Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Оңой олжого туйтунгандардан уйку качты…

Жакында УКМКнын Баткен облусунун Кадамжай райондук башкармалыгынын имаратын ачуу убагында аталган комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев: “Коррупционерлер түрмөгө отурушат, а алардын жакындарына мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө уруксат берилбейт”, – деп кесе айтты.
УКМКнын төрагасы ар бир айткан сөзүн талаага кетирбей, ишке ашыра тургандыгы учурда айкын көрүнүүдө. Натыйжада мурдагы бийликтер убагында мамлекеттик байлыкты каалагандай калчашкан далай коррупционерлер менен алардын жакындарынын ичкендери – ирим, жегендери – желим болуп жатса керек.

Эпчилдер байлыктарды бөлүп алышканда…

Советтик доордон Кыргызстанда зор материалдык байлыктар калган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ачык маалымат булактарына чыккан маалыматы боюнча, 1991-жылдан бери 7 миңден ашуун (!) мамлекеттик объектилер приватташтырылган. Арасында коомдук тамактануу, тейлөө, майда соода ишканаларын эсепке албаганда да, союздук маанидеги ири ишканалар текейден арзан же бекер менчиктештирилип кеткендери да бар.

Алгач эмгек жамааттарына тийген, башкача айтканда, адилет менчиктештирилгендери болгон. Бирок, кийин өлкөдө коррупция күч алгандан улам, мамлекеттик (жалпы элдик) менчикти таламай башталган. Фонддун дагы бир маалыматы боюнча, 1999-жылдан баштап “майлуу” (ири) объектилер менчиктештириле баштаган. Мына ошол учурда бийликтегилер, бийликтегилерге жакын болгондор туйтунушкан. Өлкө боюнча бир нече ондогон ведомстволук ири пансионаттар, эс алуу үйлөрү, балдарга арналган пионер лагерлери, ден соолукту чыңдоочу комплекстерди менчиктештирүү дал мына ошол мезгилге туш келет.

Ири чиновниктер тарабынан мамлекеттик байлыкты тоноонун дагы бир түрү – кендерди иштетүүгө лицензиялардын мыйзамсыз текейден арзан алынып, анан кымбат баада кайра сатылышы.

Учурда коррупциянын кесепеттерин жоюу боюнча аткарылган иштер жөнүндө укук коргоо органдары тараткан маалыматтар “майдандан келген жаңылыктар” сыяктуу эле жамырап жатканынын себеби да ошондо!

УКМК берген акыркы маалыматтардын бир нечесинен цитаталарды келтирип коелу.

Текейден арзан кеткен мүлктөр…

  • “…УКМК тарыхый эстеликтерге киргизилген объектинин мыйзамсыз приватташтырылышы фактысын аныктады. Советтер Союзу кыйрагандан кийин “Тунгуч” жаштар драма театры жайгашкан имарат ошол учурдагы мыйзамдар бузулуу менен «Т. П. Ц. Т.» ЖЧКсына берилген. Анын бааланган наркы 317 млн. 106 миң сом ($3,75 млн.) болгон. Ал жерде көп жылдардан бери түнкү клуб жайгашкан…”.
  • “… УКМК Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Кызыл-Белес» лыжа базасын мамлекетке кайтарды. Комитеттин маалыматы боюнча, мурда Маммүлк фондунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери лыжа базасын жана жалпы аянты 10 га болгон жайыт жерлерин менчикке берип салышкан. Кийин ал үчүнчү жакка сатылып кеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө ээлери ыктыярдуу түрдө 50 млн. сомдон ашуун бааланган наркы менен объектини мамлекеттин балансына беришкен…”.
  • “Атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы начальниги А.А.К. жана Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилишкен. 2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин протоколун жасалмалоо менен айыл чарба багытындагы 2 га жерди А.А.К. эс алуу зонасы үчүн берип салган..”.
  • “… УКМКнын билдирүүсү боюнча, Мамлекеттин балансына Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун чиновниктери тарабынан мамлекеттик менчиктен чыгарылып салынган 288 млн. 962 миң 637 сомго бааланган Балыкчы шаарындагы ун комбинаты жер учас-токтору менен кайтарылган…”.
  • “… УКМК билдиргендей, Кызыл-Кыя машина куруу заводу” АТАКты жеке адамдарга мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган. Мамлекет кайтарылган ишкананын жалпы территориясы 22,89 га, бааланган наркы — 4 млрд. 74 млн. 650 миң 494 сом…”.
  • “Атайын кызматтын кызматкерлеринин аракети менен Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылында жайгашкан, “Буудай” ААКсына тиешелүү, бааланган наркы 470 млн. сомдук, 31,5 га «Аэродром» жер участогу анда жайгашкан учуу-конуу тилкеси, уу химикаттарды сактоочу кампасы жана башка курулуштары менен мамлекетке кайтарылды. Мурда ал 185 миң сомго бааланып, менчиктештирилген…”.
  • “…УКМК билдиргендей, мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунда 353,3 гектар өндүрүштүк жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталып, мамлекеттин балансына алынды. Аны мурдагы депутат М.Н.К. өзүнө аффилирленген компаниялар аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткени такталган.

Жер тилкенин базар баасы 4 млрд. 7 млн. 77 миң сомду түзгөн. Тилке Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентикке өткөрүп берилди…”.

  • “…УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук райо-нунун Военно-Антоновка айылындагы суу мунарасы (водонапорная башня) жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Ш.Д.К. аттуу адам объектини 1998-жылы менчиктештирген. 2443,75 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан суу мунарасынын пайдалуу аянты 14,1 чарчы метр. Анын баасы 30 млн. 405 миң 970 сомду түзгөн. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылды…”.
  • “Атайын кызматтан билдиришкендей, Өзгөн шаарында жайгашкан автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө “Өзгөн автобекети” ААКсынын акционерлери автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнга алышып, аны ыктыярдуу түрдө шаар мэриясынын балансына өткөрүп беришкен. Аталган жер тилкесинин баасы 219 млн. 591 миң сомду түзгөн…”.
  • “…Башкы прокуратура Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан, “Дан” мамлекеттик ишканасына таандык болгон 375 га айыл чарба багытындагы жер 2006-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мыйзамсыз берилип, андан-ары жеке кишилерге сатылып кеткенин аныктаган. Прокурордук көңүл буруу актысынын негизинде жалпы наркы 134 млн. 73 миң 600 сом болгон жер толук бойдон мамлекеттин балансына алынган…”.
  • “…УКМК тарабынан Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагынын территориясында жайгашкан, наркы 35 млн. 865 миң 868 сомго бааланган 5 га жер участогу муниципалдык менчикке кайтарылган…”.
  • “…УКМК тарабынан Токмок шаарында наркы 920 млн. сомго бааланган, пайдалуу аянты 1 575 чарчы метр болгон, 6 900 чарчы метр жер аянты менен бала бакчанын мыйзамсыз приватташтырылганы аныкталып, шаар мэриясынын балансына кайтарылган…”.

…акциялар

  • “…«Кыргызнефтегаз» ААКсынын мурдагы жетекчиси Б. Р. А. 2019-жылы активдерди россиялык “Газпром” компаниясына сатуу боюнча өкмөттүк программанын шылтоосу менен акционерлерден акцияларды төмөндөтүлгөн баада сатып алууну уюштурган.

Кийин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 383 590 акцияны аффилирлешкен адамдарга тариздөө менен төмөндөтүлгөн баада сатып алган.
УКМКнын кийлигишүүсүнөн кийин жалпы наркы 65 млн. 615 миң 400 сом болгон акциялар ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылган…”.

…лицензиялар

  • “…14-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулуктагы стадиондун курулушуна капсула салуу аземинде алтын казып алууга лицензияларды мафиянын мүчөлөрү бири-бирине сата беришкенин, мамлекет эч нерсе албаганын, а чет элдиктер байышканын билдирди. Ошондуктан алтын казуучу компаниялардан 23 лицензия кайра чакыртылып алынган.

“Коррупцияны жеңдик деп айта албайм, өлкө ага батып калган, бирок, биз күрөштү аягына чыгарабыз”, – деди МинКаб төрагасынын орун басары”.

  • “23-августта УКМК Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларды берүүдө коррупциялык схеманы аныктаган. Министрликтин бир катар чиновниктери «П. А. Т.» ЖЧКсынын жетекчилери менен келишип алышып, кен байлыктарды гео-логиялык чалгындоо иштерине мыйзамсыз лицензияларды беришкен…”.
  • “…Ноокат районунда наркы 1,2 млрд. сомдук кендин жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүдө 1998-жылы раймамадминистрациянын токтому менен Найман (азыркы Көк-Жар) айыл аймагынын территориясына тиешелүү Улуу-Тоо сымап кени «Р.У.Т.» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз берилген.

Прокурордук көңүл буруу актысынын негизинде 1 млрд. 246 млн. 560 миң сомдук 381,74 га жер участогу мамлекеттин балансына алынган…”.

Мындай цитаталарды келтире берсек, гезит бети түтпөйт.

Күрөш дагы күчөй бермекчи

Коррупция менен күрөш кандайдыр бир өнөктүк болуп, убакыттын өтүшү менен токтоп кала турганына үмүттөнүшкөндөр жаңылышат. Учурда УКМК тарабынан коррупция менен күрөштү күчөтүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. 
Анда коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө өмүр бою тыюу салынмакчы.

Эми коррупциялык кылмыштар үчүн азыркыдай болуп айыппул салынып же эки жылга эркинен ажыратылуу эмес, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

Жубайы же жакын туугандары оор же өтө оор кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылган адамды мамкызматка алуудан баш тартуу, ошондой эле коррупциялык кылмышка күнөөлүү экенин мойнуна алып, зыяндын ордун толтуруп берсе да, бул берене боюнча эркинен ажыратылуунун максималдуу мөөнөтүнө жазалоо.

К.Ташиев УКМК үч жылдан бери өлкөдөгү паракорлук менен күрөшүү боюнча ишти аягына чыгара албай жатканын белгиледи. Ошондуктан мыйзамдык деңгээлде жазаны катаалдантуу керек. “Өз катарыбызды да тазалай албай жатабыз. Кайсы-бир деңгээлде коррупция азайды., бирок, аягына чейин жок кылынган жок. Биз ууруларды отургузуудабыз, а алар эрккиндикке чыгып кетип жатышат. Коррупцияга аралашкандар анысын кайталоого мүмкүнчүлүгү болбой тургандай кылышыбыз керек”, – деди ал.

Эми коррупционерлердин күнөөлөрү далилденсе, эч ким түрмөдөн качып кете албайт. Коррупцияга барган адам муну билүүгө тийиш.

Мырзакат Тыналиев, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар