Бишкектин Профсоюз көчөсүндө бөтөлкөгө майды куюп саткан үйдөн өрт чыгып, ал толугу менен күйүп кеткен.
Май куюучу жайларда күйүүчү майдын (бензин) баасы орточо 68 сомду түзсө, көчөдө 60 сом. Желим бөтөлкөгө куюп сатып жаткандар өрт коопсуздугун сактабай турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын адистери өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Ички иштер министрлигинин, Салык кызматынын инспекторлору менен биргеликте атайын рейддик иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Анын жыйынтыгы менен мыйзамсыз соода кылгандыгы үчүн сатуучуларга тийиштүү чаралар колдонулууда.
“Мындай пландан тышкаркы текшерүү өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген жайларда сакталып жана сатылып жаткан күйүүчү майларды тазалоо, тилсиз жоонун алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу жана сатуу менен алектенген адамдарга түшүндүрүү, эң башкысы адам өмүрүнө коркунуч келтирбөө максатында жүргүзүлүүдө”, – деп билдирди Өрттү көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Алибек Алыбаев.
Мыйзамда кандай жазылган?
Кыргызстанда атайын белгиленбеген жерлерде (базар, дүкөн, соода борборлорунан сырткары) кандай гана сооданын түрү болбосун тыюу салынат. Ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүү үчүн жаран атайын салык кызматынан каттоодон өтүүгө тийиш. Соода кыла турган жери өрт коопсуздугуна жооп бериши керек. Ал эми өз алдынча чоң жолдун жээгине туруп алып соода кылгандарга салык кызматы мыйзам чегинде айып пул салып, товарын алып коюуга укуктуу.
Андыктан ар бир адам жасап жаткан ишинин мыйзамдуу экендигине көңүл бурушу зарыл. Тийиштүү органдар мыйзамсыз ишине бөгөт койгондо “Мамлекет ишкерлерге тоскоолдук кылып жатат”, – дебей, башынан мыйзамдуу иштеш керек. Мамлекет эч качан мыйзамдуу иштеп жаткандарга тоскоолдук кылбайт.
Сатуучулар эмне дешет?
Бишкектин көчөлөрүндө күйүүчү май саткандардын пикирин билүү кыйынга турду. Барып, эмне маселе менен келгенибизди айтаарыбыз менен эле тескери карап басып кетишти. Алардын ичинен өзүн Бекзат деп тааныштырган жаран гана оюн айтып берди.
Анын айтымында, күйүүчү майды Казакстандан алып келишет. Ар бир литринен 8 сомдон 10 сомго чейин пайда көрүшөт. Тийиштүү органдар рейд жүргүзүп жаткандыгы тууралуу маалымат башка сатуучулардан бат эле келет. Андыктан рейд жүрүп жаткан учурда соодага чыкпайт. Качан гана баары тынчып калганда кайрадан жумушун улантат.
Ал жолдун боюнда желим бөтөлкөгө куюлган бензинди сатат. Калганы унаасынын ичинде сакталат. Күйүүчү май куюлган бөтөлкө азайып калган сайын улам унаасынан алып чыгып толуктап турат. Бекзаттын айтымында, соода жакшы болгон күнү 200 литрден ашык күйүүчү май сатылат. Көчөдөгү соодагерлерден көбүнчө такси айдоочулары сатып алышат.
“Алар 12-14 саат тынымсыз машина айдагандыктан май көп керектелип, дайыма эле май куюучу жайдан куя алышпайт. Анткени, ал жерде кымбат, бизде арзан болгондуктан тапкан акчасын үнөмдөө үчүн бизге келишет. Айдаган унаасына ижара акы төлөшөт, андан башка дагы чыгымдары бар. Анан кымбат бензин куйса, чөнтөгүнө эч нерсе калбайт да. Ошондуктан таксисттер жана карапайым адамдар биздин туруктуу кардарларыбыз”, – дейт Бекзат.
Айдоочулардын пикири кандай?
Көчөдө күйүүчү май саткандар көбүнчө 10 литрлик желим бөтөлкөнү пайдаланышат. Айрымдарында гана 5 литрлик бөтөлкөлөр болушу мүмкүн.
Майдын баасы арзан болгону менен алардын бөтөлкөсүндөгү май туура 10 литр чыкпайт. Мындай пикирин көптөгөн айдоочулар айтышат. Алардын айрымдарынын айтымында, аргасыздан гана көчөдөн куюп калышпаса, май куюучу жерден эле куйган жакшы. Анткени, көчөдөгү сатуучулардын бөтөлкөсү толук 10 литрге жетпегени көрүнүп турат. Анын үстүнө көчөдө сатылып жаткан бензиндин сапаты начар. Алардын күйүүчү майын куйган соң, унаанын тартышы начарлап калат. Унаасынын моторун ойлогон адам көчөдөн куйбашы керек.
10 литрге чыкпайт дешет
Социалдык түйүндөрдө көчөдөгү соодагерлердин күйүүчү майын атайын өлчөп көргөндөрдүн видеолору көп. Ал видеолордо 10 литр деген желим бөтөлкөдөн 8,5 литр күйүүчү май чыккан.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”