Понедельник, 20 мая, 2024
10.1 C
Бишкек

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара БААТЫРОВА: “Социалдык контракт долбоору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ар тараптуу колдойт”

Акыркы мезгилде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөбүздүн калкын социалдык жактан камсыздоо жаатында ат көтөргүс иштерди аткарууда. Албетте, мында министрдин демилгечилдигин, уюштуруучулук мыкты сапаттарын белгилеп коюшубуз керек. Бул жөрөлгөлүү, алгылыктуу иштер коомчулук тарабынан да дурус баасын алып, жылуу сөзгө ээ болууда. Анда министрликте аткарылып жаткан иштер тууралуу министрдин өзүнөн угалы.

– Гүлнара Маришовна, «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында кандай иштер жүрүп жатат?
– Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптуулук маселелерин чечүүдө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында Экспертизадан өтүүнүн, кайрадан күбөлөндүрүүдөн өтүүнүн, майыптык фактысын белгилөөнүн жол жоболорун жөнөкөйлөтүүнү №3 «Өкмөттүк акселараторлор» программасын ишке киргизген.
“Өкмөттүк акселератор” программасынын негизги максаты – жарандарды кү-бөлөндүрүү жолун жөнөкөйлөтүп, МСЭКке жаранды жиберүү жеңилдетилген шартта өткөрүүсүнө багытталган. Процесстерди автоматташтыруунун алкагында жалпы 11 документтен 1 документке чейин кыскарды. Бул оорулуунун амбулатордук картасы, ал дагы зарыл болгон учурда суралып алынат. Документтер толук Саламаттык сактоо министрлигинен келип түшкөндөн кийин, жаран күбөлөндүрүүгө бир гана жолу келүүсү каралган.
Кызыкдар болгон уюмдар жана ведомстволор жаран тууралуу маалыматты «Түндүк» системасы аркылуу алышат. Жаран мындан ары ведомстволордо жүрбөйт.
МСЭКтердин ишин толук санарип­тештирүү жана уюштуруу техникасын жаңыртуу маселесине көңүл бурулуп, видео байкоолорду орнотууга байланыштуу иштер жүрүүдө.
МСЭКтин ишин электрондук жүгүртүүнү республика боюнча жайылтуу, иш практикасына киргизүү үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында башталат.
Мындан сырткары, МСЭКтин ишин реформалоодо жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында МСЭК жаатындагы ченемдик укуктук актылар толугу менен каралып, учурда жаңы редакцияда иштелип чыгууда.
– Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бүгүнкү күндө өлкөбүздүн майыптарын камсыз кыла алабы?
– Албетте, Кыргызстандагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин каттоосунда турган майыптыгы бар жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдары менен камсыз кылып келе жатат.
Республикалык протездик-ортопеиялык буюмдар мекемеси бир жылда 13 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылат, алардын 5900ү балдар.
Жыл сайын жаңы заманбап технология менен адамдардын физиологиясына жакын протездер жасалып, жарандардын жашоосун жеңилдетип келүүдө.
Кичинекей балдарга да Сколковонун-резинденти “Моторика” компаниясынын “Киби” кол протездери балдар каалаган каармандары менен жасалып жатат. Бүгүнкү күндө 26 балага “Киби” кол протези жасалып берилди.
Ошондой эле ортопедиялык бут кийимдердин сапатына көңүл буруу менен жаңы моделдер тигилүүдө. Ортопедиялык бут кийимдер жылына эки жолу берилет, жарандар атайын каталогдон тандап заказ кылышат.
РПОБМ майыптыгы бар жарандарга медициналык көрсөтмөнүн негизинде 150дөн ашуун продукциянын түрүн чыгарат.
Продукциянын ассортименттери ар дайым жаңыланып жана кеңейтилип турат. Мекеме дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрү болгон Россия, Германия жана Кытай өлкөлөрүнүн «Отто-Бокк», «МЕTIZ», «Цзинбо» компанияларынан протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо үчүн материалдарды (атайын түйүндөрдү, тетиктерди, полуфабрикаттарды жана материалдарды) сатып алат.

– Президенттин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде ишке ашырылып жаткан “Социалдык контракт” программасы тууралуу сөз кылсак?
– Акыркы эки жылда мамлекеттин саясаты жаңы нукка бурулуп, өлкөбүздөгү адамдык капиталды өнүктүрүүгө, инклюзивдик социалдык коргоого басым жасалууда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен социалдык колдоо жана жакырчылыкты жоюу боюнча көптөгөн долбоорлор ишке ашууда.
Эгемендүүлүктүн тарыхында биринчи жолу муктаж жарандарга мамлекет тарабынан сезилүүчү жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул долбоордо аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн ортосунда келишим түзүлүп, бизнес ачуу жана ишкердик жүргүзүү үчүн 100 миң сомдон берилет.
2021-жылы Кыргыз Республикасындагы БУУнун азык-түлүк программасынын колдоосу менен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Социалдык контракт” программасынын негизинде, Нарын облусунун Жумгал районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 100 пилоттук долбоор тандалып алынып, ийгиликтүү ишке ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтому кабыл алынып, “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” жобо бекитилген. Анын алкагында эки жыл ичинде долбоорго катышууга 14985 арыз катталып, 2022-2023-жылдары республикалык бюджеттен 12800 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө 100 000 сомдон берилген. Учурда алар өз ишмердүүлүгүн социалдык контракт аркылуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
– Социалдык контракттын катышуучулары кө-бүнчө кайсы багыттарда иш алып барышууда?
– 2022-2023-жылдарга карата социалдык контракттын катышуучуларынын бизнес-долбоорлорунун багыттары төмөндөгүдөй:
– 71% айыл чарба тармагында (68% – мал чарбачылыгы, калганы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк, балчылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы);
– 16,4% – кайра иштетүү өнөр жайы (15% – тигүү, калганы – темир-бетон буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, кургатылган жемиштерди чыгаруу, эмерек цехи жана майдалагыч);
– 6,4% – кызматтарды көрсөтүү (коомдук тамактануу кызматтары жана таксилер, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, кондитердик өндүрүш, IT, сулуулук салондору, автодиагностикалык борборлор, массаж);
– 6,2% – соода (чакан соода, аптека).
Социалдык контракттын катышуучулары бул долбоорго катышуу менен, эркинин бекемдиги, тапкычтыгы, аракети аркылуу өз жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат.
Бул Программа Президентибиз Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат.
– Социалдык контракттын алкагында жаңы жумуш орундары түзүлүп жатабы? Бул тууралуу айта кетсеңиз?
– “Социалдык контракт” программасы чакан бизнести өнүктүрүүгө гана эмес, кошумча жумуш орундарын түзүүгө, иш менен камсыз кылууга жана үй-бүлөнүн жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эки жыл ичинде Социалдык контракттын алкагында 30 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Катышуу-чулардын ичинен 95%ын аялдар (12158), 5%ын эркектер (642) түзөт. Бул тенденция бардык аймактарда байкалууда.
Региондордогу “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруу, бүгүнкү күндө аялдар үй-бүлө экономикасын калыптандырууда алдыңкы позицияда экенин айкын көрсөтүп турат.
Эки жылдын аягында дээрлик 13 миңге чукул муктаж үй-бүлө балдарына мамлекет төлөп турган аз камсыз болгон «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунан баш тартып, муктаждыктарын өз алдынча камсыздай башташты. Жалпысынан 70 миңден ашык адамдын жашоо-шарты жакшырууда.
Жалпысынан эки жылдын жыйынтыгы менен социалдык контракттын негизинде, 12800 үй-бүлө (2022-жылы — 2800, 2023-жылы-10000) социалдык жардам алган адамдардын ичинен 2024-жылдын 1-январына карата программанын катышуучуларынын жалпы санынан 12 777 үй-бүлө бизнес долбоорлорун ишке ашырууну улантууда.
Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдө 250 миң жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси коюлган. Аталган тапшырманын алкагында жана “Социалдык контракт” программасынын негизинде 2024-жылы жаңы 23000 жумуш орундарын түзүү боюнча министрлик тарабынан кызуу иштер алып барылып жатат.
– Социалдык контракт долбооруна катышкан адамдарга колдоолор болуп жатабы?
– Республикалык бюджеттен 2024-жылга бизнес багыттары боюнча кесиптерге жарандардын квалификациясын жогорулатууга биринчи жолу 60,0 млн. сом каралды. Азыркы учурда Социалдык контракт жөнүндөгү Жобонун негизинде, финансылык сабаттуулук боюнча 10-майга чейин 23 000 жаранга окутуулар жүргүзүлөт (бүгүнкү күнгө 8088 жаран онлайн жана офлайн окутулуп жатат. Ошондой эле, өнөктөштөрдүн (КРнын Улуттук банкы, БУУнун Азык-түлүк программасы, Дүйнөлүк банк, Арис долбоору жана Германия Эл аралык кызматташтык коомунун “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу” программасы) колдоосу менен:
Министрликтин бардык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери финансылык сабаттуулук, ишкердик көндүмдөр жана жашыл экономика боюнча тренерлер катары даярдалды. Алар 2024-жылга социалдык контракт алуучуларга окуу иштерин жүргүзөт.
“Социалдык контракт” ишин автоматташтыруу максатында Эмгек рыногунун маалыматтык системасынын жаңы модулун 2024-жылдын аягына чейин киргизебиз. Ошондой эле, социалдык контракт алам деген жарандарыбызды финансылык сабаттуулук жана ишкердик көндүмдөрү боюнча окутуулар жүргүзүлүүдө.
– Соц.контрактка майып адамдар дагы тартылганбы?
– Жобого ылайык, критерийлердин негизинде, бул долбоорго комиссиянын тандоосу менен аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр катыша алат. Эки жыл ичинде социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 1436 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катышты. Алар ар түрдүү багыттарда иш алып барышууда. Мисалы, Кара-Балта шаарында бут кийим оңдоо, Кемин районунда эчки кармоо, кийим тигүү ж.б.
– Соц.контракттын натыйжалуулугун жогорулатууда министрликтин мындан аркы иш-аракети кандай болмокчу?
– Социалдык контракт программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында министрлик:
Социалдык контракттын катышуучулары тарабынан бизнес-долбоор натыйжасыз болбошу үчүн тандоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатууну, тандоо комиссиясынын курамына сөзсүз түрдө бизнес өкүлдөрүнүн киришин, социалдык контракт түзгөн ишмердүүлүк багыттары боюнча тиешелүү аймактардагы ассоциациялар жана жеке ишкерлерге насаатчылыкка берүүнү, социалдык контракттын катышуучуларына туруктуу киреше алып келүүчү бизнес долбоорлорунун түрлөрүн сунуштоону, жер-жердеги мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз коштоону күчөтүүлөрдү (ветеринар, санэпидкөзөмөл, салык кызматы, калкты тейлөө кызматы ж.б.) сунуштайт.
Бул сунуштар боюнча 2024-жылы бериле турган социалдык контракттын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын жана министрликтин кызматкерлерине март айында окутуулар өткөрүлдү.
Демек, социалдык контракт программасына катышкан үй-бүлөлөрдү ар тараптуу колдоого алсак, аларды жакырчылыктан алып чыгууга жана жашоо шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
2024-жылдын планында республикалык бюджеттен 20 000, ал эми Дүйнөлүк банктын “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоору алкагында 3000 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө 100 000 сомдон каралган.
Азыркы учурда социалдык контракт алам деген жарандарды финансылык сабаттуулук боюнча окутуулар республика боюнча жүргүзүлүүдө. Окуулар бүткөн аймактарда комиссиянын тандоосунун жыйынтыгы менен 100 000 сомдон бериле баштайт.
Буюрса, алдыда социалдык контракт долбоору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү бакубат жашоого багыттоочу долбоор катары өзүнүн жемиштүү натыйжаларын берет деп ойлойм. Жөлөкпул алуучулар мамлекеттен жөлөкпул алуу менен гана чектелбестен, эмгектенүү, аракеттенүү аркылуу жашоосун өнүгүү нугуна бура ала тургандыгын түшүнүшөт.
– Гүлнара Маришовна, көйгөйлүү маселелердин бири катары «Мекен карт» программасы боюнча жасалган иштерге токтоло кетсеңиз?
– «Мекен – карт» – чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ.
«Мекен – карт» документин мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери алса болот.
«Мекен – карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 13-мартынан тартып кабыл алына баштаган.
«Мекен – карт» документин алган чет өлкөлүк жарандар төмөнкү укуктарга ээ боло алат:
• Кыргызстандын аймагына виза ачпас-тан кирип чыгууга, транзит менен жүрүүгө;
• Жашап турууга уруксаттар издебес-тен, өлкөдө туруктуу жашоого;
• Кыргызстанда уруксат кагазы жок иштөөгө;
• Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргызстандын жарандары менен бирдей шартта төлөөгө;
• Жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жыл колдонууга;
• Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгүнө.
Бүгүнкү күндө чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн 155 чет өлкөнүн жараны кайрылган, алардын ичинен 102сине бул статус берилип, “Мекен – карт” документин алышты.
Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу менен «Мекен – карт» документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.
– Саналуу күндөрдөн кийин 1-май – Эмгек майрамы, 5-май – Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамынын күнү, 9-май – Жеңиш күнү, ушул катар келген май майрамдарына карата сиздин куттуктооңуз?
– Баарыңыздарды удаа келе жаткан май майрамдары менен куттуктайм. Эмгектенүү менен жаратмандыкты, ийгиликтерди жараталы, ар бир үй-бүлөдө ынтымак-ырыскы, бактылуулук байыр алсын.
Мекенибизге тынчтык, жергебизде өнүгүү, элибизде бакубат турмуш болсун.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар