Эмгек жолунун башталышы
1986-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту “курулуш-инженери” адистиги боюнча аяктагандан кийин кенже илимий кызматкер катары окуу жайынын өзүндө калтырылат. 1987-1991- жылдары “Курулуш инженери” факультетинин комсомол комитетинин катчысы кызматын аркалайт.
Акылбек Жапаровду комсомол иштери боюнча жакшы билгендердин айтымында, 24кө жаңы толгон комсомолдун жаш катчысы ошол кезде эле саясатка активдүү кызыга баштайт. Ал ЖОЖдун комсомол комитетинин катчысын альтернативдүү шайлоо маселеси, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары жарыялоо боюнча студенттердин митинги сыяктуу, дайыма ар кандай күрдөөлдүү саясий окуялардын арасында жүргөн болот. Күбө болгондор белгилегендей, 1990-жылы А.Жапаровдун кыйын учурда жоопкерчиликти өзүнө ала билүү, тобокелчиликке баруу жөндөмдүүлүгү
даана көрүнөт: Оштогу трагедиялуу окуяларга байланыштуу борбордо жаштар баш аламан топтолуп, түштүккө жөнөп кетүүгө даяр болуп калган кооптуу күндөрдө Акылбек Жапаров аларды коомдук комиссия түзүүгө ынандырат жана Ошко учуп барып чыңалуунун басаңдашына өз салымын кошот.
1992-1993-жылдары Акылбек Жапаров КР Президентинин жана өкмөтүнүн аппаратында жаштар саясаты маселеси боюнча бөлүм башчы болуп иштейт. 1992-жылы аны менен бирге иштешкендер эскеришкендей бөлүм Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын биринчи курултайын өткөрүүдө негизги жоопкерчиликти өзүнө алат, ал эми 1993-жылы Кыргызстандын жаштар форумун өткөрүүнү демилгелеп чыгып, ийгиликтүү өткөрөт.
Бийликке карай биринчи олуттуу кадамдар
90-жылдарда бизнесмендерге жеңилдик берүү аракетин көрөт. “Спутник Кыргызстан” порталы белгилегендей, Акылбек Жапаровдун бийликтеги алгачкы олуттуу кадамдары, ал республиканын Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы мамлекеттик салык инспектору болуп турганда салык маселесин чечүү менен башталган. Окурмандардын эсинде болсо керек, ал кезде өлкө экономикалык оор кризисти баштан кечирип, колхоз-совхоздор, ири завод-фабрикалардан турган өнөр жай тармагы кыйрап баштаган. “Спутник Кыргызстан” порталы дал ушул учурда Акылбек Жапаров эсебин төлөй албаган ири ишканаларды “банкрот” кылбай, кошумча акцияларды чыгаруу менен инвес-торлор аркылуу акча тартууну сунуштап чыкканын жазат.
Салыктарды кыскартуу үчүн күрөш
Акылбек Жапаров 2000-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп келгенден кийин салыктарды кыскартууну туруктуулук менен сунуштап чыгат. Ал мындай кылбасак бизнести көмүскөдөн алып чыгып, контрабанда менен күрөшүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Депутаттын аракети конкреттүү натыйжаларга жетиштиби? Жооп катары айрым фактыларды гана атайбыз. Дал ошол жылдары бир литр арактын акциздик салыгы 40 сомдон 15 сомго чейин төмөндөп, легалдуу продукция өндүрүүнүн көлөмү 40 пайызга өскөн. Дал ошол жылдары өлкөдө айыл чарбасынан кошумча наркка салык алынып салынган.
Анын сунуштарын дароо түшүнүү кыйын
Акылбек Жапаров малга паспорт берүүнү сунуштап чыкканда элдин баары күлгөн. Ал эми бул чара абдан зарыл, эбак бышып жетилген, ансыз тармакты иретке келтирип, ийгиликтүү өнүктүрүү, мал чарба продукциясынын экспортун жолго коюу мүмкүн эместигин баары эле түшүнө койгон жок.
Ошондой эле А.Жапаровдун мигранттарды Орусияга поезд менен жөнөтүү демилгесин коомчулук күлкү менен кабыл алышкан. “Эшелон” деген сөзгө кыжыры кайнаган коомчулук идеянын түпкү маңызын түшүнө алган жок. Ал эми идея мүмкүн болушунча адамдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо менен чет өлкөлөргө уюшкандыкта ишке орноштуруу болчу.
Эмгек ресурстары сыртка агылып кетип жатканы балким, жакшы эмес чыгар, бирок эмгек миграциясы процессин токтото албасак, бир нерсе кылуу керек эле да. Сөз кезеги келгенде айта кетсек, А.Жапаровдун тууралыгын Өзбекстандын тажрыйбасы ырастады, аларда Россиянын ири ишканалары менен түзүлгөн келишимдер боюнча баруучуларды чогултуп, үйрөтүп, анан уюшкандыкта Россия Федерациясынын заводдоруна жана фабрикаларына жөнөтүшөт.
Кумтөр эпопеясынын аякташы
Кумтөр долбоорунун кандайча башталганын жана андагы алтындын айланасында эмнелер болгонун, эгемендүүлүктүн дээрлик бардык жылдарында бул жерде кандай саясий оюндар жүргөнүн баары билет. Ал эми бир нерсе айкын болчу: кенди иштетүү шарттары Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берчү эмес.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн өлкөнүн дээрлик бардык башкаруучулары аракет кылышкан. Алардын айрымдары кээде канадалыктардан анча-мынча жеңилдиктерди алууга жетишкени менен негизи жагдай түп-тамырынан өзгөргөн жок: өлкө жүздөгөн миллиондогон кирешелерин жоготту жана жоготуусу улана берди.
Ошондуктан 2021-жылы Акылбек Жапаров башында турган Кумтөр боюнча кезектеги комиссия түзүлгөндө, коомчулук ишенбөөчүлүк менен кабыл алганы таңгалыштуу эмес болчу. Бардыгы бул териштирүүлөр канадалыктардын анча-мынча артка чегиниши менен аяктайт деп күтүшкөн. Божомолдор ишке ашкан жок: комиссиянын бир нече айлап талыкпай иштөөсүнөн жана “Центерра Голддун” жетекчилиги менен татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан эң ири алтын кенин толук менчигине кайтарып алууга жетишти.
Жоопкерчиликти ала билүү
Акылбек Жапаровдун Кумтөр боюнча өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо миссиясы оңой болгонбу? Жооп айдан ачык эле: ийгиликке кепилдик бар болчу, бирок, ойдогудай болбой калса өлкөнү бардык чыгымдары жана күтүүсүз натыйжалары менен эл аралык соттордо көптөгөн жылдар бою соттошуу күтүп турган. Дагы бир нерсе түшүнүктүү болчу: комиссиянын ишинин ийгиликсиз болушу, анын жетекчиси үчүн олуттуу саясий кесепеттерди алып келмек.
Эсептелген тобокелчилик тоо ашырат
Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетин жетектеп туруп, өлкөнүн каржы тармагында тартипти орнотуу үчүн чечкиндүү чараларды көрө баштаганда, олуттуу тобокел ишке барганы талашсыз. Көмүскө экономика менен күрөшүүдө, салык мыйзамдарын өзгөртүүдө кетирилген каталар – казынага зыян келтирип, кирешенин жетишсиздигине, социалдык чөйрөдөгү чыңалууларга алып келмек. Жыйынтыгында эмне болду?
Министрлер Кабинети белгиленген багыттан тайган жок, А.Акаевдин тушунда эле айтылып келген кассалык аппараттар (ККМ) бардык жерде киргизилип, фискалдык иштерде тартип орнотулду.
Эми иштер канчалык деңгээлде ийгиликтүү жүрүп жатат? Муну бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүн тастыктаган цифралар өзү айтып турбайбы.