Токтогул шаары өзүнүн суктанарлык жаратылышы, таланттуу чыгармачыл маданият өкүлдөрү менен өзгөчөлөнгөн, жогорку сапаттагы бал жана электр энергиясын өндүрүүдө чоң потенциалы бар аймак.
Административдик-аймактык реформанын негизинде Токтогул шаардык мэриясынын карамагына Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Арал, Куйбышев, Комсомол, Кара-Суу, Кызыл-Туу жана Жаңы-Жол айылдары кошулган.
Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында жолдорду тейлөө, тротуарларды куруу жана калыбына келтирүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, туризмди өнүктүрүү максатында эс алуу жайларынын абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча шаар башчылыгында бир топ иш-аракеттер аткарылды. Бүгүнкү күндө Куйбышев айылында Амандос, Жаңы-Жол айылынын Абдрахман көчөлөрүндө жана Арал, Кызыл-Туу айылдарында мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, кеңейтилип, асфальт төшөө иштери башталуу алдында турат. Куйбышев айылынын Курсант көчөсүнүн 500 м жолуна асфальт төшөлдү. Кара-Суу айылынын Асанбай көчөсүнө АРИСтин “CASSA-1000” долбоору аркылуу асфальт төшөө пландалып, азыркы тапта эки тарабына суу өтүүчү куурлар орнотулуп, жөө адамдар үчүн тротуарлар курулду. Ошондой эле Токтогул шаарынын Момункулов, Кенжетаев көчөлөрүндө 800 м жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу иштери башталды. Мындан тышкары Жаңы-Жол, Комсомол айылында жана Итагар суусундагы көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Электр тармагында да эскилиги жеткен электр мамычалары алмаштырылууда. Арал, Жаңы-Жол, Кызыл-Туу, Куйбышев, Комсомол айылдарында 130 электр мамычасы, 5850 м зым чубалгылары тартылып, жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 190 прожектр орнотулуп, шаардын Суеркулов көчөсү жарыктандырылды.
Таза суу менен камсыздоо
Калкты таза суу менен камсыздоо жалпы 72,1 пайызды түзүп, 2025-жылга карата 90,7 пайызга чыгуу пландалуу-да. Европа өнүктүрүү Банкы тарабынан “Таза суу” долбоорунун 1 фазасынын алкагында үнөмдөлгөн акча каражатынан, 875,0 миң евро гранттын эсебинен 8 км аралыкта Суеркулов-Бөкөнбаев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы ички көчөлөргө таза суу түтүктөрү тартылды. Экинчи этабын ишке ашырууга 18,0 млн. евро керектелип, 2025-2026-жылдары шаарга караштуу Куйбышев, Жаңы-Жол жана Кызыл-Туу айылдарына суу түтүктөрүн куруу пландалууда. Азыркы учурда керектүү документтер Европа өнүктүрүү банкына тапшырылган. “Аль-Рашид” кайрымдуулук фондунун 3 млн. 450 миң сомдук каржылоосу менен Кара-Суу айылында жер астынан насос менен суу тартып берилип, 230 үй-бүлөнүн таза суу муктаждыгы чечилди. Башка айыл аймактарда да муниципалдык “Булак Суу” ишканасы тарабынан суу түтүктөрүн тартып берүү, тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.
Социалдык объекттерди оңдоо
Токтогул шаарынын Коргол көчөсүндө 75 орундуу бала бакча курулуп, ишке берилди. Арча-Бешик, Күн-Нуру бала бакчалары оңдолду, ал эми Комсомол айылында ФАПтын имаратын 200 орундуу бала бакча кылуу боюнча капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Токтогул шаарындагы А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинде “Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” (АөБ) долбоорунун алкагында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, материалдык-техникалык базасы толукталды. Ошондой эле Токтогул районунун өнүктүрүү фонду тарабынан лицейдин ашканасына эмеректер жана жабдуулар алынып берилди.
Д.Турдуманбетов орто мектебинин чатыры толугу менен алмаштырылып, сырткы фасады учур талабына ылайык жасалгаланып, короосуна брусчатка төшөлдү. И.Умаров атындагы орто мектебинин имаратынын сырты ремонттолуп, айланасы тосулду жана Куйбышев айылындагы Иманбаев орто мектеби толук ремонттон өткөрүлдү. Шаардын Разылканов көчөсүнө, Таласбай кичи районуна мектеп жана бала бакча, Турдумамбетов мектебине спорт зал куруу пландалууда.
Элмирбек Иманалиевдин эстелиги коюлду
Төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин эстелиги коюлду. Токтогул шаарынын Суеркулов көчөсүндөгү тротуарларга өзгөчө дизайндагы 30 чоң жана 7 кичине вазон орнотулуп, гүлдөр отургузулду.
2024-жылга спорт комплексин куруу-га “Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинен 25 млн. 588 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө спорт комплекстин залынын жана административдик имаратынын фундаменти, темир түркүктөрү, каркастары толугу менен орнотулду, чатыры жана дубалы панелдер монтаждалат. Суеркулов көчөсүндө кичи-футболдук аянтча ремонттон өткөрүлүп, ишке берилди. Кара-Суу айылына чакан футбол аянтча курууга долбоор даярдалып, ишке ашыруу пландалууда.
Мектеп окуучуларынын арасында өткөн облустук, республикалык шахмат, футбол, баскетбол, волейбол оюндарына катышкан жаш спортчуларга жана жаштар арасында өткөн интеллектуалдык оюндардын жеңүүчүлөрүнө акчалай колдоолор көрсөтүлүп келет. Ошондой эле шаардын аймагындагы мектептерде улуттук ордо, тогуз коргоол, хан таламай улуттук оюндары боюнча мастер класстар өткөрүлдү. Белгилүү даталарга карата болуп өткөн иш-чараларда спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары шаардын аймагындагы кичи футбол аянтчасында жаштар арасында футбол, волейбол оюндары тынымсыз уюштурулууда.
Туризмди өнүктүрүү
Туристтерди тейлөөнү жакшыртуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Чычкан капчыгайында туризмди өнүктүрүү максатында ички жана сырттан келген туристтердин тартылуусу аркылуу жаңы жумуш орундары түзүлүп жатат. “Бек-Ордо”, “Бекташ” жана “Алтын-Балык” эс алуучу жайы, конок, шерине тосууга ылайык жана туристтер үчүн өзгөчө жасалгаланган боз үй, суунун жээгине эс алуучу тапчандар калкты тейлеп келишет. Кайрак участкасында “Чынар” панорамасы ачылган, 200 орундуу, мейманкана, конок, шерине, куда-тосуу, үйлөнүү-үлпөт тойлорун өткөрүүгө ылайыкталган, анда жайкы эс алуучу тапчан, бассейн, балдар ойноочу жайлар курулган.
Чычкан капчыгайында “Белек”, “Жолдош-Ата”, “Озон”, “Ак-Илбирс” ж.б. туристтик жайларда ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондой эле жайкысын Итагар, Турагайын, Ак-Көл, Үч-Жат, Корумду жайлоолорунда атайын ички, тышкы туристтер үчүн боз үй, чатыр, тапчандар орнотулуп, дарылыкка бээнин сүтүн, саамалын, кымызын пайдаланышууда.
Борбордук стадион оңдолууда
Э.Ормонов атындагы борбордук стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүгө республикалык бюджеттен каражат каралып, курулуш иштери башталган. Учурда демонтаж иштери аягына чыгарылып, оюн аянтынын негизин түптөө иштери
жүргүзүлүүдө.
Шаар аймагында жана жакынкы айылдардын генпланын учур талабына ылайык жаңыртуу максатында жана кезекте турган жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүгө жер тилкелерин трансформациялоо боюнча да иштер аткарылууда.
Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштери УКМК тарабынан аткарылууда. Алсак, жалпы аянты 1,3 га болгон “Токтогул” автобекети, Козубеков паркында 1,49 га жерге жайгашкан жайкы кинотеатрлар, өз чегинен ашкан курулуштар, өзүм билемдик менен тосулган жайыт жерлер ж.б. кайра мамлекетке кайтарылууда.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”