Мени Ороз агай менен Азиз Биймырза уулу тааныштырган. Кытайдагы манасчы Жусуп Мамайдын музейинин жасалгасын жана музейине коюлчу 40 чоронун эстелигинин үлгүсүн Кыран деген жигит буюртма бериптир.
Жүрүңүз, сизди Айкөлдүн ааламы менен жашаган Ороз Байгожоев деген архитектор менен тааныштырам, – деп ээрчитип алды. Үйдүн жанында болгондуктан, анан калса Жусуп Мамайдын варианты дегенинен эскизин көргөнү ээрчишип жөнөп калдык.
Бардык. Ороз агай менен “Айкөлдүн ааламы” бизди алда кайда алып учуп, Алманбет атанын Сараласынан башталган Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнө ээси менен кошо жатканынан, Кошой-Коргонду аралап, Чубак, Музбурчак, Сыргак аталарыбыздын Кытайда жай алган жерлерине чейин алпарды. Мени таң калтырганы Чоюн Өмүралиев менен бирдикте, кыргыздын эс-тутумунан эчак өчкөн Манас атабыздын эн тамгасын таап чыкканы болду. Мен айран таң калдым. Архетип ушунча сактай алабы? Ороз агайда эмне деген сыр бар? Бул адамдын башына эс-тутумда жашачу эн белги кандайча келди? Эмне максат менен изилдеп калды? Сансыз кылымдын кайсы бир катмарында катылуу нерсе кантип оюна келди экен?
Ичиме батпай жаткан сансыз суроолорду араң кармап, бирок анын эргиген сөзүн бөлө албай угуп отурдум. Көптөгөн эскиздерди, сүрөттөрдү алдыбызга жая салып, Манастын өзүнүн белгиси, иштеп аткан иштерин айтты.
– Ии, сен дагы өзүңдү издеп жүргөн турбайсыңбы. «Манас» эпосу жөнүндө эмне билесиң? – деп калбаспы мени карап.
“Манас таануу” телеберүүсүн алпарып жүрбөйбү, менден жакшы билет го дегендей кылып Азизди карадым.
– Эч нерсе деле билбейм. Манасчы Жусуп Мамай атабыз тирүү кезинде батасын алдым. Бейиши болгур, а киши Манас өз өлкөсүнө кайтты деп тынч жатса дейм. Болгону улуу адамдын астында жөн гана пендечилик парзымды аткарып жатам, калганын тагдыр көрсөтөр, – дедим.
Ороз агай табылгаларын түшүнгөн кишиге айтып атам деп, “Манас” эпосунан:
Айың менен күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй”, – деген саптарын келтирип, мына ушул улуу саптардан Манас атабыздын эн тамгасын кантип алып чыкканын чечмелей олтурду. Издеген маалымат булактарынан баштап, окуган китептерине чейин бөлүштү. “Манас” айылындагы жана Таластагы “Манас ордодогу” эн белгилерди абдан жакшы билет экен.
– Ыйык нерсе туюк болот. Кытайдын ичкерки шаарларынын бирине менин жасагандарым кетти. Ал жактан соң Улуу-Чатка алып барып коюшат. Баары Жараткандын колунда. Оңой иш эмес, иштеп атабыз. “Манас” эпосу Африкада да улуу дастан бойдон калат. Кытайдагы кыргыздар дагы биздей эле Айкөл Манас атабызга, анын мурасына, эс тутумдагы келе жаткан энчиге акылуу. Ар кимде өз Манасы бар,– деди.
Азиз үчөөбүз бир топко чер жаза сүйлөшүп отуруп кеткен элек.
Өкүнүчтүүсү – Ороз агайдын жараткан эмгектеринин үзүрүн көрөрдө бул жалгандан өткөнү болду. Кыргызтаануучу илимпоз замандаштарыма «Манас» эпосун даңазалоонун дагы бир багыты катары эн-белгилерди изилдеген белгилүү архитектор О.Байгожоевдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында анын табылгасын илимий айлампага киргизип, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү менен илимий макалаларды чыгарууну сунуштайт элем. Графикалык дизайндагы О.Байгожоевдин «Манас» эпосуна байланыштуу табылгаларын – кыргыздын эн-белгисин мамлекеттин атынан пайдалануу эң туура болмок.
Кытай ойчулу Конфуций: ”Ааламды сөз жана мыйзам эмес, белгилер менен символдор башкарат” – деп айткандай, Ороз агай символдор менен иштегенге көкүрөгүн ачып берген экен. Кайталангыс этностили менен көчмөн маданият ааламын ачып кетиптир.
Анын эмгектерин шакирттери, жубайы Бурул эже, “Ороз Байгожо” фонду, кайдыгер калбаган замандаштары элине жеткирүүнүн үстүндө эмгектенип аракеттенишүүдө. Агайдан калган маданий мурастарды калың кыргыз журтчулугуна жайылтууга болгон аракетиңиздердин акыбети кайтсын!
Чолпон СУБАКОЖОЕВА