Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын шаарлары менен айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык аймактык реформаны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, башкаруунун жаңы системасын түзүү боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган иштер соңуна чыгып калды.
Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарда жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо болуп саналат.
Учуда, Сары-Өзөн Чүйдө айыл өкмөттөрдү ирилештирүү жана кайрадан каттоодон өткөрүү иштери аяктап, толук кандуу иштер жүрүүдө.
Айыл чарбасы
– Алексеевка жана Жайыл айылдарындагы ички ирригациялык тармактарды оңдоо, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана сугат сууну үнөмдөө боюнча долбоор жактырылып, бүгүнкү күндө Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоору менен биргеликте 40 адамга 12,0 тонна ун жана 12000 литр суу май берилмекчи. Долбоордо колдонула турган курулуш материалдар жергиликтүү бюджеттен эсебинен 500,0 миң сомго сынак жарыяланып алынып берилди. Бүгүнкү күндө 125 м3 бетон арык куюлуп колдонууга берилди.
Билим берүү
– АРИС долбоору тарабынан «Колосок» бала бакчасынын чатырын алмаштыруу боюнча сынак жарыяланып, келишим «Нурмираминаина» ЖЧКсынын подрядчыларына үстүбүздөгү жылдын башында ыйгарылган. Жалпы наркы 2 849,5 миң сомду түзгєн “Жайыл-Ата” билим берүү имараттарын оңдоо боюнча бүгүнкү күндө иштер 100% бүттү. Кошумча иштерге жергиликтүү бюджеттен 89,0 миң сом каралды.
3 сааттык «Наристе-Калдык» жана «Жайыл-Ата» бала бакчаларынын имараттары толугу менен бүткөрүлдү. Аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги жана Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылды. Алексеевка айылына кошумча башталгыч мектеп куруу иштери 2026-2028-жылдары республикалык бюджет же инвесторлор менен долбоор аркылуу ишке ашырылат.
Спортту өнүктүрүү
– Жайыл айылында кичи футбол аянтчасын куруу боюнча жаштарды тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо багытындагы бул долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жактырылды. «Нурмираминаина» ЖЧКсы менен долбоор түзүлүп, иш башталды. Бул долбоор дем берүүчү гранттан 3926,8 миң сом, 1000,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланып, бүткөрүлүүдө.
Жолдорго асфальт төшөө
– Алексеевка айылынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан Ж. Базаркулов көчөсүнүн асфальт-бетон иштерин бүткөрүү, Алексеевка айылындагы Базаркулов көчөсүнүн төмөнкү жагы Дем берүүчү гранттан 3212,4 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 4818,6 миң сом каржыланып, бүткөрүлүүдө.
Саламаттык сактоо
– Кара-Дөбө айылындагы жергиликтүү тургундарга шарт түзүү максатында ФАП куруу иштери 14-февралда АРИС тарабынан жактырылып, «Кыргыз лидери Курулуш «ЖЧКнын подрядчыларына ыйгарылды.
Бүгүнкү күндө келишимге кол коюлуп, долбоордун сметалык бөлүгүнүн мамлекеттик экспертизасынын корутундусу алынды, үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда документтер Жайыл райондук архитектурасына Курулуш жөнүндө каттоого берилип, курулуш иштери жүрүп жатат. АРИС тарбынан 5265,3 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 1698,3 миң сом каралды.
Калдык айылындагы «Ас-Сафа» гуманитардык фонду аркылуу ФАП куруунун курулуш иштери башталып, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”