Президент Садыр Жапаров 3-октябрда Рим шаарында Италиянын Депутаттар палатасынын спикери Лоренцо Фонтана менен жолугушту.
Спикер Лоренцо Фонтана мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, Садыр Жапаровдун Италияга жасаган достук сапары эки өлкө ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө жана тереңдешине жаңы дем берерин баса белгиледи.
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун бизнес өкүлдөрү менен боло турган жолугушуусу өз ара пайдалуу жана кызыктуу болоруна ишенимин билдирди. Лоренцо Фонтана италиялык ишкерлер жигердүү инвестиция салып, эл аралык рыноктордо иштөөнү артык көрөрүн айта кетти.
Ошону менен бирге спикер Лоренцо Фонтана кыргыз тарапка “Италия – Борбор Азия” форматындагы диалог аянтчасына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын президенти өз кезегинде бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы парламенттер аралык диалогду алга жылдырууга олуттуу өбөлгө болорун белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын саясий жетекчилиги Италия менен эки тараптуу мамилелердин бүтүндөй комплексин өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Борбор Азия регионунда парламенттик башкаруу формасында тажрыйбасы бар жалгыз өлкө экенин айта кетти.
“Азыркы парламенттик демократия элдик курултайлардан башат алып жатат деп эсептейм жана ушул күнгө чейин бул кылымдык салтты ийгиликтүү улантып келе жатабыз. Өз кезегинде, Италияда да парламентаризмдин эзелки салттары бар. Биз Италия менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө умтулабыз”, — деп кошумчалады Садыр Жапаров.
Тараптар жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн жана элдин гүлдөп-өнүгүшү үчүн парламенттер аралык, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн жакшы негиз болооруна ишеним билдиришти.