Суук аба ырайынын башталышы менен электр жана жылытуу приборлорунун колдонуу көбөйгөнүнө байланыштуу турак жайларда өрт чыгуу ыктымалдыгы жогорулайт.
Кырсыкты болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу иш-чараларды көрүү керек:
— жылытуучу электр приборлорду, мештерди пардалардан жана эмеректерден алыс коюуу керек;
— кубаттуу электр приборлорун бир тармакка кошууга жол бербөө, бул электр тармагында ашыкча жүктөөгө алып келет;
— колго жасалган электр жылыткычтарын колдонбоңуз;
— үйдөн чыгуунун алдында газ жана электр жабдуулары өчүрүлгөндүгүн текшериңиз;
— балдарга дайым көңүл буруңуз, ымыркайларды кароосуз калтырбаңыз;
Жылытуу мештери иштетилген үй чарбаларынын жашоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
— жылытуу мештерин, эгерде бар болсо, өз убагында оңдоого;
— морлорду көөдөн тазалоо;
— мештин дубалынын жана мордун жаракаларын кум-чопо эритмеси, гипс жана актоочу мештер менен жабуу.
Үйүңүздү өрттөн сактаңыз!
Негизги коопсуздук эрежелерин сактоо сизди жана досторубузду кыйынчылыктан сактап калаарын унутпоо! Тепкичтер жана коридорлор коюу түтүнгө толсо, батирде калыңыз. Эң аз түтүн полго жакын экенин, ал эми жабык жана нымдалган эшик 20 мүнөткө чейинки убакытка жалын жана күйүү продуктуларынан коргой турганын унутпаңыз.
Өрт өчүрүүчүлөр сиздин жайгашкан жериңизди билиши үчүн, терезеге барыңыз, көңүл бурдуруңуз.
Бишкек шаардык Биринчи май райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери капитан Мураталы уулу Р.