Акыркы кездери мектептерде эркек мугалимдердин жетишсиз болуп жатканы баарыбызга маалым. №66 гимназия окуу-тарбия комплексинин информатика мугалими Адилет Амангулов менен окуучуларга билим берүүдө агайлардын орду, жаш мугалимдерге болгон жетекчиликтин колдоосу тууралуу маектештик.
– Ар бир адамдын биринчи иш күнү эсинде калат эмеспи, мугалим болуп жумушка барган алгачкы күн, өткөн сабагың эсиңдеби?
– Мен, 2016-жылы университетти бүтүп, Бишкек шаарындагы №85 жалпы орто билим берүү мектебине бир айлык сыноо мөөнөтү менен мугалим болуп киргем. Башталгыч класстарга дене тарбия сабагынан 10 саат сабак берет элем, ал учурда балдар менен иштешүү кандай болот, буларга кантип сабак берем деп ойлонгом. Ал учурда жаш болгондуктан бардык нерсени бат өздөштүрүп, мугалим катары өзүмдү эркин алып кеткем. Азыр ал күндөрүмдү сыймыктануу менен эскерем, жаңы мугалим болуп иштеп баштаган күндөрүм менин жашоомдогу эстен кеткис учурлардын бири болуп калды.
– Жаңыдан университетти бүтүп келип иштей баштаганда балдар тоготпой коет деген тынчсыздануу сезимдери болгонбу?
– Жаңы мугалим болуп келгенде балдар мени тоготпой коет деген тынчсыздануу болгон эмес. Себеби өзүм бала кезден эле мугалим болом дечүмүн. Ырас, жумушту өздөштүрүп кете аламбы деген чочулоо болгон.
– Эркек балдар азыр мектепте иштебей калган учурда сен кантип мугалим болуп иштеп калдың?
– Туура, азыр Бишкек шаарындагы мектептерде эркек мугалимдердин саны 15%ды эле түзөт. Азыркы балдар менен иштешүү татаалыраак болгондуктан, ошону менен катар айлык маселесине байланыштуу эркек мугалимдер үй-бүлө бага албайбыз деген жүйө менен башка тармакка кетип калышууда. Чынында мен 10 саат менен жаңы мугалим болуп ишке киргенде үч миң сомдун тегерегинде маяна алат элем. Башында мен деле мугалимдикти таштап, башка эле жумуш кылсамбы деп ойлонгом. Ата-энемдин колдоосу менен кесибимди таштабай иштеп кеткем.
Кудай буюрса, мына 8 жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жатам. Бара-бара айлыктарыбыз көтөрүлүп жатат, өлкө жетекчилиги тарабынан мугалимдерге ар тараптуу колдоо болуп жатат. Келечекте агартуучу болом деген жаштарга стимул катары стипендиялар берилүүдө.
– Балага эркек мугалимдин тарбиясынын орду башка деп айтышат, чын эле окуучуну тарбиялоодо эркек менен аял кишинин айырмасы болобу?
– Албетте, айырма болот, себеби балдарга тарбия берүүдө атаныкындай кулк-мүнөз, эркектик сапаттарды үйрөткөн дал ушул агайлардын эмгеги десек болот. Балага эркектик сапаттарды үйрөтүп, аларды мекенди коргоого, эл-жерди сүйүүгө, патриот болууга үйрөтүү агайлардын милдети.
Азыркы коомдо бала тарбиялоо оор болуп калгандыктан, агайлардын мүнөзү, сөзү балдарга көбүрөөк таасирин берет деп айта алам. Себеби, баланы чыныгы кыргыздын мырзасы кылып тарбиялаш эркек агайлардын колунда. Ошондуктан, эркек баланы тарбиялоодо агайлар менен эжейлердин орду эки башка деп айта алам.
– Акыркы 2-3 жылда айлыгыңар сезилээрлик даражада көтөрүлүп калгандыр?
– Жетишээрлик даражада болбосо да акырындык менен айлык акыбыз көтөрүлүп жатат. 4-5 жыл мурдагыга салыштырмалуу айлыгыбыз көтөрүлүп келатканы анык, аны менден башка дагы мугалимдер жокко чыгарбайт. Бир жүз элүү миң сом эмгек өргүүсүнүн акчасын алган мугалимдер да бар, буга чейин мындай акча алган мектеп мугалими дээрлик болгон эмес. Маңдай терибиз менен акча таап, балдарга билим берип, өлкөбүзгө аз да болсо салым кошуп жатканыма мен кубанычтамын.
– Ар кандай жакшылык кечелерде ырдап, алып баруучулук иштерин да аткарып каласың. Мектептеги бир айлык мээнеттин акчасын бир жакшылыктын гонорарынан эле алганда биротоло шоу жагына ооп кетейин деген ойлор пайда болбойбу?
– Бир ай мээнет кылып, балдарга энергияңды кетирип, 30 000 сомдун тегерегинде маяна аласың. Алып баруучулукту мен кошумча каржы булагы катары көрөм. Туура, бир тойдун гонорары мектептеги бир айлык маянага тете болот. Эгер мен жумасына 5 күн тамада болуп иштесем, 200 000 сомдой акча тапсам болот. Бирок мугалимдик кесип пайгамбарлык кесип дейт. Тамада катары жаңы иштеп баштаганда финансылык муктаждыктан улам шоу тармагына эле кетсемби деген ойлор болгон. Бирок бат табылган акча жукпайт, тамадалыктан тапкан акчага караганда мектептен алган айлыгым берекелүү болуп, бардык нерсеге жетет. Кудайга шүгүр, азыр мектепте да сабак берип, алып баруучулук ишти да аркалап, эки жакка бирдей жетишип жатам.
– Окуучуларды мугалимдер урушуп койсо, ата-энеси дароо болушуп чыгат го. Мугалим деле баланы жөндөн жөн урушпаса керек?
– Жакшы суроо бердиңиз, азыр мугалимдерди келекелеп, басынтып социалдык тармактарга чыгарган видеолор көп болуу-да. Негизи мектеп балага билим эле бериши керек, азыркы мугалимдер балдарга билим эле бербестен тарбия дагы берип, эки жумушту бирдей алып кетип жатабыз. Чынын айтканда ата-эне үйдөн балага тарбия бериш керек, ал эми мугалимдер мектепте билим гана беришибиз керек.
Кыргызда “Энеси болушчаактын кызы ыйлаак”, – деген жакшы кеп бар. Ата-энелер балдарын уишнтип көкөлөтүп эркелете берсе, эртең эле анын кесепети өздөрүнө барып тиет.
Биз балдарды жөндөн жөн урушпайбыз, келечекте коомго пайдасы тийген адам болсун, ата-энесин, бир туугандарын, жакындарын сыйласын, аларга камкор, мээримдүү болсун деген тилекте, аларды тартипсиздиктен кайтаруу үчүн урушабыз. Айрым учурда ошонубуз ата-энелерге туу-ра эмес жетип калышы мүмкүн. Ошонун артынан мугалим менен ата-эненин ортосунда пикир келишпестик болуп калууда. Учурдан пайдаланып ата-энелерге кайрылып кетет элем, үйдөн балдарыңыздарга көбүрөөк тарбия бериңиздер. Мугалимдер баланы урушса дагы мээримдүүлүк менен урушат, алар эч качан сиздердин балдарыңыздарды жаман болсун дебейт. Биз болгону бала билимдүү болсун, илимдүү болсун, тартиптүү жүрсүн деп анда-санда урушуп коюшубуз мүмкүн. Бала окуудан да, тартибинен да мыкты болсо ага эч ким сөз тийгизбейт.
– Окуу жылы жаңы эле башталды, бирок бирдиктүү мектеп формасы тууралуу маселе күн тартибине чыкты. Кээ бир окуу-чулардын диний көз-караштан улам кийген кийимдери талкуу жаратууда. Мугалим катары бул боюнча эмне айта аласың?
– Жеке жаран катары пикиримди айтсам, биз демократиялуу өлкөбүз. Дин тутуу, кийинүү ар бир адамдын өз эрки деп билем. Ал эми мектепке келсек, мугалим катары окуучулар мектепке бирдиктүү форма кийип келгени туура. Ата-энелерге чакырык кылат элем, биз светтик өлкө болгондон кийин балдарды окууга мектеп формасы менен эле жөнөтүшсө. Мектепти бүтүп, акыл токтотуп калганда өзү каалагандай кийинет. Мектеп жашындагы өзгөчө кичинекей кыздарга хиджаб кийгизүүнү мугалим катары туура көрбөйм.
– Жаңыдан жумушка келген жаш мугалимге мектептен кандай колдоо керек?
– Университетти жаңы бүтүп келген мугалимдин дароо иштеп кетиши кыйын. Жаш кадрга көп жылдык тажрыйбасы бар мугалимди насаатчы катары бекитип бериш керек. Журналды кантип толтуруу керек, балдарды кантип баалап баа коюу керек, күнүмдүк планды кантип жазуу керектигин тажрыйбалуу мугалим үйрөтүшү абзел. Мектеп администрациясы, улуу мугалимдер тарабынан колдоо болсо жаңы келген кызматкер процесске тез аралашып кетет.
– Мугалимдик кесипти аркалайм деген жаштарга кандай кеңеш айтат элең?
– Келечекте мугалим болом деп жаткан жаштарга айтаарым, эч качан мугалимдик кесипти чанбагыла. Өлкө башчысы Садыр Жапаров айткандай буюрса мугалимдик кесип келечекте эң алдыңкы кесиптердин бири болот. Быйылкы жылдын эсебинен мугалимдерге бекер ноутбуктар берилет деп жатат, айлык акылар дагы жыл сайын көтөрүлүүдө. Мугалим коомдун күзгүсү, ошол эле президентти да, министрди да мугалим тарбиялаган. Мектепке көбүрөөк агай мугалимдер керек болууда, мырзаларды мугалимдик кесипке көбүрөөк окууга үндөйт элем.
Аманбек уулу Султанбек, «Кыргыз Туусу»