Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Кыргызстан менен Германиянын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Кечээ тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилдин жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү, тактап айтканда, соода-экономикалык кызматташтык, билим берүү жана «жашыл» экономика жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле алдыда боло турган иш-чаралар жана өз ара сапарлар боюнча пикир алмашуу болду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар