Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Абанын булганышын көзөмөлдөгөн түзмөктөрдүн талаптарга шайкешсиздиги айтылды

Бишкекте абанын сапаты боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында абанын булганышын көзөмөлдөгөн сенсорлорду стандартташтыруу жана техникалык текшерүү маселеси каралды.

Абанын булганышын өлчөө үчүн орнотулган көптөгөн приборлор керектүү техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербей турганы айтылды. Бул ишенимсиз маалыматтарды алуу коркунучуна жана анын натыйжасында экологиялык абалды жакшыртууга кедергисин тийгизе турганы маалымдалды.

Комиссиянын отурумунда абаны текшерген приборлордун стандарттарын, IQAir сайтында катталган бардык сенсорлордун мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү, ал эми Жаратылыш ресурстары министрлигине сенсорлордун улуттук стандарттарын иштеп чыгуу жана милдеттүү түрдө сертификациялоо системасын киргизүү тапшырылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар