан сырткары, Д. Зубков көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки узундуктагы «Жаштар аллеясын» куруу, жер участогунун жалпы аянты 11428,0 кв.метр, бюджети – 33 000,0 млн. сомду түзөт.
Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жана жеке транспорт каражаттарынын тышкы талаптарга шайкештигин баалоо үчүн 150 чарчы метр аянтында автолаборатория Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКККББ “Техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасынын эсебинен курулат;
Борбордук Жеңиш паркынын аймагында борбордук таза суу жана канализацияга кошулган коомдук ажаткана куруу; Бюджети 3 200,0 млн. сомду түзөт.
Кант шаарынын борбордук Ленин көчөсүнүн жээгин Гагарин көчөсүнөн Күреңкеев көчөсүнө чейин жакшыртуу “Дизайн-код”.
Шаардын тротуарларын (брусчатка) оңдоо жана куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, темир тосмолорду койдуруу жана арыктарды тазалоо иштери турат.
Мындан сырткары, Кант шаарында, Панфилова, Гастелло, Токтогул, Ворошилов көчөлөрүнө асфальт төшөө, Кант-Тазалык ишканасына атайын техника сатып алуу иштери планда турат.

 

“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл Мурас» демилгесин колдоого максатында, жыл сайын бак тигүү, ар кандай бадалдарды отургузуу иштери колго алынган. “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2024-жылы дагы ийгиликтүү улантылууда. Мисалы, шаардагы 2 гектар жерге питомник уюштуруп, теплица куруп, шаарга жана биздин климатка ылайыкталган ийне жалбырактуу, көп жылдык ар кандай көчөттөрдү, гүлдөрдүн түрүн отургузуу пландаштырылган. Буга биз агроном жетекчилик кылган атайын техникаларды да даярдадык. Документтерин расмий түрдө өткөргөнгө даярбыз.

 

Инвестиция

Мэрия тарабынан инвестор алып келүүгө жолу оңой болушу үчүн, таштанды полигонго электроэнергия тартылды, 250 кв/т трансформатор орнотулду, 29 мамы, андан сырткары күзөт үйүнө тендер жарыяланган. ªткөн жылдын декабрь айында тендер өткөрүлүп, ошол эле жерден терминал орнотулуп таштандынын акысы алына тургандай кылып иш башталды. Таштандынын тарифтери шаардык Кеңештин токтому менен бекитилген.
Мындан тышкары, инвестор аркылуу таштанды таштоочу полигонго таштанды сорттоочу жабдуулары, крематорий инцинератор орнотулат, бүгүнкү күндө инвесторлор менен келишим түзүлгөн, келишимдин негизинде 2024-жылдын октябрь айына чейин бардыгы орнотулуп бүтөт.
Инвесторлорду тартуу менен шаардын 3,5 га жерине параолимпиадалык спортчуларга Орто Азия боюнча жалгыз спорткомплекс куруу пландаштырылып жатат. Инвестициянын жалпы суммасы болжол менен 3 млн. доллар болот. Комплекстин ичинде: негизги имарат, манеж, бассейн, жатакана,машыгуу залдары жана башка бүт шарттары камтылат.
Инвестор параолимпиадалык спорттун Президенти Машид Ражид менен алдын-ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Кыргызстанга 2 ирет келип жерди да көрүп кеткен. Үстүбүздөгү жылы апрель айында келип, биздин Президент Садыр Нургожоевичке жолугам деген ниети бар. Бүгүнкү күндө иш-чара боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, долбоор жана документациялары иштелип жатат.
Туризм менен шаарды өнүктүрүүгө болот Кант шаарынын мэриясы туризм багытында да өз салымын кошуп келет. 2024-жылга карата шаардын аялдамаларына Кыргызстандын эң кооз жерлеринин сүрөттөрү илинет, ал сүрөттөр туристердин гана эмес биздин жарандардын да көңүлүн бура турган сүрөттөр тандалат, ал сүрөттүн четинде атайын сүрөт боюнча маалымат таратуучу штрих коду болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар