whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга барды

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 2-октябрда, расмий сапар менен Италиянын Рим шаарына келди.

Мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италия тараптан Италиянын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Кристиано Маджипинто, “Алга, Италия” партиясынан Сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан — Ыйык Тактынын Архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык Тактынын Протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Италияга жана Ыйык тактыга (Ватикан) жасаган сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер Кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, депутаттар Палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар