Кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» чек ара бекетин күтүүсүз текшерди.
Ал кемчиликтерди жеринен көрүп, тийиштүү жетекчилер менен кызматкерлерге тапшырмалар менен кошо эскертүүлөрдү да берди.
Ташиев чек ара бекеттерине жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен барарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо, аёосуз чаралар көрүлөрүн белгиледи.