Барпы Алыкулов — темирге оймо салгандай өлбөс-өчпөс ырларын калтырып кеткен, улуу махабатты ушунчалык чоң күч, ички ыкластык эргүү менен ырдаган классик акын.
Дүйнөлүк деңгээлден алганда махабат темасын чырайына чыгара жазган Хафиз, Навои, Гейне, Пушкин, Байрон жана башкалардын аты аталса, Барпы алардан ашса ашат, асты кем эмес. Барпы сабатсыз эле. Көзү да азиз болчу. Бирок, дүйнө таанымы, айлана-чөйрөдөгү бүткүл кыймылды анализдөөсү кенен болгон. Он сегиз миң ааламды, андагы күн, от, суу, шамалдан тарта, аң-сезимдүү адам пендесине чейин: анын жаратылыштагы ордун, аткарган вазийпасын, кетирген катачылыктарын ырга салган. Жалпы адамзаттык гуманизм жана теңдик маселесин көтөрүп чыккан ааламдык масштабдагы акындардын катарында турат. Ал эми сүйүү эйфориясы менен трагедиясын андан ашыра ырдаган акынды табыш кыйын.
Чыгыш акыны Руми: “жан дүйнөң сулуу болсо гана дүйнөнүн сулуулугун көрө аласың” – дептир. Сүйүүнү сүйүп ырдаган, күйүп ырдаган акындын дарамети, деңгээли жеке сезимдеринин маанайын чагылдырган өнөрүнүн жыйындысы бул анын ырлары, шедевр жаратмандары.
Махабатты ар бир ырдаган ырларында түркүн формалар менен чагылдырып, сүйгөнүн бир туруп кызыл гүлгө, бир туруп күмүшкө, бир туруп көктөгү жылдызга салыштырганы – барпылык тилде, такыр башка өңүттө, айтар-дей турганын конкреттүү бийиктикке көкөлөтө көтөрүү ыкмасы, анын стилдик ыкмасынын бөтөнчөлүгүнөн кабар берет.
Аялзатынын сулуулугуна суктанып кимдер гана ыр жазбады. А,биздин Барпычы? Алардан эч кем калышкан жок.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыгалбай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам…
Аялды балдын шириндигине теңеп жаткандыгы барпылык стиль болуп ченемделет. Салыштыруунун чыгаанынын ыр саптары – көпчүлүк акындарда эн тамгадай болуп, популярдуу колдонулган “жаным”, “ашыгым”, “асылзатым” – деген сөздөргө окшобогондугу, чыгыш-батыш акындарынан айырмаланган, анын “жеке чечендик формуласы” десек жарашчудай…
Дагы бир “ Ак жылдыз” деген ырында:
Угар болсоң узартып,
Жазгым келди катымды.
Өз атыңды жашырып,
Ак жылдыз дедим атыңды… –
деп кызды өз атынан айтпастан асмандагы ак жылдызга, астрономиялык-илимий түшүнүктөгү “Вега” жылдызына теңеп жатат. Ал ай-ааламдын түндүгүндөгү, эң жаркырак, кыргыздар “Ак Жылдыз” деп атаган “Вега” жылдызы. Ушуга окшогон саптардан, салыштыруулардан Барпыда атагы таш жарган дүйнөлүк акындардан кем калбастан, алар менен тең тайлаша ала турган дарамет болгонун баамдайбыз.
Ал сүйүү үчүн бүт баарын бергенге даярдыгын көрсөтүү менен ак сүйүүнүн канчалык жогорку табигый күч экендигин, жалбырттап жанган оттой күчтүүлүгүн чагылдыруусу, сүйгөн адамы үчүн түнү да көз ирмебестен, ага ашыктыктын нечен түрдүү саптарын айтууга даяр экендигин далил катары ырдап, анан албетте, өзүнүн сүйүүгө болгон ак дил мамилесин, чыныгы жүрөк үнүн созолонтуп сыртка бушаймандыкта, көкүрөктө туйлаган “дүрмөттү” чачып айтканы таамай сезилээрлик чыгат ыр саптарда.
Барпынын ушундай куплеттерде айтылган көөдөнүндөгү сүйүү оту, ыр менен “жүрөккө сайылган октору”, ашыктык тууралуу кеби анын тубаса төкмөлүгүн ашыра көкөлөтүп, башкалардан өзгөчөлөнтүп турат дайыма.
“Сүйүүнү сүйүп ырдадым” деген ырында акыныбыз:
Сүйүүнү ыйык көрөмүн,
Сүйүүдөн курчуйт өнөрүм.
Сайрашып булбул куш менен
Сүйүүнүн нурун төгөмүн.
Сүтактай таңды атырып,
Сүйүү деп жүрүп өлөмүн.
Классиктин махабат ырларында аялзатын ушунчалык барктап да, баалап да, аларды көкөлөтүп гана ырдап берип, назик заттарга болгон мамилесинде, чыныгы жүрөк үнүн чыгарганында бир дагы флирттик жок, эч кандай бир фальшты сезбейбиз, тетирисинче сүйүүнүн нурун төгүп, «сүйүү деп жүрүп өлөмүн» дейт ал ырларында.
Төкмөчүлүк өнөрүндө ааламдагы жалпы сулуулук Барпы Алыкуловго изги кубат берип, анын нукура даанышмандыгы жаратылыштагы индивиддин ажайып керемети болгон аял жана аялдык сулуулукту жогору баалап, эмоционалдуулук менен сүрөттөп, чыгармалардын поэтикалык формасын жуурулуштуруп бергендигинде жатат.
Акын ырларында махабаттын бийиктигин, махабаттын ыйыктыгын ачып көргөзүп, ошол сулуунун басканын, суйкалганын жана көздү, кашты кошуп ырдай, бийик сезимдерин “Өзгөчөмдө” ажайып дем менен баяндап айтып жатат:
Көк жибектей эшилип,
Бураласың өзгөчөм.
Алты кар баскан түлкүдөй,
Чубаласын өзгөчөм…
Жакуттай көзүң туптунук,
Балбылдайсың өзгөчөм.
Жал-жал карап күлүңдөп
Жаркылдайсың өзгөчөм…
Мында чыгарманын идеялык, композициялык борбору аялдын сулуулугун чагылдырган көз, каш, баскан кадамдары туурасында болуп, мисал келтирилген саптарда не бир укмуш элегия жаткандыгын, ичте нечен “от жанып” тургандыгын айткан акын махабатты ырдоону жана жан ашыгына өзгөчөлүктүү үнү аркылуу таасын жеткире алган таланттуу сүрөткер экендиги жана автор ой-ниетин көркөм ишке ашыруунун жекелик жолдору аркылуу берүүдө деп түшүнүүгө болот.
Керемет сөздөрү аркылуу ашыктыктын ырларын айтуу менен кыргыз сулууларынын ай чырайларын, сымбаттуу дене мүчөлөрү тууралуу баса белгилеп ырдаганынан улам, махабатка олуттуу кайрылганын окуп, эгерде Барпы сүйүү романтикасына жөн жай, үстүртөн эле салкын токтолгондо, анын бул жаатта айткан ырларын окуп жаткан окурманга мынчалык демдүү сезилээрлик болбостон, денеге чок салгандай туюлбайт болчу деген жыйынтыкка келсек туура болоор.
Жаштайынан оор турмушту: жокчулук, ачкачылык замандагы зордук-зомбулукту, теңсиздикти көп көрүп, бирок оор сыноолорго мүңкүрөп олтуруп калбастан, бели бекчейбестен жашоону сүйүп, жашоодогу сүйүүнү сүйүп, жашоо үчүн күрөштө кыйын кезеңди бекем руху менен жеңген ойчул инсан, аны ырлары аркылуу баян эткен акын, аял менен эркектин ортосундагы табигый сезим болгон сүйүүнү бапестеп ырга салгандыгы, махабат тематикасында кыргыз акындарынын ичинен эч кимди алдыга чыгарбагандыгы жана дүйнөлүк шедеврчи-акындардан кем калбай даңктагандыгы бул – даанышманыбыздын феноменалдык чеберчилигинен кабар берет.
Кайрат ИСКЕНДЕРОВ, публицист, Сузак району