Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Азгырыктан абай болгула!

Журналисттер менен болгон басма сөз жыйынында 25 жаштагы Самат Бабыркулов Президент С.Жапаровго жана Министрлер Кабинетине онлайн-казинолорду жабуу өтүнүчү менен кайрылды.
Ал бир жылдын аралыгында онлайн-казинолордун бирине жалпысынан 320 миң доллар уттуруп койгон. Натыйжада, ата-энеси баласынын жакын туугандарынан, досторунан алган карыздарынан кутулуу үчүн жашаган үйүн сатууга аргасыз болуп отурат.

Саматтын онлайн-казинонун торуна түшүп калышына мындан бир жыл мурдагы окуя себеп болгон. Күндөрдүн биринде ал достору менен шашлык жегени кафеге барышат. Алардын арасынан бирөө “Ринго трейд” ойноп жүргөн болот. Башында алар трейдинг деп ойлошот да, бирөө онлайн-казино ойноп, 30 миң сом утуп, кафедеги эсептерин жаап коет. Бул калгандарынын кызыгуусун пайда кылып, “Мага үйрөтчү” дешип суранышып, үйрөнүп, өз алдынча ойной башташат.

– “Ринго трейд” деген балээге кабылганга чейин баары Кудайга шүгүр болчу. Ата-энем жанымда эле. Убагында “Дордой” соода тармагында иштеп, контейнерим да, машинам да болгон. Азыр баарын уттурдум. Азыр “Ринго трейдге” азгырылып кирип кеткен, ошол төртөөбүздүн тең эч нерсебиз калбай калды. Убагында алдыбызда машина, чөнтөгүбүздө акча бар эле. Баарынан айрылдык. Буга өзүбүз себепкербиз, күнөөлүүбүз.

Былтыр жай айларында ойноп баштадык. Ырас, башында утуп, акча чыгарып жаттык, анда чоң сайган эмеспиз. Ал убакта “Ринго трейд” расмий иштеп жаткан. Канча бир сумма акча чыгаргандан кийин ого бетер кызыгуу пайда болот экен. Өз жумушубузду унутуп коюп эле, ошону менен жашап калдык. Ойноп, утуп, ойноп, утуп, анан утула баштадык. Туюкка кептелдик. Берки балдарды ата-энелери билип калып, урушуп токтотушкан. Айрымдары азыркыга чейин ойношот, арасында мен да бармын. Эң ири акча менен кирген менмин. Былтыр кышка чейин 120 миң доллар менен киргем. Анда үйдөгүлөр билип калып, бардык карыздарымды жапкан. Жадагалса аялы ооруп жаткан таякем баспаган аялын карабай, топтогон акчасын, 55 миң долларын мага берген.

120 миң доллар уттурган соң, ортодо төрт ай эч кандай оюн ойногон жокмун. Жумушка чыгып, иштеп жаткам. Кайра ойноп баштадым. Элден карызга ала берип, бул жолкуда 200 миң доллар уттурдум. Айрым сумманы карызга алсам, калганын үстөгү менен алгам. Азыр мойнумда 200 миң доллар карызым бар. Карыздан кутулуш үчүн ата-энем үйүбүздү сатып жатат. Башка айла жок. Үйүбүздү сатканда да карыздан кутула албайбыз.

Мен муну айтып, коомчулукка кайрылып жатканым, мага окшогон балдар көп. Аларды өзүм көрүп жүрөм. Бийликтен ушул онлайн-казинону жаап беришин суранат элем.

“Ринго трейд” ачык эле иштейт. Башында “Ринго трейддин” кассалары болчу, ошол аркылуу акча салчубуз. Кийин терминалдар аркылуу сала баштадык. Себеби, акчаны салып туруп, акча аккаунтуңа түшкөндө ойнойсуң. Кийин кофе-точка болгон соң, Bironex кассалары аркылуу акча салып баштадык. Терминал аркылуу чоң сумма сала албайт элек. Анан Bironex кассаларына барып, миллионго чейин акча салгандан кийин аккаунтка акча түшчү. Азыр кофе-точка жабык, Unipay аркылуу акча салып жатабыз.

Саматтын айтымында, “Ринго трейддин” точкалары шаар боюнча көп. Атын өзгөртүп, Ош базарында, Аламүдүндө, Сүйүмбаев, Ахунбаев көчөлөрүндө, Орто-Сайда иштеп келген. Азыр анын баарын жабышып, кайрадан атын өзгөртүп ачылганы жатат деп угуп жатабыз.

Самат оюндун азгырыгына кантип кирип кеткенин мындайча түшүндүрөт: “Башында 100 миң сомдой уткам. Ошондо токтотуп койсом болмок, бирок ойногон адам түшүнөт. Мына токтотом дейсиң, кантип жутулуп кеткениңди билбейсиң. Эми түшүнүп жатам. Карыздан кутулам деп кире бергем.

Туура, бизде Кыргызстандын жарандары казинодо ойношпойт. Бирок, көптөр “Ринго трейд” ойношот. Мурда “Тик-Токто” ойночу. Ал жабылып калгандан кийин инстаграм аркылуу ойноп жатышат. Өткөндө бир бала айтат: “Ата-энем контрактка деп 50 миң сом берди эле, уттуруп салдым, эми эмне болот?” дейт. Эми эмне кылмак эле, ата-энесине айтпай, башка бирөөдөн карызга алып, утуп, акчанын ордун толуктайм деген үмүт менен улам уттура берип, онлайн казинонун оруна батат да. Мен деле кичине өлчөмдөгү акчаны уттуруп, бара-бара аным чоң суммага айланып 320 миң доллар уттурдум”.

Саматтын атасы Бакыт мындай дейт: — Баламды балээ чырмады. Анын баарын биз кеч билип калдык. Бул балээге кабылганын билген соң, аны азгырык тордон чыгарам деп бир жылдан бери жүрөм. Бизге “Чыктым” дейт. Бирок мындан чыга албайт экен. Кыргыз бийлиги “Кыргызстандын жараны казиного кирбейт, аралашпайт” дешет. Тилекке каршы, онлайн-казино дегениң деле кадимки казино экен. Болгону онлайн ойнолот. Муну үйдө, менин жанымда отуруп деле, уюлдук телефон менен ойной берет экен. Башында түшүнбөй, “Ринго трейддин” офисин издеп жүрдүм. Көрсө, бул онлайн эле ойной берет экен. Мен алгач ошону билбей, жаңылып калдым.

Эми аракет кылып, карыздарын жапканга аракет кылып жатабыз. Мурдагы карыздарын жапканбыз. Бул карыздарын жапканга кудурет жетпей жатат. Айла жок, үйүмдү сатып жатам, мындан башка да беш балам бар. Көчөдө калып жатабыз.

Ата менен баласынын айткандарын угуп отуруп, жүрөк титиребей койбойт. Адамдын эң аялуу жери эле азгырыктар жана кумар оюндары. Аны мыйзамдуу тыюу салуулар аркылуу токтотууга болот. 25 жаштагы Саматтын тагдыры эл депутаттарын ойлонтуп, тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, тез арада кабыл алат деген ишенимдебиз.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар