Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

«Алтынкен» компаниясы улгайган адамдарды Карылар күнү менен куттуктады

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында өлкөбүздө Карылар күнү белгиленди. Буга байланыштуу «Алтынкен» компаниясынын Башкармалыгынын Төрагасы  Се Мэйюэ жетектеген компаниянын өкүлдөрү, Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кутпидин Шакиров жана Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев Кемин шаарында жайгашкан «Күн шооласы» карылар үйүндө болушту.
«Алтынкен» компаниясы салттуу түрдө Кемин районундагы ардактуу ак сакалдарды жана ак элечек апаларды жана «Күн шооласы» карылар үйүндө жашагандарды атайын барып куттукташты.

Башкармалыктын төрагасы Се Мэйюэ баштаган  «Алтынкен» компаниясынын кызматкерлери мекеменин директору Татьяна Синюк менен бирдикте турак-жай жана турмуш-тиричилик шарттарын карап чыгышты. Төрага Се Мэйюэ имаратты оңдоп-түзөөгө жана төшөнчүлөрдү сатып алууга көмөк көрсөтүү маселесин карап көрүүнү убада кылды.

Ошондой эле компания тарабынан майрамдык дасторконго 100 кг ун, 30 литр өсүмдүк майы, 40 кг мөмө-жемиш жана эки чоң торт берилди.

«Күн шооласы» карылар үйүнүн директору Т.Синюк «Алтынкен» компаниясы – мындагы тагдырдын татаал кырдаалына туш болуп, карылар үйүнөн башпаанек тапкан 37 ата-апаларды ар бир майрамда көңүл жаздымында калтырбай, камкордукка алып, жакындан берген жардамдарына терең ыраазычылыгын билдирди.

Карылар үйүндө жашаган аксакалдардан сураганыбызда, алар тамакты жакшы берээрин жана бир жумада бир жолу мончого түшүрүп, медициналык жардамдар байма-бай берилип тураарын айтты.

Андан соң компаниянын делегациясы райондун жетекчилиги менен биргеликте Чоң-Кемин өрөөнүндө жашаган Талканбае-ва Белек (104 жашта) менен Мамырова Алкан (102 жашта) аттуу эки кутман апага барышты. Ишкана жүз жылдыкка ар бирине 50 кг ун, 10 литр өсүмдүк майы, торт, бир букет гүл жана 5000 сом белектерин тапшырды.

Өз кезегинде кылым жашаган, батасы журтту байыткан кутман апалар компанияга тынчтык, ийгилик, жакшылык жана элибизге бакубат жашоо каалашты.

Мындан сырткары Кемин шаарынын борборунда чогулган улуу муун өкүлдөрүн ишкананын атынан башкармалыктын төрагасынын орун басары Акыл Токтобаев куттуктап, улгайган муунга камкордук жана көңүл буруу жаштарды тарбиялоодо өзгөчө роль ойноорун айтты.

“Урматтуу төрүбүздүн көркү болгон аталар жана энелер, сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул күнү биздин өлкөнүн улуу муунун урмат-сый жана камкордукка алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аксакалдарды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Кыргыз элинде «Карысы бардын – ырысы бар» , “Төрдүн көркү карылар” деген макалдар бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү күндө көпчүлүгүңүздөр жашыңар жетип калганына карабас-тан, өндүрүштө жана коомдук иштерде иштөөнү улантып, жигердүү жашап жатасыздар.

Сиздер өсүп келе жаткан муунга жоомарттык жана келечек максатка умтулуунун үлгүсү боло аласыздар. Биз, жаштар сиздердин ар бир айткан маңыздуу, тарбиялуу сөздөрүңүздөр менен алдыга карай умтулабыз. Ар дайым бар болуңуздар, аман болуңуздар. Сиздерге ден соолук, узак өмүр каалайм”, – деди Акыл Токтобаев.

Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Кутпидин Шакиров куттуктоо сөзүндө «Алтынкен» компаниясына Карылар күнүнө карата салтанаттуу иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өндүрүштүк ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жалпы райондун ардактуу карыялары үчүн уюштурулган райондук иш-чарага «Алтынкен» ЖЧКсы демөөрчүлүк кылды.

Ар бир муниципалитеттен сыйлуу карылар чакырылып, алар үчүн концерт жана майрамдык сый тамак уюштурулду.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар