Кыргыз эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев үстүбүздөгү жылдын күркүрөгөн күз айларынын биринде 85 жашка толот. Ал 1956-жылы орто мектепти бүтүргөн соң, колхоздо иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктап, 1963-1965-жылдары Аламүдүн, Киров райондорундагы райондук комсомол комитеттеринде эмгектенет. 1965-жылдан Киров райондук «Октябрь таңы» гезитинде адабий кызматкер, редактордун орунбасары болуп иштеп, 1977-1979-жж. Москвада СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабият курсунан окуйт. Э.Отунчиевдин «Баткан күн чыгат» деген биринчи повести 1969-жылы жарык көрөт. 1975-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Төмөндө окурманыбыз Мариям Асанованын Э.Отунчиевдин чыгармачылыгы тууралуу ой толгоосун сунуш кылабыз.
Мен 1982-жылы Чолпонбай айылында 10-класста окуп калдым. Ал жердин эли мага тааныш. Мектепте окуп жүргөндө Элмира деген классташымды, дайыма чындыкты бетке айтып сүйлөгөн, адилеттүүлүктү жакшы көргөн сары кызды жактырчумун. Мектепти аяктап, уядан учкан куштай ар кимибиз ар кандай окуу жайларда окуп, турмуш куруп, өз турмуш жолубузду уладык. Бир топ жылдардан кийин Элмирага жолугуп калдым. Ал-жай сурашып олтуруп, анын атасынын жазган китептери жөнүндө сүйлөшүп калдык.
…Жеңижоктун өмүр баянын мурда билсем да Элүүбай Отунчиев агайдын жазган Жеңижок үчилтигин окуганда башка бир дүйнөгө түшкөнсүдүм. Китеп көркөм жазылгандыгы менен мени өзүнө байлап алды. Сөз берметтерин тизип, сөз гүлдөрүн терип, китепти абдан жакшы жазган экен. Мен 10-15 күн ошол доордо, ошол заманда жашап, Жеңижоктун жанында жүрдүм.
Өтөнүн жетим калып, айылын, туулуп өскөн жерин таштап, эки көзү жашка толуп, элдин батасын алып Ташыбек карыянын чабдар атын минип Баялыны ээрчитип, артын кылчак-кылчак карап кетип бара жатканда менин да жүрөгүм тилинип, көзүмдүн жашын кайра-кайра сүртүп окуп жаттым. Ошол кездеги айылдын ынтымагына, Ташыбек карыянын пейилине ыраазы болдум.
Кулукенин козу-улактарын Туюк-Жарга жайып жүрүп, туманда адашып, катуу суукка урунуп, ооруп калганда Шейшекүл апанын ордунда мен шорпо кайнатып, Өтөнүн башын көтөрүп, ысык чай ууртатып, «Өтө, койлорду эртерээк эле айдасак мындай болбос эле» – деп аны менен сүйлөшүп күйпөлөктөйм.
Эсенгелди байдын жигиттери көк союлду көтөрүп, мээлеп турганда эми кандай болот деп жүрөгүм түрсүлдөйт. Өтөнүн ажал алдында туруп Аллага жалынып ырдаганы, тигил экөөнүн жүрөгүн жумшартып, аны азат кылышканда, сүйүнгөнүмчү… Өтө менен кошо чуркап, соодагерлерди издеп жөнөдүм. Жолдо далай азаптарды көрүп, акыры таякеси Садырды таап, Аксыны жердеп калганы, Аксынын сулуусу Көксулууга көзү түшүп, сүйүүнүн отуна күйүп, ага жеткенче канча бир кордуктарды көрдү.
Өтөнүн акындык өнөрү артып, тойлордо жар чакырып, элге таанылып калганда, сүйүнүп атымды токуп, Өтө менен кошо эл кыдырып жанында болдум.
Көлгө Арстанбек акынды издеп барып батасын алганы:
Аманбы абам Арстанбек,
Ааламга айттың далай кеп.
Эсенби абам Арстанбек,
Элиңе айттың далай кеп.
Эңсеп келдим сизди издеп, – деп учурашканы, Арстанбек акындын таамай ырдап, таасындап баа берип,
“Ырдасаң сөзүң нар экен,
Түбү терең ор экен
Сени менен айтышкан,
Ырчылардын шору экен”, – деп ага терең баа берет. Жеңижокко нагыз акын болуунун сырларын ачып, ак батасын бергенинен элибиздин маданиятынын бийиктигин, адабиятынын терең баа жеткис экенин баамдайсың.
Бул китепте элибиздин каада-салты, үрп-адаты, санжырасы терең чагылдырылган. Ошол кездеги адамдардын бири-бирине болгон мамилесин, жашоого көз карашын, адамгерчилик сапатын бийик деңгээлде сүрөттөгөнү Элүүбай агайыбыздын акыл парасатынын бийиктигин, жогорку интеллектин көргөзөт.
Жеңижоктун: “Жан кыйналбаган тирилик болбойт. Жан канчалык ташпишке түшсө, ой канчалык терең болсо, ал сабадагы кымыздай канчалык көп бышылса, акыбети ошончолук жакшы болуп, акыйкат даанараак ачылат” дегени кийинки муундар үчүн тарбиялык мааниси өтө зор.
Бул китепте Жеңижоктун окумал, боорукер, акылман, берешен, жароокер сапаттары баяндалат.
Жумагүл эненин өтүнүчү менен келип, Сагымбайга эле эмес, бүтүндөй айылдын элине айткан акыл-насааты, ага мисал кылып Сабиттин окуясын, андан дүйнөгө
таанымал аалым Имам Аасим төрөлгөнүн баяндаганы, адамдарды адеп-ахлакка, чынчылдыкка, ыйманга, такыбалыкка чакырат. Сабиттей жаш кезинен таза болууга үндөгөнү, ушундай такыба инсандан дүйнө аалымы төрөлүп, төрт жашында Куран жаттаганы не деген керемет.
Жетимдикти башынан өткөргөн адам турмуш-тиричиликтин азап-тозогуна бышып, таш кайнак болуп өсөөрүн, ысык-суукка чыдамдуу, сөзгө байымдуу, сөз көтөрүмдүү, сабырдуу, мээнеткеч болоорун сүрөттөйт. Алардын муң-зарын, арыз-арманын уккан Алла Таала аларга мээримин төгүп, келечекке деген үмүт-тилектерин, таттуу кыялдарын кабыл кылаарын баяндоо менен бирге адамдарды турмуштун ачуу-таттуусуна чыдоого, жакшы үмүт менен, жакшы ниет менен алдыга карай умтулууга тарбиялайт.
Бул чыгарманы окуган адам ач менен токтун, бар менен жоктун, ата менен эненин кадыр баркы канчалык деңгээлде экенин сезип туят.
Китепте Жеңижок менен бирге элибиздин залкарлары Токтогул, Ниязалы, Термечик, Айдаралы, Эсенаман, Арстанбек, Эшмамбет жана да көптөгөн өнөр ээлери жөнүндө да бир топ маалыматтар кызыктуу окуялар менен коштолгон.
Ошол кездеги билимдүү бий-болуштардын элди адилеттүү башкаргандыгы менен бирге, акылы чолок бийлердин өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн элибиздин мыкты инсандарын жок кылууга жасаган аракеттерин сүрөттөө менен келечек муундарга өткөн тарыхты баяндайт.
Айланып келип Таластан,
Аксынын турдум бооруна.
Айылдан кууган бөлүнүп,
Ала – деген оору да!
Азаптуу дарттын айынан
Ар жерде жүрдүм коруна.
Ата-энесиз Өтөнүн
А дагы болсо шору да!
Азабын тарттым оорунун,
Ачкалык сенин дооруңда.
Акылың болсо жаш балдар,
Аракет кылгын жашыңдан,
Азамат эрден болууга!… – деген ыр саптарын окуганда, Жеңижоктун балалыгы илгерки катаал заманга туш келгенин ойлоп, ичим сыйрылып, сыздай түшөм.
Ата-энеден тоголок жетим калган үч наристенин көргөн күнү, алардын сагынып ботодой боздоп төккөн көз жаштары, ата-энелүү балдардын бактылуу күлкүсүнө болгон кызганычтары, бармактай Карагыздын түндө ойгонуп, «апа-лап» ыйлаганы биринин артынан бири чууруп элеске тартылат. Жылаңайлак бутун тикенекке тилдирип, кой-эчкилердин ача туяктары кырча бас-каны, байдын заар тилинин сөөктөн өтүп, чучукка жеткени, кабыргалары кайышып, тоё тамак ичпегени, кышкы аяздарда көк муштум болуп калтыраганы, бай балдарынын көрпө тон кийип, булгаары өтүктөрү менен карды кычырата басканына суктанышканы жетимдердин көкүрөктөрүндө түбөлүккө калып калды, – деп автордун сүрөттөгөнүн окуп алып, көзүмдөн жаш токтобой, көңүлүм караңгылайт.
Убакыт эч ким менен эсептешпей, күндү айга, айды жылга жалгаштырып, бирөөнүн жаштыгын уурдап, жүзүнүн кызылын өчүрсө, бирөөнүн кайгысын өзүнө сиңирип, тымпыйып, бирөөнүн не бир сонун кубанычын коштоп алып, зымырап жолун улай берет тура.
Кечээ эле Жеңижоктун жанында жүрүп, анын өлбөс талантын, ички дүйнөсү таза, адамдык абийири бийик аруу жан экенин баалап, башынан өткөргөн жетимдиктин азаптуу күндөрүн эстеп, аны өзүмдүн бир тууганымдай көрүп, боорума кысып, аяп турдум.
Бүгүнкү күндө XXI кылымда бул учур жалпы адамзаттын тарыхында, тагдырына укмуштуудай сыноолорду берип жатат. Кыргыз дагы мындай сыноолордон четте калган жок. Мындай дүйнөлөшүүдө, чоң диалогдо биз кыргыздар ушунчалык тездикте өнүгүп жаткан жашоодо өзүбүздүн ордубузду кай жерден көрө алабыз? Биз кимбиз? Кай жакты көздөй баратабыз? – деген суроо азыр акыл-эстүү ар бир кыргыздын жүрөгүн өйүп турган убак.
Ушуга байланыштуу акыркы жылдарда кыргыз тарыхы, кыргыз касиети, кыргыздын жашоосу, философиясы, анын кайсы жакка бара жаткандыгы тууралуу өзүнүн өмүрүн, акылын, тажрыйбасын сарптаган агайыбыз Элүүбай Отунчиевдин “Жеңижок” үчил-
тиги (“Молдо Асан”, “Алтын казык”, “Сыйнат”) түпкү маңызын түшүнгөн кишиге бай казына.
Аны түшүнүп, сиңириш үчүн биринчи китептерин окушубуз керек. Ушул китептерди окуганда окуяларга көңүл бөлсөк, кыргыздар далай доорду башынан өткөрүп, далай турмуштун сыноолорунан өткөн десек жаңылышпайбыз. Келечекте Элүүбай агайыбыздын китептери миңдеген нускаларда басылып чыгып, мен кыргызмын деген ар бир инсандын үйүндө китеп текчелеринде турса деп кыялданам.
Эң өкүнүчтүүсү, Жеңижоктун өмүрүнүн аягына чейин туяк көрбөй өткөнү болду. Көөдөнү толо бук, көзү толо жаш болуп, наристе жытын эңсеп, ыңаалаган үнүн укканга зар болгону жүрөктү канатып, ушундай Улуу адамдан туяк калбаганы өкүндүрөт. Жеңижоктун Мамбеталынын үйүнө келип, кызы кичинекей Үмүтайды алдына алып, эркелетип, маңдайынан сүйгөндө, наристенин керемет жыты анын эсин оодарып, акылын эңги-деңги кылды.
«Оо Жаратканым, наристенин жыты бул жалган дүйнөнүн эмес, бейиштин жыты го?! Жер жүзүндөгү канча гүлдү жыттап көрдүм бири да мындай эмес…Жеңижок наристени бек кучактап жытын искеп, көпкө турду да, анан көзүнөн мөлт-мөлт этип тамган жаш сакалына сиңип жатты. Аны байкаган Көк сулуунун жүрөгү кабынан чыгуучудай лакылдап, көздөрү караңгылап, «Ээ кагылайын Кудайым, мага да ушундай бир чүрпө берсең, Өтөнүн жашын көрбөйт элем го», – деп ичинен сызганын окуп жүрөгүм канайт.
Ак куурайда муун жок,
Аркада калган уул жок.
Көк куурайда муун жок,
Көтөруп баккан уул жок.
Сүт куйган чарам толгон жок,
Сүйөргө балам болгон жок.
Аш куйган чарам толгон жок,
Аларга балам болгон жок.
Алтындан кемер байланып,
Айчылык кетсем айланып,
Айчылык жолдон келгенде,
Аталап чыгаар балам жок,
Арманды ичтен чыгарып.
Күмүштөн кемер байланып,
Күнчүлүк кетсем айланып,
Күнчүлүк жерден келгенде,
Күлүп чыгаар балам жок,
Күйүттү ичтен чыгарып…. – деп ырдаганда шолоктоп, көзүмдөн жашым тыя албай ыйлап жаттым.
Адамгерчиликтин туу чокусу – адамдык бийик сапатты, көөнөрбөс көрөңгөсүн туу туткан, асылзаада инсандан туяк калбаганына жаным кейип, ичим күйөт. Бири кем дүйнө деген ушул экен го деп улутунам.
Элүүбай Отунчиевдин чыгармаларын окуп чыккандан кийин, ушундай чыгармаларды жараткан Адам менен замандаш болуп калганыма сыймыктанып, болгондо да менин курбумдун атасы экенине сүйүнүп, ал адамга болгон урмат-сыйым артып, дасторкон четинде олтуруп баарлашкым келди.
Автордун, Элүүбай агайдын ушул “Жеңижок” үчилтикте, “Молдо Асан”, “Сыйнат”, “Алтын казык” китептеринде: кыргыздын басып өткөн жолун, тарыхын, санжырасын, кыргыздын салт-санаасын, үрп-адатын, нарк-насилин, санат-насыятын, кыргыздын баатырлары коргоп келген касиеттүү жерибизди, кыргыздын залкарлары мурас кылып таштап кеткен улуу өнөрлөрдү, кыргыздын чыгаандары үлгү кылып калтырган өрнөктүү эмгектерин кенен кесири чагылдырган.
Келечек муундарды Жеңижоктун баа жеткис ырларына сугарып, Мекеним, элим, жерим деген патриот муундарды тарбиялашыбыз керек.
Агайга ак тилектен каалоом 85 жаш кутман курак кут болсун! Элдин сыймыгы болуп, журт кадырлаган инсандардын катарында аман болуңуз, бар болуңуз!
Мариям АСАНОВА