Понедельник, 20 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Бирге иштейбиз, бирге ийгиликке жетебиз

Үстүбүздөгү жылдын 12-18-апрель күндөрү «Алтынкен» компаниясынын кызматкерлери арасында жазгы спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Спорттук мелдештер стол тенниси, аркан тартыш, шахмат, бадминтон, кичи футбол жана баскетбол оюндары боюнча өттү.
Расмий түрдө ачылган жазгы спорттук турнирлер “Бирге иштейбиз, бирге ийгиликке жетебиз!” деген ураан астында өтүүдө.
Бул иш-чаранын ачылышына «Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Вэнь Яфэн катышып, өзүнүн куттуктоо сөзүндө ал компаниянын ийгилигине алып келген эмгектери үчүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Турнирдин бардык катышуучуларына ден соолук, спорттук ийгиликтерди каалады.
Турнир ачык болгондуктан, уюштуруучулар жергиликтүү коомчулуктун атынан командаларды жана спорт калыстарын чакырышты.
Келген коноктордун атынан Орловка шаарынын мэри Бактыбек Чанчаров сөз сүйлөп, «Алтынкен» компаниянын жетекчилигине өткөргөн иш-чараларга дайыма чакырып турганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле командаларга ийгилик каалап, спортчуларды оюндарды жаракатсыз өткөрүүгө чакырды.
Биринчи турнир аркан тартыш эркектер жана аялдардан турган командалары арасында өттү.
Командалар эрктүүлүктү, ынтымак, биримдикти көргөзүп турнир кызып, бардык мелдештер абдан өжөр күрөштө өттү.
Эң күчтүүлөрү жеңүүчү аталды. Жеңүүчү орундарды негизинен «Алтынкен» компаниясынын командалары ээлешти.
Ошондой эле жергиликтүү коомчулуктан келген меймандардын ийгилигин белгилей кетүү керек, анда шахмат боюнча Кемин шаарынын командасы 1-орунду, кичи футбол боюнча Орловка шаарынын командасы 3-орунга ээ болушту.
Турнирдин катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, жаңы спорттук турнирлерге катышууга даяр экендиктерин билдиришти.
Ошентип, достуктун жана ынтымактын алкагында «Алтынкен» компаниясынын салтка айланып калган кезектеги жазгы спорттук турнирлери кызыктуу өткөрүлдү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар