Акыркы жыйырма күндө өлкөдө уй этинин баасы кескин кымбаттап, баа маселеси коомчулуктун гана кызуу талкуусун жана нааразылыгын жаратпастан, Жогорку Кеңештин пленардык кеңешинин жүрүшүндө да сөз болуп, эттин баасын көзөмөлгө алуу тууралуу маселе көтөрүлгөн соң, тиешелүү мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнөн улам баанын өсүшү токтогондой болду. Болбосо, баа сентябрдын алгачкы он күндүгүндө күн сайын 10 сомдон кошулуп отуруп, 100 сомго кымбаттаган болчу.
Айрым депутаттар уйдун этинин баасы кымбаттаган менен фермерлер базарда мал баасы арзан экенин, мал арзан бааланып жатканына нааразычылык билдирип жатканын айтышууда. Акыркы эки жумада биз Чүй боорундагы жана Талас облусундагы мал базарлардагы баа менен таанышып, сатуучулардын жана алуучулардын пикирин сурамжылаганыбызда, быйылкы жаз айындагы баа менен азыркы баанын ортосунда кыйла айырма бар экендиктерин айтышты. Айталы, жылкы баасы 15-20 миңге көтөрүлсө, уйдун баасы 10-15 миңге көтөрүлгөн. Кой-эчки баасында анчалык кескин кымбаттоо жок. Кадимки чарба койлор жана союуга жарай турган койлор 12-18 миң тегерегинде. Эчкилерди 5-10 миңдин айланасында тапса болот.
Ырас, асыл тукум койлор, асыресе кочкорлор кымбат. Арашан тукумундагы кочкорлор 60-70 миң доллардан кем сатылбайт. Арашан тукумундагы асыл тукум койлорду 50 миң долларга бербей койгон учурлар кездешет. Себеби, бирөө гана. Кийинки жылдары Арашан тукумундагы койлор жана кочкорлор гиссар тукумундагы койлорго караганда да жогору бааланууда. Орточо салмагы 220 кило Арашан тукумундагы койлорду дүңүнөн 30-40 миң доллардан сатып алууга даяр фермерлер бар. Арийне, ал баага макул болбогон мал ээлери “Оболу өзүбүз көбөйтүп алып, анан гана сатыкка алып чыгышыбыз мүмкүн” дешет. Асыл тукум койлордой эле асыл тукум ангор эчкилери да кымбат – 20 миң сомдон кем таппайсыз.
Айыл чарба министрлиги сентябрь айынын башындагы уй этинин баасы 650 сомго чыкканын экспорттун көлөмү көбөйгөндүгү жана ички рынокто мал башынын азайып кеткени менен түшүндүрүп жатышат. Министрликтин жооптуу кызматкерлеринин айтымында, бааларды ооздуктоо жана андан аркы кымбаттоолорду болтурбоо максатында тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Албетте, бул жерде эт сатуучуларда эч кандай күнөө жок экенин белгилеп коюуга туура келет. Алар экспорттун көбөйгөнүнөн улам, ички рынокто уй этинин таңсыктыгы пайда болуп, анын өзү баалардын кымбаттаганын шарттаганын айтып жатышат.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, өлкөнүн аймактарында эт баасы ар кандай. Аталган кызмат Бишкектин, Оштун жана өлкөнүн башка аймактарындагы соода борборлорунда мониторинг жүргүзүшкөндө, Бишкектин Ош базарында уй этинин килосу 600-630 сом, кой эти 510-560 сом болсо, Ош шаарында уй эти 600 сом, кой эти 620 сомдон, Ош облусунун Кара-Суу базарында уй эти 550 сомдон, Таласта уй эти 490-520 сомдон, Жалал-Абаддын “Адилет”, “Береке” базарларында уй эти 580-650 сомдон, Караколдо 480-550 сомдон, Баткенде 560-600 сомдон, Токмок менен Кантта 550-600 сомдон сатылып жатканы белгилүү болгон.
Аталган кызматтын адистери базардагы эт баалары турукташканга чейин ар бир күнү мониторинг жүргүзүп турарын айтышууда жана баалардын өсүшү сезондук мүнөзгө ээ деп эсептешет. Алардын айтымында, эттин кымбатташына жайлоого чыгып, эттенип, семирип келген малды бордоп семиртүү үчүн байлап жатканы да себеп болушу мүмкүн.
Баалардын кымбатташынын дагы бир себеби — күз айларындагы аш-тойлордун сезону менен байланыштуу экендигин унутпашыбыз керек.
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Д.Жанузаков уй этинин кымбатташы Кыргызстанда ири мүйүздүү малдын аз калгандыгы, ошол себептен улам баа кымбаттаганы тууралуу божомол менен макул эмес. Ал Бишкек жана аймактардагы базарларга мониторинг жүргүзгөндө Бишкек шаарында уй этинин кымбаттаганы байкалганын, Каракол, Жалал-Абад, Баткен, Таласта эт баасы туруктуу экенин, баалар 10-20 сомго гана кымбаттаганын белгилеп, эттин кымбаттаганын малдын экспорту көбөйгөнү менен байланыштыруу туура эместигин билдирди.
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча адистин айткандары менен макул болбой
коюуга мүмкүн эмес. Өткөн жумада эле биздин тааныштарыбыз Таластан 20 кило уй этин 380 сомдон алдырышты. Анын айтымында, ай сайын Таластан уй этин 350 сомдон алдырып турат. Ушул жолу гана айылдык эт сатуучулар шаарда эт кымбаттаптыр го деген шылтоо менен, бааны 380 сомго көтөрүп коюшкан. Эт ташыган таксист да жол кире акысын 350 сомдон 500 сомго кымбаттаткан.
Бул мисалдан көрүнүп тургандай, көп учурда баанын кымбаттаганына адамдык фактор себеп.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”