Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Ысык-Көлдө Тоң райондук сотунун төрайымы кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Тоң райондук сотунун төрайымы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы А.Г.Н. 2024-жылдын 27-сентябрында 3000 АКШ долларды ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалган.

Тинтүү жүргүзүү учурунда сотунун төрайымы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты, калган 500 АКШ доллары ортомчудан алынган.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар