Париж-2024 Паралимпиада оюндарында пауэрлифтинг (оор атлетика) боюнча өлкө намысын Миргүл Болоталиева коргоп, 8-орунду ээлеп келди. Миргүл айым Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарында туулуп-өскөн. 3 жашында булакка чөгүп, аман калганы менен эки буту баспай, 2-топтогу майып болуп калган. Ал 4-классынан баштап, Кара-Балтада жайгашкан Панфилов атындагы майыптардын атайын мектеп-интернатында окуган. Кийин Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Соңку 3 жылга чукул убакыттан бери пауэрлифтинг боюнча машыгып, Паралимпиада оюндарына жолдомо алган алгачкы спортчу. Миргүл айым менен маек курдук.
– Миргүл айым, спортко кандайча келип калдыңыз?
– Мен жатак мектепти чогуу окуп, бүтүргөн классташым, пауэрлифтинг боюнча эл аралык спорт чебери Эсен Калиевдин сунушу менен оор атлетикага келгем. Бирок, башында оор атлетиканы кыздарга туура келбейт, дене мүчөсү бузулат деген ой менен көңүл бурган эмесмин. 2019-жылдагы коронавирус пандемиясына чейин жакын санаалаштарымдын сунушу менен кол күрөшкө (армрестлинг) барып жүрдүм. Алгач эч кандай даярдыктан өтпөй эле мелдешке чыккам. Мага болгону эрежелерин гана түшүндүрүп беришкен. Ошентсе да Кыргызстандын чемпионатында атаандаштарымды кыйналбай эле жеңип алгам. Мен финалда кимди утканымды билген эмесмин. Көрсө, мен Азиянын 2 жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү менен күч сынашкан экем. Анда оң жана сол колдон өлкөбүздүн абсолюттук чемпиону болгом. Ошол күндөн тартып, 3 жолу чоң мелдешке катыштым жана спортко кызыгып баштадым. Менин спортко болгон кызыгуумдун ойгонгонун байкаган классташым Эсен кайрадан оор атлетикага чакырып, кыз-келиндерден алгачкы пауэрлифтинг менен машыккан жана Паралимпиадага катышкан майып спортчу болуп калдым.
– Пауэрлифтингке келгенден бери кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
–2021-жылдан олуттуу машыгып баштадым. Ошол эле жылы Дубайда өткөн Дүйнөлүк кубокко барып, эң акыркы орунда калдым. Бирок, жеңилүүгө багынбадым. Кайра эле Грузияда өткөн турнирге барып, бир аз алдыга жылдым. Ошентип, ар бир катышкан турнирде улам алдыга жылып, бул спорттун сырын, ыкмаларын терең үйрөнө баштадым. 2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына уюштуруучулары “айымдарды колдойлу, аларга дем күч, мотивация болсун” деген тилекте мага олимпиада отун көтөртүп, эстафетага катыштым. 6-орунду ээлеп, кубануу менен шыктанып калдым. Бир айдан кийин Таиландда өткөн Дүйнөлүк кубокто күмүш медаль тагындым.
– Париж Паралимпиада оюндарына жолдомону кантип алдыңыз?
– Паралимпиадага катышуу үчүн упай топтолуучу же болбосо, шарттуу түрдө катышуучу мелдештер болот. 2022-жылы шарттуу түрдө катыша турган бир эл аралык мелдешке каражат жоктугунан баралбай калып, олимпиадалык рейтингге киргизбей коюшкан. Биз Эл аралык Паралимпиада комитетине (ЭПК) кайрылуу жасап, барбай калуубуздун себебин түшүндүрдүк. Жыйынтыгында олимпиадага катышууга жол ачылды.
– Паралимпиададагы атаандаштарыңыз кимдер болду?
– Паралимпиададагы негизги атаандашым польшалык айым болду. Биздин пауэрлифтинг спорту боюнча 2 медаль берилчү. Биринчиси максималдуу оор салмак көтөргөнүбүз жана экинчиси 3 чыгуудагы эсептин жыйынтыгы боюнча. Бирок, Парижде максималдуу оор салмак көтөргөн спортчуларга гана байге берилди. Мен максималдуу оор салмакты көтөрүүгө аракет кылдым. Толук кандуу машыгууга шарт жоктугунан, байгелүү орунга илинбей калдым. Эң башкы максатым – Паралимпиада оюндарына катышуу менен өзүм сыяктуу майыптарды шыктандыруу, өзүнө болгон ишенимди жаратуу эле. Кийинки Паралимпиадага кандай даярдык көрүү керектигин түшүнүп, олимпиа-данын аурасын сезип келдим.
– Бул спорттун сырын үйрөтүп, кеп-кеңештерин айткан жеке устатыңыз, машыктыруучуңуз барбы?
– Мага кеңешин берип, бул спорттун сырын, ыкмаларын үйрөтүп, колдоп жүргөн менин эң биринчи машыктыруучум башта айтып өткөн классташым Эсен Калиев. Ал Эл аралык даражадагы тажрыйбалуу майып спортчу. Майыптар спортунда анын эмгеги, мээнети чоң. Машыгуу залына барганга мүмкүнчүлүгүм болбой жаткан кезде автоунаасы менен үйдөн алып, кайра үйгө жеткизип жүрдү. Кийинки колдоочум пауэрлифтинг боюнча өлкөбүздүн башкы машыктыруучусу, эл аралык спорт чебери Жыргалбек Орозбаев. Анын да жардамы зор болду. Мелдештердеги программалар, даярдыктар боюнча көмөк көрсөтүп, Паралимпиадага коштоп барды. Негизи эле биздин пауэрлифтинг боюнча майып спортчулар аябай ынтымактуу. Биз бир-бирибизге кеп-кеңеш айтып, өз алдынча тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүп, бир туугандай жан тартабыз, кимибиз кайсыл түрдөн жакшы же күчтүү болсок, аны колдоого алып, дем-күч берип, шыктандырып турабыз.
– Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин олимпиадалык резерв спорт мектеби сиздерге камкордук көрө алдыбы?
– Негизи параспортчулар көп жылдардан бери Бишкектеги майыптардын өзүнчө спорт мектебинде машыгып келе жаткан элек. Ал жактан буга чейин Паралимпиада оюндарына 2 жигит гана катышкан. Аднан Жабраилов деген машыктыруучубуз туура эмес талаптарды койгондуктан программа боюнча да, өзүбүз менен иштөө боюнча да жыйынтык чыкпады. Мектептин директоруна, мэрияга арыз менен кайрылганбыз. Акыры машыгууларга барбай курама команданын бардык мүчөлөрү ал жактан чыгып кеткенде гана ал машыктыруучу иштен бошотулган. Анын ордуна биздин кураманын бир спортчусун башкы машыктыруучу кылып, ишке алышканы менен жеке машыктыруучу болгон жок. Биз башка залдарга барып, машыгып баштадык. Каражаттын жетишсиздигинен тоскоолдуктар жаралды. Кээ бирлерине машыгуу залына барганга жол каражаты табылбай калган күндөр болду. Ошондой күндөрдө Бишкектеги “Стронг” клубу жардам көрсөтүп, колдоого алды. Учурдан пайдаланып, клубдун жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Алар “каалашыңарча машыккыла” деп канчалаган майып балдарды кабыл алды. Башында бардык спортчулар менен кошо машыктык. Азыр бизге өзүнчө көңүл бурушуп, атайын бизге ылайыкталган шарт түзүп, залдын бир бурчун беришти. Бирок, бизге арналган атайын жабдыктар жетишсиз. Мисалы, майыптар үчүн атайын штангабыз жок. Биз штанганы көтөргөндө, жыгылып кетпешибиз үчүн бутубуз байланышы керек. Пауэрлифтинг спортунда колдору күчтүү болгону менен буттары жабыркагандар бар. Оор атлетикадагы ден соолугу чың спортчулар штангаларды көтөргөндө буттарына таянышат. Бизде андай таяныч жок болгондуктан, биздин жабдыктардын айырмасы чоң.
– Кыйынчылык күндөрдө спорттон кетип калууну ойлогон жоксузбу?
– Башында ошондой ойго кабылдык. Бирок, намыс үчүн, бизден башкаларга үлгү, өрнөк болуу үчүн таштап кете албадык. Мисалы, өзүбүздүн эле жашообуздан алып карайлы. Ата-эне баласы майып болуп төрөлүп калса, аябай кайгырып, “мунун жашоосу бүттү, бул балама жашоонун мааниси жок” деп ойлонушат. Ошондой үй-бүлөлөргө үмүт жандырып, үлгү бололу, бизди көрүп, аларда алдыга максат коюп жашасын, өзүн бааласын, өзүнө ишеним жаратсын, майып болсо да ийгиликтерди багынтса болоорун көрсөтөлү дедик. Бизди көргөн ата-энелер, майып балдары үчүн капаланбай, аларга ишенип, колдоо көрсөтөт деген ишеним менен кыйынчылыктарга карабай машыгууларды улантканбыз.
– Ата-бабаларыңызда сиздей болгон спортчулар чыкканбы?
– Менин чоң атамдын атасы балбан киши болгон экен. Өзүмдүн атам грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери. Мен төрөлгөндө “ушул кызымды спортчу кылам” деп тилек кылган экен. Анан мага өзгөчө көңүл бөлүп жүргөндө мен ооруп, майып болуп калдым. 2019-жылы кол күрөш боюнча мелдеште медаль тагынганымда Алла Таала атамдын тилегин орундатты деп кубангам. Менин 3 эркек бир тууганым бар. Атам шахматты да жакшы ойнойт. Бир туугандарым, алардын балдары шахмат боюнча мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүрүшөт. Менден кийинки иним бильярд боюнча дүйнөлүк мелдештерге катышып жүрөт.
– Спорттон тышкары өз кесибиңиз менен да иштейсизби?
– Бухгалтерлер отуруп иштеген үчүн, мен иштей алам деген ой менен экономика факультетин тандагам. Бирок, мен ойлогондой болбоду. Ал учурда азыркыдай интернет кеңири жайылбагандыктан мага ыңгайсыздык жаралды. Бухгалтерлер салык кызматы жана башка документ иштери менен алектенишет эмеспи. Ошондуктан, кесибимди өзгөртүп, тигүүчүлүк менен алектенип баштадым. Азыр Москва шаарында Жеңил өнөр жай дизайнерлиги бөлүмүндө дистанттык формада окуп жатам. Кийинки жылы Москвага барып, күндүзгү бөлүмүнө которулуп, терең билим алып келүүнү тилек кылып жүрөм.
– Пауэрлифтинг спортундагы эң негизги көйгөйлөрдү атай кетсеңиз?
– Атайын биз үчүн штангалардын, жабдуулардын жоктугу. Биздин курама команда мелдештердин алдында машыгуу үчүн майыптардын спорт мектебинен штанга сурап келебиз. Даярдануудан өткөндөн кийин кайра тапшырабыз. Негизи даярдануулар бүтөрү менен 2 күн ичинде, күчүбүздү жогото электе мелдешке жөнөп кетиш керек болсо, биз 1 ай мурун штангабызды кайра тапшырабыз. Кыскасы, көйгөйлөр, тоскоолдуктар, ыңгайсыздыктар көп. Негизи балдарда колунан, далысынан жаракат алып калган учурлар абдан көп. Мунун себеби, штангалардын алмашуусу жана жоктугу. Биз дени соо оор атлетичилердин штангаларын айла жоктон, ыңгайсыз болсо дагы көтөрүп машыгабыз. Анан кайра майыптардын штангасы менен машыгуубуз зарыл.
– Жетишпеген жабдыктар, ыңгайлуу шарттар үчүн эл аралык уюмдарга кайрылуу жасадыңыздарбы?
– Жок. Себеби, биз кайсыл жакка кайрылуу жасоону да билбейбиз. Биз машыгуу жана мелдештер менен эле алектенип калдык. Эми Паралимпиада оюндарынан келгенден кийин, долбоорлор боюнча эл аралык уюмдарга жана ишкерлерге кайрылсак деген ой бар.
– Майып спортчулар үчүн атайын доктор же психолог барбы?
– Бизди көзөмөлдөп туруучу атайын докторубуз, психологубуз жок. Бардык спортчулардын доктору Бактыгүл Насыровага барып, мелдешке жарактуу деген күбөлүк алабыз. Жада калса, кандай витаминдерди ичишибиз керек экенин сураганга докторубуз жок. Допинг, кызытма текшерүү да биз үчүн чоң көйгөй. Мелдештерге барганда, текшерүүдө допинг чыкпаган балдардын жеген тамактарын гана жейбиз. Былтыркы жылдан бери стипендия алып, ошол каражат менен жеке менчик ооруканаларда дарыланып, ден соолугума кам көрүп баштадым. Жок дегенде жарым жылда бир көзөмөлдөн өтүп, дарыланып турушубуз керек экенин эми түшүндүм.
Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы