Чоң автобустар келип, шаардыктар маршруткаларга түшпөй оңуп эле калды. Бирок, коомдук транспортто жүрүү маданияты маселеси баягы эле чалдыбары чыккан тейде кала берди.
Биз, кыргыздар, шаарда отурукташып, орун-очок алганыбызга бир кылымга жакындап калса да, коомдук транспортто жүрүү маданияты калыптана элек.
Бул айтылган кеп жаштарга же мектеп окуучуларына эмес, чоңдорго тиешелүү. Эми сөздүн жүйөөсүнө өтөлү. Айрым орто жашап калган аял кишилер автобустун эшигин аттап, жол киресин төлөй элек жатып, “Азыркы жаштар ушундай. Улуу кишини көрүп туруп көрмөксөн болуп отура берет. Ыйман кетти…” деп кыйкыра баштайт. Өзү өзүнөн улуу кишилерди артка түртүп салган, жулунуп кирип келатат, сүйлөгөнү тигил. Анан андайга ал келе электе эле орун бошотпой көр, бакпай балээсине каласың. Мындайлар элди манипуляциялап көнүп алышкан. Ким катуураак кыйкырса, ошонун сөзү туура болорун билип алышкан да, тээ алыстан кыйкырып башташат. Кээ бир эркектер жаштардын жанына жылып барат да, жаштардан ыйман кеткенин айтып күңкүлдөп баштайт. Бир жолу мындай болду. Ошентип, мурдунун учунан күңкүлдөгөн бирөө Ош базарынан түшүп, автобус жарым саат кечигип келгенин, жаштардан ыйман кеткенин, алардын убагында кары-картаңдарга айттырбай эле ордунан туруп беришкенин айтып жатып, бирөөнү тургузуп отурду.
Бир жолу автобуста отурсак, 40-50дөгү эткээл эки аял, 50лөрдөгү киши кирди. Автобуста эки индус кыз отурган. Эки аял кирип келип эле, баягы эки индус кызды желкесинен кармап тургузуп, ордуна отуруп алышты. Отурушуп алып тим болушпай: “Буларды ушинтип желкесинен кармап тургузуш керек, шаарда жайнап кетишти” – деп тимеле эрдик жасагандай, ким бизди жактайт дегендей, эки жакты карашты. Бүгүн миңдеген кыргыз балдары мусапыр болуп, чет өлкөлөрдө жүрөт. Аларды да ошол өлкөлөрдөгү бул экөөнө окшогон аялдар желкелеп тургузуп, табалап жатканын элестете бериңиз. Айтайын дейсиң, ажаан кишиге сөз айтып бекер…
Тигил эки аялдын индус кыздарга жасаган мамилесин көрүп отурган бери жактагы ДЦП менен ооруган кыз калчылдап тура калып, алардын артынан келаткан берки эркек кишиге орун берди. Тиги киши да эр экен, кыздын оору экенин көрүп туруп, анын ордуна отуруп алды. Ошол тушта бир кары эне отурат эле, шашып тура калып кызды ордуна отургузду.
Мындай көрүнүштөр коомдук транспортто күн сайын кездешкен окуялар. Ошолордун бири тууралуу Бактыгуль Капалова аттуу фейсбук социалдык түйүнүн колдонуучу: “Кызымды мектепке алып барып келем деп «антеннам» туруп калды. Автобустарда балдарды урушпагылачы, байболгурлар. Тыгын болсо дагы, автобустун ичинде адам көп болсо дагы, сол жамбашыңар менен жатып турсаңар дагы, жумуштан чарчасаңар дагы, бирөөгө капа болсоңор дагы балдар күнөөлүүбү, андан дагы башка бирөөлөрдүн балдары…
…Сураныч: балдарды кагып-силкпейли, акырын айтсак деле түшүнөт; орундукка отурганда жакын жерде турган балдардын рюкзактарын кармап алалы; автобуска кирип баратканда, кичинекей балдарды биринчи киргизели; автобус ичинде балдарга көз салалы, байкуштар кыпчылып дем жетпей калышы мүмкүн” – деп жазды.
Б.Капалова менен кошулбай коюуга болбойт. Биздин кызыбыз таңкы 5те турат. Сабагы 7.30да башталат. “Үрөң-бараңда чыкпай, аялдап, жарым сааттан кийин чыксаң кантет?” десек, “6да жол ээнирээк, автобус бошураак болот. Киши көп болгондо чоң кишилер ары-бери түрткүлөп, мектеп окуучуларын уруша башташат”, – дейт.
Биз жашаган Арча-Бешиктен келип, Байтик баатыр көчөсү менен ылдый коомдук транспорт жүрбөйт. Дурус мектептен окусун үчүн кызыбызды №5 мектепке бергенбиз. Күн сайын 2-3 автобус которуп барат. Астыбызда машина болсо, ташымакпыз.
Анан да көчөдө жолбун иттер толтура. Айрымдар үйдөгү иттерин бош кое беришет. Таңкы 6да кээде көчөдө каңгыган мастар да болуп калат. Акыркы жылдарда Арча-Бешикте бомждор пайда болду. Жапжаш эле балдар.
Мунун баары майда-барат маселе эмес. Биз, чоңдор, балдарды аяганды үйрөнө албай койдук. Ар бирибизде балдар бар. Алар канчалык кыйынчылык менен окуп жатканын баарыбыз эле биле бербейбиз. Фейсбукка бирөө минтип жазды: “Айланайындар, ушул балдарды биз тарбиялайбыз. Бизге канча киши тарбия берди эле, эстегилечи. Ошол тарбиянын баарын сүйүү аркылуу беришти го. Көчөдө баратсаң да, жалынып жалбарган киши, үйгө келсең деле ошол.
Кокус айран сурап, бирөөнүкүнө кирсең, жөн эле кетирип ийбей, чекеңен сылап, айрандын үстүнө каймактан салып, чалып ичирип, чөнтөгүңө момпосуй салып узатчу.
Сүйүү менен чоңойгон бала боорукер болот. Сүйүүбүздү аябайлы, кемчилигин көрсөк, акырын тарбиялайлы. Жакшы иш кылса, алкайлы, ооздун желин аябайлы. Ата-энеси алыс жүргөн балдарга көз салалы. Коопсуздугун карайлы. Зордук, уруш-талаш, ташбоордук көргөн баладан кантип уялбай туруп жаркын келечек күтөбүз?!”.
Туура, маселе. Биз боорукерлик деген түшүнүктү унутуп, таш боор, өзүмчүл болуп баратабыз. Адамгерчилик деген улуу сапатты унутпашыбыз керек ко…
Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»