Кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековду, Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсуновду, акын, котормочу Совет Урманбетовду тааныбаган кыргыз болбосо керек. Жакындан тааныгандар бул инсандардын кызыктуу окуяларын, кылык-жоруктарын ар кандай кылып айтып келишет. Үч залкардын эл биле элек окуяларын Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов айтып берди.
Түгөлбайдын Эстебести эсине келтирип, Уркашты урушканы
– Совет Урманбетов бир жылдары филармонияда адабий бөлүмдү жетектеп калды. Төкмө акындарды тартипке салып, аларга багыт берип жүрдү. Биз менен көп иштегенгеби, эмнегедир Асанкул Шаршеновго жакын болчу. Ал кезде бөлөк улуттар көп болгондуктан кыргыз бригадалары биригип жыл аягында бир чоң концерт берчүбүз. Концертке даярданып жатсак Совет Урманбетов: “Ай, ушул концертибиз негедир жакшы болгону турат. Мен ага Түкөмдү (Түгөлбай Сыдыкбековду) чакырып келем”, – деп калды. Эстебес байке: “Ой, Түкөм оңой менен келбейт го”, – десе, Совет байке: “Жок, мен алып келем”, – деди. Айткандай эле ал директордун машинесин сурап алып бир маалда Түгөлбай Сыдыкбековду алып келип 9-катардын ортосуна отургузуп койду. Ошентип баягы үч сааттык концертибизди берип бүттүк. Совет байке Түгөлбай агайды колтуктап алып келип сахнага отургузду. Баарыбыз келип учураштык. Түгөлбай Сыдыкбеков Эстебеске карап: “Ой Эстебес, Токтосун экөөң сахнага чыгып алып эмне кылдыңар?” – деп кыт-кыт күлдү. Экөө теригип: “Жарыктык киши, айтышпадыкпы”, – десе, Түкө: “Ии айтыштыңарбы. Билбейм, экөөң чыгып бириң партияны, бириң съездди ырдап эле кетип калдыңар”, – деди. Андан соң “Жанагы менин иним кайда жүрөт?” – деп Уркаш Мамбеталиевди чакырды. Уркаш байке келип маңдайына тура калды эле: “Ой сен эмне эле ажажажа-бажажа деп атасың?! Дегеле бир сөзүңө түшүнбөй койдум. Мындай бир токтоо, так кылып айтпайсыңбы Манасты, – деди. Анан Саякбайды да, Сагымбайды да айтпай туруп: “Сен Молдобасан Мусулманкуловдун Манасын уктуң беле?” – деди эле, Уркаш байке “Жок, уккан эмесмин”, – деди. Ошондо Түкө: “Илимдер академиясында бар. Алып ук. Бербесе мен жардам берейин. Манасчынын обону да, аткаруучулук чеберчилиги да ошол Молдокеде болгон. Ал киши Манас-ты акырындык менен эритип айтып отуруп, бир кезде комуз менен кетчү. Мына, Манас деген ошол. Андай манасчыны мен алигиче кезиктире элекмин. Көбүн эле көрдүм”, – деди. Аны айткандан кийин эле “Жанагы Мутакемдин (Мураталы Күрөңкеев) уулу кайда жүрөт?” – деп Толтой Мураталиевди сурады. Ал келсе эле: “Сени эмне артыңан жоо кубалап келе жатабы? Же артыңан бирөө найза сайдыбы? Эмне чыгып алып кыл кыякты баш-аягы жок ойноп кетип калдың?! Ой, кыргыздын муң-кайгысынын баа-ры кыл кыякта. Тартпайсыңбы ошону! Кыл кыякты угуп отурсаң Үркүн көз алдыңа тартылат. Кыргыздын качанкы кайгы-муңун элестетесиң. Анан сен чыгып алып “тың-тың-тың-тың” эттирип кетип калдың. Тартсаң жакшылап тарт! Тарта албасаң таптакыр эле тартпай кой!” – деп аны урушту. Анан ырдаган бир кызды айтып: “Айланайын жанагы ырың менин көкүрөгүмдө турат. Анан силер, элдики деп алдыңар, ушул Жумамүдүндүкү болсо керек эле. Сөзүн да, обонун да бузуп алдыңар. Ушуну бир карап көргүлөчү”, – деди. Кийин карап көрсөк чын эле тексти да, обону да Жумамүдүн Шералиевдики экен. Анан аягында Асанкул Шаршенов экөөбүзгө карап “Силер жакшы экенсиңер, экөөңөрдүкүнө күлүп, жакшы эс алдым. Эми мындай кылалы. Силерге керек экен. Мен Кубанычбек Маликов, Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Жоо-март Бөкөнбаев, Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев жана башкалардын элге жетпей калган укмуш күлкүлүү окуяларын билем. Ошону бир жазайын. Анан Совет келип калса берейин, бир карап көрсөңөр. Силердин аткарганыңарды көрүп отуруп оюма ушул кылт дей түштү”, – деди. Ошону менен Совет байке да барбай калдыбы, айтор, аны албай калдык. Балким алар жазылып Түгөлбай Сыдыкбековдун жакындарында жүрөбү, билбейм, – дейт Келдибек ага.
Эрнис Турсунов “Ардак белгиси” орденин “алганда”
– Эрнис Турсунов, 70-жылдарда Нарын жергесинде орус тил мугалими болуп иштеген. Ошол кезде ал менин Рысаалы Сулайманов деген байкем менен бир үйдө чогуу турушуп, экөө жакшы мамилелеш болуп калышат. Эрнис байкенин биздин үйгө барганы да эсимде. 1969-жылы алгач шаарга келгенде мен ал кишиникине келип, кийин жатаканага чыгып кеткем. Бул кишинин байбичеси Жамийла эже кадимки Касымалы Бектенов деген жазуучунун улуу кызы. Эже 5-микрорайондогу “Жаштык” гастрономунда дүкөнчү болуп иштечү. Бир күнү Жамийла эже иштеген жеринен “Ардак белгиси” орденин алып, тууган-уругуна майлап беришет. Эрнис байке бир күнү Жамийла эжеге айтпай костюм, шымын кийип, эженин костюмунда илинип турган “Ардак белгиси” орденин тагынат. Көчөгө чыгып бир жерден Байдылда Сарногоев, Совет Урманбетов, Халил Бапаевдин ар бирине чалат. Аларга: “Эй баатырлар, Скрябин көчөсүндөгү “Чолпон” пивоканасына келбейсиңерби! Бир кубанычымды бөлүшөйүн деп жатам. Ал кубанычты силер менен бөлүшпөгөндө ким менен бөлүшөм!” – деп сүйүнчүлөйт. Тигилер келгенде бир бөтөлкө арагын бузуп, ортого бир чоң табак манты коёт. Келген калемдештери бир кружкадан пивону тартып ийишип, экинчи кружканы ортолоп калганда Эрнис байке акырын сол капшытын ачып койгондо баягы “Ардак белги” жалт-жулт эте түшөт. Тигилердин көздөрү чачырай түшүп:
– Ой, бул эмне?” – дешет таңыркаган достору.
– Эй келесоолор, эмне болмок эле “Ардак белгиси” ордени ушул, – дегенде нес боло түшкөн алар аны Эрнис байке кайдан, качан ала калганына кызыгышат. Камаарабаган Эрнис Турсунов: “Жазуучулар союзунан чакырышып, ушуну тагынып жүрүңүз деп беришти”, – дегенде тигилердин тамактарынан аш өтпөй калат. Бир заматта маанайы өзгөрүлгөн алар ар кайсы шылтоону айтып тарай башташат. Эрнис Турсунов эч нерсе билбегендей үйүнө барып, баягы төш белгини Жамийла эженин кос-тюмуна кайра илип компоюп жатып калат. Эртеси таң атпай Жазуучулар союзунун катчысы чалып “Сизди тезинен союзга келип калсын деп жатышат”, – дейт. Эмнеге чакырып жатканын баамдаган кайран Эрнис байке акырын жыла басып барат. Барса, Жазуучулардын аксак-тескеги, аксакал-көксакалдарынын баары чогулуп калыптыр дейт. Алар киргенде эле “Каяктагы эле ызы-чууну баштап жатасыз? Сизге биз качан “Ардак белгисин” бердик?” – дешкен тура жаалашып. “Ооба, силер берген эмессиңер, болгону мен “Жазуучулардын ынтымагы жок, бири-бирин көрө албайт, бирине-бири суу куят” дегенди төгүндөйүн эле дегем. Көрсө, акын-жазуучулар накта ошондой эл турбайбызбы?!” – дейт Эрнис Турсунов”. Анан Жамийла эжеге “Ардак белгиси” берилсин деген буйрук басылган “Советтик Кыргызстанды” ортого таштап коёт. Эмне болгонун түшүнбөй калган жазуучулар жанталашып баягы гезитти карашкан тура.
Совет Урманбетовдун сообуна калган Мидин
– Түштүккө гастролго кетип жатсак Совет байке: “Асаке, түштүктүн көп эле жерин көрдүк. Алайга барганда мага бир телефон чал. Мен бир жума иш сапардык (командировка) алып силер менен элди, жерди, оюнуңарды көрүп келейин
деп калды. Биз Өзгөнгө, Кара-Кулжага концерт коюп бүтүп, Алайга кетерде Асакем Совет байкеге чалды. Ал учуп барды. Майдын аягы болуп калгандыктан кой кыркындын күчөп турган маалы. Бир күндө үч концерт коёбуз. Эртең менен бир колхоздун, түштө экинчи колхоздун кыркынына, кечинде үчүнчү бир колхоздун клубуна концерт бермей. Совет байке үч күн жүрдү. Төртүнчү күнү эртең менен чай ичип отурсак: “Мен бир жумага келдим эле, эми кеткени калдым. Элдин көбү артисттер дайыма эт-аш, сый, күлкүнүн үстүндө эле жыргап жүрүшөт деп көп айтышат эмеспи. Ошол сөзгө ынанып, артисттерди жаман көрүп жүрчүмүн. Үч күн жүрүп силердин ден соолугуңарга боорум ооруду. Силердин жумуш чынында шахтёрлордун ишиндей эле оор экен. Канча күндөн бери бир аз чырм эте калып эле иштеп жатасыңар. Силерди карап отуруп эле мен баспай калдым. Борборго барганда бул тууралуу бир чоң макала жазам”, – деди. Анан сөздөн-сөз чыгып отуруп Райкан, Мидинге өттүк. Ошондо Совет байке муну айтып берди:
– Мен башыман өткөн бир окуяны айтып берейин. Шаарга жаңы келип 1-курста окуп жүргөн кезим. Чымыны барлар “Жаш толкундар” деген адабий ийримге катышып, бирдеме жазып калдык. Деканаттан “Эртеңден баштап силердин кураторуңар Мидин Алыбаев болот”, – дешти. Бир чети сүйүнсөк, бир чети элге таанымал акындан жүрөксүдүк. Эртеси шапкечен, орто бойлуу Мидин Алыбаев кирип бир топко тамаша-чынга аралаштырып сүйлөп отур-ду. Кетерде “Кимиңер проза, кимиңер ыр жазасыңар, эртең жазганыңарды эки-үч баракка түшүрүп алып келгиле. Астына аты-жөнүңөрдү, кайдан келгениңерди кошуп койгула”, – деди. Эртеси “Жел кайык” деген ырыма эки-үч ырымды кошуп бердим. Башкалар аңгемелерин, ырларын тапшырышты. Мидин Алыбаев менен кайра эки-үч күндөн кийин жолуктук. Ал баарыбыздын чыгармаларыбызга өз-өзүнчө сын-пикирин айтып келип: “Совет деген ким?” – деди. “Мен”, – десем, – “Ой сен калыпка түшүп калган акын турбайсыңбы. Дагы ырларың болсо бастырып кел. Басмаканага айтып китепче кылып чыгарып коёлу”, – дегенде кетпеген жерден тер кетти. Ырларымды машинкага тердиртип келсем ал башка ишке которулуп кетиптир. Издеп таап барсам ырларымды алып калды. Ошону менен эми эмне болот деп жүрүп үч ай өткөндөн кийин кайра барсам: “Ээ кокуй сен кайда жүрөсүң? Китебиң чыкканы калды. Алгачкы калем акың да бар. Эртең паспортуң менен цирк жакка кел”, – деди. Эртеси экөөбүз болжошкон жерден кезиктик. Мидин байке азыркы цирктин жанындагы кийим-кече саткан узун дүкөндөргө ээрчитип келип бир сыйра кийим алып берди. Анан ошол эле дүкөндүн бир бурчуна гезит төшөп туруп “Ушул жерден нары карап туруп кийине кал”, – деди. Ыңгайсызданып туруп калсам: “Кийин, сени ким карамак эле, мен далдаалап турам”, – деп болбойт. Болгон кийимимди чечип жаңыларды кие баштасам: “Ой бул жакты карабагыла! Бул жакта келечектеги мыкты акын Совет Урманбетов кийинип жатат!” – деп жар салып элдин баарын мени каратты. Кийинип бүтүп эскилеримди карасам анын баары эптеп эле кийим аты бар нерселер экен. Көрсө, Мидикем менин кебетемди көрүп калем акыма бүт кийиндирейин деген экен. Анан эски кийимдердин баарын эски плащыма ороттурду дагы, эмен бактын ылдый жагындагы бир чоң бактын түбүнө өрттөттүрдү. “Ушул бакты эстеп кой. Мындан ары сен жаңы Совет Урманбетовсуң. Кийимиң да, ырларың да жаңы болот”, – деди. Кийимим өрттөнүп бүткөндө бир жерге алып кирип: “Өзүңдү бир карап көрчү”, – деди. Күзгүгө карасам чын эле башка Совет болуп калыпмын. Ошентип 2-курсумда Мидин Алыбаев “Жел кайык” деген китебимди чыгарып берип, бир сыйра кийинтип, ата ордуна ата болгон”, – деди.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”