Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Кыргызстанга келген оюнчуктарда уулуу заттар нормадан 2-10 эсе жогору экени аныкталды

Базарларда ден соолукка олуттуу зыян алып келүүчү оюнчуктар кездешүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл сайын базарлардан 200дөй оюнчуктун үлгүсү алынып, экспертиза жүргүзүлөт.
«Соңку төрт жылда 1 323 үлгү алынып, 3 503 оюнчук текшерилген. Анын ичинен пластизолдон жасалган 50 үлгүдөн фенол, стирол жана формальдегид сыяктуу уулуу заттардын нормадан 2-10 эсе жогору экени аныкталган. Жыйынтыктар көрсөткөндөй, көбүнчө 3 жаштагы балдарга ылайыкталган Кытайдан чыккан оюнчуктар нормага туура келбейт,» — деп айтылат маалыматта.
Адистер бул химиялык заттар аллергия кылып, нерв системасына зыянын тийгизип, ал тургай ракка чейин жеткирерин белгилешкен.
Жыл сайын Кыргызстанга 700 тонна оюнчук импорттолсо, анын 600 тоннасы Кытайдан келери кошумчаланган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар