whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЧүй облусунун окуучулары эл аралык долбоордун тандоо туруна катышты

Чүй облусунун окуучулары эл аралык долбоордун тандоо туруна катышты

28-29-сентябрда Кант жана Кара-Балта шаарларында Beginit Central Asia by inDrive эл аралык долбоорунун тандоо туру болуп өттү. Программа Кыргызстанда жана Казакстанда социалдык лидерлердин жаңы муунун тарбиялоого багытталган. Beginit  студенттерди лидерлик сапаттарды өздөштүрүү жана өз мекенинин көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган  демилгелерин ишке ашырууга чакырат.

«Билимкана» фондунун Кант жана Кара-Балта шаарларындагы мектептеринде өткөн иш-чарага Чүй облусунан 100дөн ашык окуучулар, алардын ата-энелери жана мугалимдери катышты.

Тандоо турда Чүй облусунун мектеп окуучулары социалдык лидерлик демилгелерин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн лидерге кандай компетенциялар жана инструменттер керек экендигин талкуулашты. Андан соң катышуучуларга социалдык лидерлик темасына болгон кызыгуусун жана өз аймактарында долбоорлорду ишке ашыруу каалоосун аныктаган тапшырмалар сунушталды. Тестти ийгиликтүү тапшырган катышуучулар долбоордун кийинки этабына чакырылат.

Программанын эң мыкты финалисттери inVision U университетинин Foundation Year программасына чакыруу алышат, ошондой эле чет өлкөгө билим алууга жолдомо,  даярдоо экзамендерине бекер курстарды жана  ноутбуктарды утуп алышат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар