Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

«Алтынкен» компаниясынын төрагасы Се МЭЙЮЭ: “Биздин негизги максатыбыз калктын жаркын жашоосуна жакындан жардам берүү”

2024-жылдын 1-октябрында Эл аралык карылар күнүнө карата Кемин районунун кутман курактагы карыларын куттуктоо иш-чарасына «Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Се Мэйюэ өзү катышты.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Се Мэйюэ компаниянын төрагалык милдетине үстүбүздөгү жылдын июль айында келген. Ошондуктан, бир нече суроолор менен кайрылдык.

 

– Се Мэйюэ мырза, сиз жакында эле «Алтынкен» компаниясынын башкармалыгына төрагалык кызматка келдиңиз. Кыргызстанга мурда келдиңиз беле?

– Жок, Биринчи жолу келишим.

– Сизге жактыбы?

– Ооба, аябай жакты. Кыргызстандын өзгөчө жеринин таза абасы, таза суусу, жашыл шибер оронгон тоолору, элинин ынтымактуулугу, меймандостугу. Ошол эле учурда Кыргыз мамлекетинин маданияты ачык-айкын экен.

– Сиз бул жакка келгенге чейин кайсы жакта эмгектендиңиз эле?

– Мен бул жерге келгенге чейин 8 жыл Африкада эмгектендим. Биздин Кытайдагы Zijin Mining Group Company ltd корпорациябыздын ушул «Алтынкендей» болгон Африкада тоо-кен казып алуу компаниясы бар. Ошол компанияда башкармалыктын төрагасы болуп иштедим.

– Корпорация тууралуу маалымат бере кетсеңиз? Дегеним, Кыргыз мамлекетинен башка канча өлкөдө эмгектенесиз?

– Zijin Mining Group Company ltd кытайлык компания, Кытайдын 15 провинциясында жана дүйнөнүн башка 15 өлкөсүндө алтын, жез, цинк, күмүш жана башка минералдык ресурстарды издөө, чалгындоо жана өндүрүү менен алектенген ири эл аралык тоо-кен корпорациясында.

Учурда Тажикстан, Россиянын Сибиринде, Африкада, Австралия, Италия, Түштүк Америкада ж.б мамлекеттерде иштеп жатабыз.

– Корпорациянын негизги максаты жана милдеттери эмнеде?

– Биздин корпорациянын негизги максаты – кайсы мамлекетте иштебейли ошол жердин жергиликтүү калкынын социалдык маселелерине, калкынын жаркын жашоосуна жакындан жардам берүү.

Себеби, биздин корпорациянын ишмердиги калк менен тыгыз байланышкан.

Андан сырткары, ишмердигибиз тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга мүмкүндүк берет жана адамзат үчүн жакшы жашоону курууга жардам берет.

– Се Мэйюэ мырза, өзүңүз эмгектенип жаткан «Алтынкен» компаниясы тууралуу дагы айта кетсеңиз?

«Алтынкен» ЖЧК геологиялык чалгындоо, тоо-кен казып алуу, кен байытуу, кайра иштетүү жана сатуу жаа-тында комплекстүү, заманбап, эл аралык кытай-кыргыз биргелешкен ишканасы болуп саналат, ошондой эле мамлекеттик парк түрүндөгү экологиялык таза кенди түзүүгө умтулат.

Компания 2006-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарында жайгашкан. Катышуучулардын кытайлык жана кыргыз акционерлеринин үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 60%:40% түзөт.

Компаниянын Катышуучулар кеңеши жана Директорлор кеңеши бар, анын түзүмүндө 12 бөлүм жана 941 кызматкер бар. Анда 884 жергиликтүү жана 57 чет элдик техникалык адистер эмгектенишет.

– Бүгүнкү Эл аралык карылар күнүнө карата куттуктооңуз?

– Урматтуу Кыргыз мамлекетинде жашаган ардактуу аталар жана апалар жана дүйнө жүзүндөгү кары-картаң улуу адамдар, баарыңыздарды бүгүнкү ыйык майрамыңар менен куттуктайм!

Дайыма маңдайыбызда, ден соолукта болуп, аман жүрүңүздөр. Улуту ким, кандай социалдык деңгээлде болбосун, бардыгыңыздар биз үчүн сыймыктуу, акыл-насаат айткан адамсыздар. Сиздерге ден соолук, бактылуу карылык каалайм.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар