Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын башчысы – КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен 1983-жылдан 2000-жылга чейин үзөңгүлөш жүрүп калгандыктан аны жакшы билем. Ошондон улам, ал жөнүндө кыска пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм.
Экөөбүз тең эмгек жолубузду комсомолдук активист катары баштаганбыз. Совет мезгилиндеги салтка ылайык, лидерлик сапатка ээ жаштар эл арасынан суурулуп чыгып, комсомолго ишке алынышчу эмес беле. Мен Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетинин, ал Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетинин комсомол комитетинин секретары болгонбуз. Кийин ал 1988-жылы ошол кездеги демократиялык шайлоонун жыйынтыгында атаандаштарын жеңип, ФПИнин комсомол уюмун жетектеп калды. Комсомолдук кызматкер болгонуна карабастан, демократиялык принциптерден тайбастан 1989-жылы кыргыз тилинин мамлекеттик статус алышын талап кылган студенттердин митингдерин жетектеп жүрдү.
1990-жылы Ош коогалаңы убагында Бишкекте жаштар толкуп турган учурда Компартиянын жетекчилигинин уруксаты менен Ошко самолетто учуп барып, жаштарды тынчтандырууга, туруктуулукту камсыз кылууга чоң салым кошкон.
Акылбек Үсөнбекович 1992-жылы Президенттин аппаратынын жаштар бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, мен ал бөлүмдө референт болуп бирге иштештик. Ошол жылы Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы болгон. Аны жогорку деңгээлде уюштурууда Акылбек Жапаров чоң салым кошкон. 1993-жылы Эгемендүү Кыргызстандын жаштарынын биринчи форумун да ушундай эле мыкты уюштура алдык.
Ошол жылы студенттерди колдоо фондун ачып, президенттик стипендия уюштурдук. Жаңы конуштарды тейлеген “Ашар” ишкер долбоорун көзөмөлгө алып, жардамдаштык. Баса, ошол кезде Бишкекте массалык жер басып алуулар күчөп, А.Жапаров курулушчу катарында аны тартипке салып, мыйзамдаштырууну сунуштаганда, мурдунан алысты көрө алышпаган жогорку жетекчилик эске албай койгон. Кесепетин кийин жерлер баш аламан басып алына баштаганда көрбөдүкпү!
Мына ушундай уюштургучтугунан, иш билгилигинен улам, ал 1994-жылдан чоң саясатка аралашып жана мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштей баштады. Ортодо парламентке да бир нече жолу депутаттыкка шайланды, аткаруу бийлигинин экономика жана финансы тармактарын жетектеди.
Анын потенциалы мындан да жогору болчу. Бирок, отуз жылда улам алмашкан президенттердин бири да аны өкмөт башчылыгына сунуштаган жок. Мүмкүн, алар убагында Акылбек Жапаровдун потенциалын пайдалана билишкенде, экономикабыз өнүгүп, өлкөбүздө ошончо премьер алмашпайт беле?!.
Болоор иш болду. Тарыхта “анткенде болмок, минткенде болмок” дегенден пайда жок.
Азыркы Президентибиз Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдун потенциалын туура баамдагандан улам, ал 2021-жылдын 13-октябрынан бери Министрлер Кабинетин – Өкмөттү жетектеп, өлкөдөгү экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү вазийпасын аркалап келет. Жөн гана аркалабастан, Президент демилгелеген реформаларды жүзөгө ашырууда чоң салымын кошууда. Ошондон улам өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, күн санап жакшы жаңылыктар элибизди кубантууда.
Фиделбек Медеров, “Кыргыз Туусу”