Жети-Өгүз районунда 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
9-сентябрда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө 9 жаштагы кызды эки адам зордуктаганы тууралуу арыз түшкөн.
Бул окуя ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү адамдар кармалган. Алар ушул эле райондун 2005-жылы туулган Э.Э. жана 1999-жылы туулган О. А. аттуу тургундары болуп чыккан.