Жыл аяктай “Кыргыз Туусу” гезити менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда өз ара кызматташуу келишимине кол коюлду. Эки тараптуу келишимге аталган жогорку окуу жайдын ректору Догдурбек ЧОНТОЕВ жана “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору-башкы редактору Алмаз КУЛМАТОВ кол коюшту. Аталган документке кол коюу учурунда ректор улуттук университеттеги жетишкендиктерге токтолуп өттү.
Окуу жай өз каражатына жатакана салат
Улуттук университет өзүнүн өнүгүү тарыхын эволюциялык түрдө башынан өткөрүп келе жатканын баса белгилеген окуу жай жетекчиси бул билим берүү мекемесинде бир топ ийгиликтер болуп жатканын ортого салды. «Университет сыртынан кадимки окуу жайлардын бири болгону менен ички потенциалы өтө чоң. Бизде жакшы иштер жасалып, ийгиликтер, өзгөрүүлөр болуп жатат, бирок, аларды коомчулукка өз күчүбүз менен кеңири жеткизе албай жатабыз. Медиа каражаттары, анын ичинде ири алдыда жалпы улуттук гезит «Кыргыз Туусу» менен кызматташууга даярбыз. Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык биздин окуу жайга өзгөчө статус берилген. Мунун негизинде кийинки эки-жылда жакшы жылыштар боло баштады десек болот. Былтыр окуу жайдын бюджети 950 млн. сомдун тегерегинде болсо, өзгөчө статус алгандан кийин бюджетибиз 1,5 млрд. сомго чыкты. Буга, албетте, Кыргызстандын окуу жайларындагы окутуу акысын көтөрүүгө жарыяланган мораторийдин алынышы себепкер болду. Акча каражатынын көбөйүшү менен айрым окуу лабораторияларыбызды, илимий борборлорду, жатаканаларыбызды өзүбүздүн күчүбүз менен оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Керек болсо Манас проспектиси менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги авариялык акыбалдагы №4 жатаканабызды өзүбүздүн күчүбүз менен тогуз кабаттуу заманбап имарат кылып салсак болот. Экинчи бир жетишкендигибиз – былтыр биз жалпы ЖОЖдор арасында абитуриенттерди кабыл алуу боюнча биринчи орунга чыктык. Магистратура, бакалавр, докторантура, аспирантура, колледждер, PhDни кошо алганда жалпы 11 миң бала тапшырды, – дейт ректор.
Азия рейтингине кирген алдыңкы окуу жай
Буга улай Д.Чонтоев университеттин интернетке чыгуусу, заманбап мультимедиалык жабдуулар менен камсыздалуусуна токтолуп, окуу жайда жалпы 1683 компьютер, 77 компьютердик класс бар экенин, быйыл кошумча дагы 300 компьютер, 100 ноутбук, 100 принтер жана 30га жакын электрондук доскаларды сатып алуу менен бардык структуралар жаңыртылганын кошумчалады. Ректор университеттин жалпы окутуучулук профессордук курамы (ОКП) 2223 болсо, анын ичинде 162 илимдин доктору, 569 илимдин кандидаты, 857 ага окутуучу, 646 окутуучу, 61 профессор, УИАнын 1 академиги жана 4 мүчө корреспонденти, 277 доцент жана 3 PhD доктору бар экенин жана ОКПнун мындай курамдык сапаты заманбап билим берүү талабына жооп берерин билдирди. Эки тараптуу келишимге кол коюу иш-чарасында ректор окуу жайдын бюджетин 2025-жылы 2 млрд. сомго жакындатуу пландалып жатканын, ошондой эле быйыл 1-октябрдан тарта бардык кызматкерлердин маянасына 3 миң сомдон кошулганын билдирди. «Жаңы жыл алдында бардык кызматкерлерибизге 7 миң сомдон сый акы берилет. А келерки жылдын январь айынан тарта маяна дифференциалдык түрдө жогорулайт. Жалпылап айтканда, биздеги орточо айлык башка ЖОЖдордукуна салыштырмалуу жогору», – дейт Ж.Баласагын атындагы КУУнун жетекчиси.
Ректордун айтымында, университет Россия, КМШ өлкөлөрү, Түркия, КЭР, Европа, Корея, Япония өлкөлөрү менен жалпы 131 эл аралык келишим түзгөн. Окуу жайда 2024-жылы жалпы 67 жаңы билим берүү программалары ачылып, диссертациялык кеңештердин саны 14кө жеткен. Университетте PhD докторанттарынын саны 281ге жетсе, окуу жайдын 124 материалы Scopus маалыматтар базасына жарыяланган. Эң кызыгы, быйыл Улуттук университет биринчи жолу Азиялык рейтингге кирип, 900 университеттин ичинен 381-орунга чыккан. Борбордук Азия рейтингинде 25-орунга, Кыргызстан ЖОЖдорунун арасындагы улуттук рейтингде 6-орунга чыккан.
Сөз аягында Д.Чонтоев келерки жылы Ж.Баласагын атындагы университет 100 жылдык юбилейин мамлекеттик деңгээлде жана эл аралык масштабда белгилөөнү максат кылып жатканын билдирди.
«Кыргыз Туусу» маданий-интеллектуалдык чордон болот
“Кыргыз Туусу” гезитинин редактору Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитин келечекте өлкөдөгү олуттуу, салмактуу орду бар басылмага, позитивдүү окуяларды жараткан, изги ниеттерди демилгелеген, маданий интеллектуалдык турмуш кайнап турган чордонго айлантуу максаты бар экенин билдирди. “Бул багытта ар кандай иш-чараларды чагылдыруу менен гана чектелбей, ар кандай темаларда республикалык, эл аралык форумдарды өткөрөбүз. Маселен, жаңырган жылдын башында “Эмгек адамы” деген ар бир кесип ээлерин даңазалаган кеңири масштабдагы форум өткөрүүнү ниет кылып турабыз. Ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азиядагы интеллектуалдык кызматташтыгын чыңдоо, өлкөбүздүн аброюн көтөрүү, региондогу, дүйнөдөгү беделин чыңдоо маселелери боюнча сиздер менен интеллектуалдык, илимий, маданий жактан да терең кызматташабыз. Кызматташтык демекчи, окуу жайда сабаттуу, адистик деңгээли жогору, дүйнөгө таанымал окумуштуулар иштейт. Ошол инсандар биздин гезитке ой-пикирлерин, макалаларын жазып турса дейт элем. Мына ошондо Улуттук университеттин окумуштуусунун, окутуучусунун, аспирантынын аты аталып, окуу жай даңазаланып, коомчулук менен байланышы артат», – деди А.Кулматов.
Буга улай редактор «Кыргыз Туусу» гезитинин Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата маданий-интеллектуалдык жана маалыматтык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга бекем ниети бар экенин кошумчалады.
Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»