Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Чет өлкөдөн келген “шойкомдуу” унаалар шорлотпосун десең…

Учурда Кыргызстанда 1 млн. 659 миң 78 даана автоунаа бар экендиги айтылат. Белгилүү болгондой, 2015-жылдан тарта оң рулдуу унааларды каттоого уруксат берилбей калгандыктан, бүгүнкү күндө чет өлкөдөн оң рулдуу унаалар киргизилбейт.

Бирок, өлкөдө Армения, Абхазия жана башка мамлекеттерге таандык делген номер менен кирип жаткан, оң рулдуу унаалар көп. Алар расмий катталбай турганы маалым.

Учурда Армениядан келген унааларды текшерип, алардын мыйзамдуулугун аныктап, тийиштүү документтерди берүү боюнча комиссия түзүлгөн. Ал комиссия мыйзамдуу жол менен кирген чет өлкөлүк номерлүү унааларды аныктап чыкмакчы.

Оң рулдуу унаалар Кыргызстанга кантип кирүүдө?

Кыргызстанга Россиядан, Казакстан же Армениядан оң рулдуу унаалар кирет. Бирок, алар расмий түрдө каттоодон өтүп, кыргыз номери тагылбайт. Анын себеби, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн унаалар товар катары кирип-чыгып жүрө беришет. Эгерде чет өлкөнүн номери менен кирген унаа бир жыл ичинде чыгып кетпей турган болсо, анда мыйзамда каралган айып пулду төлөп коюу жетиштүү болот.

Казакстан жарыялаган мунапыс

Коңшу Казакстан 2023-жылы чет өлкөдөн кирген унааларды мыйзамдаштыруу боюнча мунапыс жа-рыялаган. Ага ылайык, оң рулдуу унаа кайсы өлкөдөн кирген болсо, ошол жакка атайын суроо-талап жиберилет. Эгерде, аталган унаа издөөдө жок болсо, башка документтери туура болсо, анда мыйзамдаштырылат. Армениядан келген унааны каттоого коюу баасы Казакстанда 200 миң теңге деп бааланган.

Бишкектин унаа базарында абал кандай?

Бишкектин унаа базарына ишемби жана жекшемби күндөрү миңдеген унаа чыгарылат. Негизинен ишкерлер Грузия, Америка, Корея жана Дубайдан унаа ташып келишет. Бул өлкөлөрдөн 2017-2023-жылдар аралыгында чыгарылган унаалар мыйзамдуу жол менен кирет. Алар Бажы салыктарын  төлөп, кадимкидей мыйзамдуу ишкердик кылгандардын унаалары.

Деген менен ар дем алыш күндөрү Армения, Россиянын  жана башка өлкөлөрдүн номерлери тагылган унаалар жүздөп сатыкка чыгат. Мындай унааларды саткандар эч кандай расмий документ беришпейт. Мал базардан жандык сатып алган сыяктуу эле аласың, андан аркысына сатуучу жооп бербейт. Болгону унааны саткандыгы тууралуу тил кат жазып берет ошону менен бүттү. Кыргызстанда сатылып жаткан Армениянын номери бар унаалар өз өлкөсүндө уурдалган машина катары каттоодо турушу толук ыктымал.

Чет өлкөдөн унаа ташып келип иштегендердин айтымында, Армениянын номери деп турган номерлер жашоодо таптакыр жок болуп чыгат. Анткени, унаа тетикке сатылды деп жокко чыгарып туруп, бизге алып келишет. Жолдон Армениянын жасалма номери менен документин даярдашат.

Чет өлкөлүк номердеги унааны албаган оң

Айрым учурларда чет өлкөлүк номердеги унаалардын мурдагы ээлери укук коргоо органдарына унааны уурдаттым же ижарага алып минген жаран унааны бербей качып кетти деп арыз жазып коюшу мүмкүн. Мындай учурда эл аралык келишимдерге ылайык, укук коргоо органдары сиздин унааңызды мурунку ээсине кайтарып берип коюшу ыктымал. Алтургай, өзүңүз да кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышыңыз мүмкүн. Андыктан мүмкүнчүлүк болсо чет өлкөнүн номери тагылган унааны сатып алуудан сактанган оң.

Султанбек уулу Аманбек, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар