Алтын казык жылдызы — уюл жылдызы, жердеги байкоочуга ал дайыма бир чекитте турат жана батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Илгери кыргыздар түнүндө бараткан багытын Алтын казыкка карата аныкташкан. Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу программасын сунушташканда Алтын казык жылдызынын багыт берүүчүлүк озуйпасын эске алышкан. “Үй-бүлөдөн баштап, бардык планета баланын тегерегинде айланат. Ата-энеси, мугалими, мектеп, коом, мамлекет дегендей. Бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшү – окуучунун билиминин сапатына байланган” дейт министр өзү да. Айтымда, “Алтын казык” программасы 197 өлкөнүн ичинен 150 өлкөнүн билим берүү жана эмгек рыногуна жол ачат.
Билим берүү жана илим министрлигинен “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу төмөнкүдөй маалымат алдык.
Бала бакча
Быйыл мектепке чейинки билим берүү программасына тартылган балдардын көрсөткүчү 28,3%дан 44,3%га өскөн. 1 смендеги мектептерде, бош турган имараттарда 302 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылган. Китепканаларда жыл сайын 50 балдарды өнүктүрүү борбору ачылып, алардын саны үч жүзгө жеткен. «Өкмөттүк акселераторлор» долбоорунун алкагында 257 үй тибиндеги бала бакча уюштурулуп, 2024-жылы 6 жаштагы балдардын 98% мектепке чейинки даярдоого тартылган.
Мектепке чейинки билим берүүдө жаңы курулган бала бакчаларга, бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачууга жана уктоочу бөлмөлөрдү окуу бөлмөсүнө өзгөртүүгө 1,5 млрд. сом сарпталган.
Мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук түрдө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бала бакчаларды ачуудагы тоскоолдуктарды жоюу тууралуу чечимдер кабыл алынган. Алар лицензия алууга милдеттүү эмес, болгону кабарлап коюу гана жетиштүү.
Үй тибиндеги бакчаларды ачкан жеке ишкерлер салыктан бошотулган.
Жеке ишкерлер акысыз окутуудан өтүп, сертификат ала башташкан.
Мамлекеттик банктар бала бакчаларды курууга, оңдоого жана материалдык базасын жакшыртууга 3-5 жылга 70 млн. сомго чейин жеңилдетилген насыя бере баштаган. Бул биринчи насыялар.
Мектеп
Республика боюнча 2377 мектепте 1 491 000 окуучу билим алууда. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп. 2377 мектептин ичинен 2173 – мамлекеттик мектеп, 204 – жеке менчик мектеп.
Республикалык бюджеттен каржыланган объекттердин тизмесине 513 билим берүү объекти киргизилип, аларды каржылоонун көлөмү 7,5 млрд. сомду түзгөн.
2023-2024-окуу жылында мектептердин окуу чыгымдарына 974 млн. сом жумшалса, анын ичинен 338 млн. сом – мектептердин окуу чыгымдарына, 134,4 млн. сом – окуу эмеректерине, 501,5 млн. сом – мектептердин учурдагы ремонтуна сарпталган.
2140 мектепте окуучуларга ысык тамак уюштурулуп, бул кызматты көрсөтүү республика боюнча 98%га чыккан.
Мектептик билим берүүнү 12 жылдык моделге көчүрүүдөгү башкы багыттар:
– жаңы билим берүү стандарттары, заманбап окуу программалары;
– илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташкан заманбап окуу китептери;
– PISA жана TIMSS изилдөөлөрүндө биринчи орунду алган өлкөлөрдөн алынган STEM окуу китептерин улуттук контекстке ылайыкташтырып басып чыгаруу;
2024-жылы мектептерде табигый-илимий цикл боюнча STEM лабораторияларын түзүүгө багытталган долбоор бекитилген, долбоордун сметасы 40 млн. АКШ доллары.
Математика, табигый илимдер жана англис тили боюнча окуу китептеринин дүйнөдөгү эң мыкты үлгүлөрү Кыргызстандын окуучуларына ылайыкташтырылып чыгарылат, лицензиялар 83 млн. сомго сатылып алынган.
Улуттук контексттеги гуманитардык циклдин башка предметтери боюнча «Окуу китеби» басма үйү жергиликтүү басмалар жана авторлор менен иш алып барууда.
2023-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 млн. сом бөлүнсө, 2024-жылы 242 млн. сом бөлүнгөн. Бул каражаттардын эсебинен 2023-жылы “Учкун” Ачык акционердик коомунун басмаканасында 738 670 нуска окуу китептери басылып чыкса, 2024-жылы 714 590 нуска окуу китептери басылып чыккан. Андан тышкары Брайль ариби менен 270 комплект же 1650 том окуу китептери даярдалган.
Мугалимдер санариптешүү процессинде
Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 678 млн. сом бөлүнгөн.
Соңку 2 жылда 1200 мектепке 25 000 компьютер берилген. Ошондой эле 2 жыл ичинде мектептерге компьютер сатып алууга 100 млн. сом бөлүнгөн.
Республиканын мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин 97,5%ы интернетке туташтырылган.
2024-жылы мектеп аттестаттары санариптештирилип, Түндүк мобилдик колдонмосунда жеткиликтүү болгон.
Э-Күндөлүк мектептерге тест-режиминде киргизилип, бааларды онлайн режимде коюп, 2025-жылы кагаз журналдарды толугу менен жоюуга жол ачылган.
“Санарип кампа” платформасында миңге жакын окуу материалдары кыргыз тилинде жайгаштырылып, алардын негизинде окуу пландарын, тесттерди, үй тапшырмаларын жасалма интеллекттин жардамы менен даярдоого платформа түзүлгөн.
Кесиптик билим берүү
Кесиптик билим берүү аркылуу өмүр бою билим алуу – туруктуулуктун маанилүү бөлүгү жана адамдык капиталдын негизи.
Кыргызстанда студенттердин үлүшү чет өлкөлөргө салыштырмалуу жогору:
– башталгыч кесиптик билим берүүдө жаштардын катышы – 9,2%;
– орто кесиптик билим берүүдө – 26%;
– жогорку кесиптик билим берүүдө – 27%.
Республикадагы ЖОЖдордо чет өлкөлүк студенттер дээрлик 25% түзөт. Алардын ичинен жакынкы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү – 54%, алыскы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү – 46%.
2023-жылы башталгыч кесиптик билим берүү системасында кредиттик технология киргизилген.
2024-жылы биринчи жолу кесиптик билим берүү эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайык белгилүү бир кесиптер жана адистиктер боюнча билимдерди, көндүмдөрдү жана ыктарды өздөштүрүүгө багытталган www.kesip.edu.gov.kg порталы иштелип чыккан.
Орто кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде биздин артыкчылыктарыбыз төмөнкүлөр: 8 алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн. Эми биздин колледждердин студенттери айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ветеринария, тигүү өндүрүшү, этти кайра иштетүү, унаа оңдоо, эмерек жасоо, вентиляциялоо, конструкциялоо, курулуш материалдарын сыноо багыттарында иштей алышат.
18 адистик боюнча кесиптик стандарттар иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.
Ушерден айта кетчү нерсе, жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити эмгек каарманынын, жаратман адистин жаркын келбетин даңазалоого арналган маданий-интеллектуалдык форум уюштурууга ниеттенүүдө. Ошол форумда баштапкы жана орто кесиптин ээлерин даярдоонун, аларды ишке жайгаштыруунун, кадыр-баркын көтөрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, тиешелүү сунуштар иштелип чыкмакчы. Билим жана илим, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтери, тиешелүү мамлекеттик органдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана бардык кызыктар тараптар ушул ишке батыл аралашып, “Кыргыз Туусу” гезитинин демилгесин колдойт деген ишеничтебиз.
Жогорку окуу жайлар
Өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайлары биринчи жолу эл аралык рейтингге кирип, 2024-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтинги жарыяланды.
Университеттердин, илимий-изилдөө мекемелеринин жана өндүрүш секторунун инновациялык технологияларды жаратуу жана өнүктүрүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, илимге жана жаңы технологияларга негизделген чакан жана орто бизнести өздөштүрүү, илимий изилдөөчүлөргө жаңы жумуш орундарын түзүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө укуктук механизмдерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 23-июлунда “Технологиялык парктар жөнүндө” КРнын Мыйзамы кабыл алынды. Учурда мыйзам алдындагы укуктук ченемдик актылар иштелип чыгууда.
Илим
2024-2028-жылдарга илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары бекитилген.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №177 токтому менен Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө жобо бекитилип, илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди каржылоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирдиктүү “Илим фонду” түзүлгөн.
КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №110 Жарлыгы менен КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо бекитилген. Жобого ылайык ата мекендик илимди олуттуу түрдө байыткан жана табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илимин жана техникасын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгарууга олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары үчүн жеңүүчү деп табылган изилдөөчүлөргө берилүүчү сый акынын көлөмү 250 миң сомдон 1 млн. сомго көбөйгөн.
Илимий жана эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн, жогорку окуу жайларынын студенттеринин жана илимий даражага талапкерлердин илимий-аналитикалык иш-аракеттеринин жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөө жана аналитикалык материалдарды камтыган жалпыга жеткиликтүү онлайн маалымат системасы https://oois.vr.kg/ иштелип чыккан.
Канада жана Польша 12 жылдык билим берүүгө 1999-2003-жылдары эле өтсө, Түркия мектепти 12 жылдык окутууга өткөрүүнү 2012-жылы аяктаптыр. Монголия 2015-жылы өтсө, Филиппин 2024-жылы, коңшулаш Казакстан 2025-жылы өткөрүп бүтөт экен. Ушул көчтө биз да баратабыз. “Алтын казык” программасы уюлдук Алтын казык жылдызындай боло алабы, аны убакыт көрсөтөт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”