Бишкектин четиндеги “Ак-Ордо 3” конушунда жүздөгөн үйлөр “кызыл китеби” жок салынган. Бирок алар бүгүнкү күнгө чейин жер үлүшүнө мамлекеттик акт (кызыл китеп) алыша элек.
2005-жылдагы бийлик алмашуунун арты менен Бишкектин айланасындагы айдоо жерлерди кээ бир адамдар басып алышкан. Ошентип, “кызыл китеби” жок эле айдоо жерди четинен кесип сатышып, бир ууч шылуундар пайда табышкан. Ал жер тилкелер колдон-колго өтүп, карапайым адамдар шылуундардын “Жакында кызыл китеп чыгарып беребиз”, – деген сөзүнө ишенип, маңдай тери менен тапкан акчасына үйлөрдү салышкан. Жер саткан мафиянын мүчөлөрү жарандарды алдап, бир эле жер тилкесин 2-3 адамга сатып жиберген фактылар дагы кездешкен.
Президент Садыр Жапаров кол койгон “Жер укуктук маселелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык, мурда салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштырып, “кызыл китеп” берүү каралган. Бул мыйзам менен өлкө боюнча миңдеген үйлөр документтештирилди. Анткен менен борбордун боорунда жайгашкан “Ак-Ордо 3” конушунун тургундарынын маселеси бүгүнкү күнгө чейин толук чечиле элек. Дал ушул “Ак-Ордо 1-2- 3” конуштарындагы жерлерди документтештирүүдө кетирген кемчиликтери үчүн бир кезде Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Сокулук районунун акими кызматынан кол жууган болчу.
Жетекчилер эмне дейт?
Административдик аймактык реформанын негизинде мурда Сокулук районуна караган “Ак-Ордо 1-2-3” конуштары эми Бишкек шаарынын Ленин районуна кошулду. Конуштун тургундары “кызыл китеп” маселеси менен күн алыс райондук администрацияга, МТУга келишет. Азырынча аларга канааттандыраарлык жооп да, реакция да жок.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалынын директорунун орун басары Мирлан Исмаилов ЖМКлардын бирине берген маегинде Жер мунапысы жөнүндө мыйзамдан кийин, Бишкек шаарынын аймагындагы 2517 кишиге “кызыл китеп” берилгенин айткан. Анын айтымында, үйүнө документ алуу үчүн арыз жазгандардын саны Бишкек шаары боюнча 10 000ден ашкан. “Ал эми Аймактык территориялык реформанын алкагында Сокулук районунун айрым жерлери Бишкекке кошулгандыгына байланыштуу Ленин райондук администрациясына “кызыл китеп” алуу үчүн арыз жазгандардын саны 15 миңден ашты. Ошентип, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында “кызыл китеп” алууну каалагандардын саны 30 000дей кишини түздү”, – деди ал.
Мыйзамда кандай жазылган?
Жер мунапысы жөнүндө мыйзамда 2021-жылдын декабрь айына чейин салынып калган үйлөргө гана документ бериле турганы так жазылган. Бирок, ушул мыйзам жарыялангандан кийин “Кызыл китеп чыгат экен да баары бир”, – деп бүгүнкү күнгө чейин үй салып жаткан жарандар дагы жок эмес. Тийиштүү адистер келип түшкөн бардык эле арыздарга “кызыл китеп” чыгарып бербейт. Алгач арыз тыкыр иликтенет, гугл карта аркылуу бул үй качан салынгандыгы аныкталат. Эгер чындап эле мыйзамга туура келе турган болсо гана “кызыл китепке” уруксат берилет.
Жарандын салып алган үйү таштанды талаасына жакын же кызыл сызыкта болсо, же дагы ушуга окшогон мыйзамга туура келбей турган жерде жайгашса, мындай үйлөргө уруксат берилбейт. Андыктан тийиштүү документтери жок жерди сатып алуудан же үй салуудан карманыңыз. Акча коротуп салган үйүңүз буздурулуп калышы мүмкүн.
Акча сураса, укук коргоо органдарына кайрылыңыз
Эгерде, атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү “Сиздин үйүңүзгө кызыл китеп чыгарып беребиз”, – деп акча сураса, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Анткени, комиссия мүчөлөрүнүн эч кимден акча алууга укугу жок. Тийиштүү төлөмдөр банк аркылуу гана жүргүзүлөт. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдө кызмат абалынан пайдаланып, жарандардан сый акы алып, 2021-жылдан кийин курулган үйлөрүнө документ жасап берип жаткандарды колго түшүрүүдө. Сиздин үйүңүз мыйзам талаптарына жооп бере турган болсо, ашыкча чыгымы жок эле документ аларыңызды унутпаңыз.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”