Быйылкы окуу жылы абитуриенттерге, студенттерге жаңы “сюрпризи” менен эсте калчудай. Муну айтканыбыз, 2021-жылы Президент Садыр Жапаровдун “Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде үч жыл бою окуу акысын жогорулатууга тыюу салынган. ЖОЖ жетекчилеринин, мугалимдеринин жүйөөлөрүн эске алуу менен быйыл июль айында өлкө башчысы ал мораторийди алып салды. Натыйжада, айрым жогорку окуу жайларында окуу акысы эки эсеге, айрым окуу жайларда үч эсеге чейин көтөрүлдү. Эмнеге окуу акысы мындай кескин көтөрүлүп кеткенинин себебин иликтеп көрдүк.
ЖОЖдордогу окуу акысы эмнеге көтөрүлдү?
Жогоруда айтканыбыздай, абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туруна бир жума калганда мамлекеттик жогорку окуу жайлардагы окуу акысын жогорулатуу мораторийи алынган. Эске салсак, бул мораторий 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясынан кийинки экономикалык кризисти эске алуу менен киргизилген. Ал кезде Кыргызстанда 70тен ашуун ЖОЖ иштеп турса, анын 33ү мамлекеттик болгон жана орточо окуу баасы 32 400 сом, чет өлкөлүктөр үчүн 48 900 сомдун тегерегинде болчу. Ал эми жеке менчик ЖОЖдордо окуу баасы кыргызстандыктар үчүн 55 миң сомдун айланасында болсо, чет өлкөлүктөр 96 300 сомдун тегерегинде акы төлөп келишкен.
ЖОЖ жетекчилери айткандай, өл-көдөгү кымбаттоолордун кесепетинен окуу жайлардын материалдык чыгымдары көбөйгөнбү же жеке менчик ЖОЖдорго теңейли дешкенби, айтор, бул жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Программдык инженерия” факультетинин окутуу баасы 30 миң сомдон дароо 93 миң сомго, “Архитектуралык ренновация” факультетиники 40 миң сомдон 120 миң сомго көтөрүлгөн. Ошентип учурда айрым жеке менчик университеттердеги окуу акысы мамлекеттик университеттердикинен төмөн болуп калды. Ага карабай быйыл абитуриенттердин көбү кадыр-барктуу, престиждүү мамлекеттик ЖОЖдорго тапшырышкан. Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай, Президенттин 2022-жылы 18-июлда чыккан жарлыгына ылайык Ж.Баласагын атындагы улуттук университетке, И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетке, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетке, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияга, Ош мамлекеттик университетине жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КОСУ) финансылык автономия берилген. Тактап айтканда, бул окуу жайлар окуу акысын өздөрүнүн материалдык абалына жараша төмөндөтүп же жогорулата алышат. Демек, быйыл бул ЖОЖдордогу окуу акысынын жогорулашы бул билим берүү мекемелеринин жетекчиликтеринин чечими менен болгон.
Жогорулатпасак жолдо калмакпыс
24.кg маалымат агенттиги бул маселе боюнча жогорудагы ЖОЖ жетекчилерине байланышкан. КОСУнун ректору Денис Фомин-Нилов окуу тарифтерин көтөрүүгө тыюу салуудан улам мамлекеттик университеттер кыйын акыбалга тушукканын жана бул мораторий дагы бир жылга узарганда окуу жайлар талаптагыдай иштей албай калмактыгын билдирген. “Инфляцияга жараша ар жылы окуу акысын жогорулатып туруу тажрыйбасы бар экенине карабай мамлекеттик университеттерде 2010-жылдан бери тариф жогорулаган эмес. Биз окумуштуулук даражасы бар жогорку квалификациялуу мугалимдердин айлык акысын, материалдык чыгымдарды, коммуналдык кызматтардын акыларын кошо эсептегенде сапаттуу билим берүүнүн минималдык баасы 99 миң сом болду. Биздикине салыштырмалуу Россияда билим берүүнүн минималдык баасы 130 миң рублден жогору турат. Бизге Россия Федерациясынан финансылык жардам болгондуктан каражат тартыштыгын эптеп жаап жатабыз. Айрым университеттер окуу акысын кескин көтөрүштү. Мамлекет аларды кошумча каржылабагандыктан алардын мындан башка аргасы жок эле”, – дейт Денис Фомин-Нилов.
Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов бул окуу жайда адистикке жараша факультеттердеги окуу акысы 3 пайыздан 25 пайызга чейин жогорулаганын айтат. “Улуттук университетте орточо окуу акысы 55-60 миң сом, а аймактык факультеттерде арзаныраак. Окуу акысын жогорулатууда ар бир декан, структуралар өз адистиктери боюнча окуу бааларын сунушташып, ошонун негизинде баалар жогорулатылды”, – дейт ал. Ал эми КММАнын ректору Индира Кудайбергенованын айтымында, бул окуу жайдын окуу баасы 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин көтөрүлгөн. “Биздин акдемияда окууну каалагандар көп болгондуктан жана Президент тарифти акырындык менен жогорулатуу керектигин айткандыктан биз азыраак гана көтөрдүк. Медициналык билим берүү кымбат болгондуктан биз мындан дагы жогорулатсак болмок. Бирок, бул жылы бир аз кармандык”, – дейт И.Кудайбергенова.
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун айтымында, бул окуу жайда да окуу акысы көтөрүлгөн, бирок, кескин жогорулатуу болгон эмес. “Биз адистиктердин престиждүүлүгүнө жараша гана жогорулаттык. Түшкөн каражатты метериалдык-техникалык базабызды чыңдап, мугалимдердин маянасын көтөрүүгө жумшайбыз. Бизде медициналык, педагогикалык багыттарга, IT-адистигине кызыгуу көп. Мурдагыдай эле экономика, юридика, чет тилдер факультетине суроо-талап жогору. Окуйм деген адамдар үчүн азыр жакшы шарттар бар. Мурда ОшМУда 400 гана бюджеттик орун болсо, 2024-жылы 900дөн ашты. Компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого эле мамлекет жалпы республика боюнча 4 миң бюджеттик орун бөлдү. Андыктан IT багыты боюнча бекер окууга чоң мүмкүнчүлүк бар”, – дейт ОшМУ жетекчиси.
Баасы го көтөрүлдү, а башкасын кантебиз?
Билим берүү, илим министри Догдуркүл Кендирбаева түз эфирде бул тармак боюнча суроолорго жооп берип жатып окуу баасынын жогорулашы боюнча да пикирин билдирди. Министрдин айтымында, сапаттуу жогорку билим арзан болбойт жана студенттерден түшкөн кошумча каражаттар менен ЖОЖдор окутуу шарттарын бир кыйла оңдоп алышат. “Акыркы үч жылга ЖОЖдордогу окуу баа-ларын жогорулатууга мораторий жарыяланган. Үч жылда маяналар, пенсиялар жогорулаганы менен ЖОЖдордогу окуу баасы 300-500 доллардын тегерегинде болду. Ошол эле кезде жеке менчик мектептерде балдарды 5-15 миң долларга окутуп жатышат. Анын үстүнө университеттеги мугалимдердин айлык маянасы мектеп мугалимдериникинен да аз экен. Ошол себептен мугалимдер университеттерден кетип башташыптыр. Ошондой эле буга чейин бул мекемелердин материалдык-техникалык базасы өнүкпөй келиптир. Ошолорду эске алуу менен окуу баасын аныктоону ЖОЖдордун өздөрүнө бердик”, – дейт Д.Кендирбаева.
Албетте, министр айткандай кесиптик жогорку билим башка өлкөлөрдө деле арзан эмес. Бирок, 90-100 миң сом төлөнгөнгө жараша билим сапаты да талапка жооп берип, ЖОЖду аяктагандар мыкты адис болуп чыгышы керек. Акыркы 20-25 жылдагы ЖОЖдор ичиндеги коррупцияны, билим сапатынын деңгээлин эске алганда, окуу акысын кескин көтөрүү менен билим сапаты жогоруларына азырынча кепилдик жок. “Болору болду, боёсу канды” дегендей, эми ушунча болду, ЖОЖдордун мугалимдеринин билими, тажрыйбасы, окутуу сапаты да дыкат текшерилиши керек. Ошону менен бирге буга чейин студенттерден пара алып жан сактап келген мугалимдер кызматтан четтетилип, мугалимдер курамы бир сыйра тазаланганы оң. Ошол эле кезде жылыга бир жолу ЖОЖдорго текшерүү жүргүзүлүп, кесиптик билим берүүдөгү теория менен практиканын айкалышына, заманбап билим берүү технологияларынын колдонулушуна, окумуштуулук даражасы бар мугалимдерди кайра квалификациялоодон өткөрүүгө терең маани берилиши кажет. Болбосо, мугалимдердин маянасын көтөрүп коюу менен эле кесиптик билим берүү сапаты жакшырбасы турган иш.
Элеттик студенттер эске алынган жок
ЖОЖдордогу окуу баасынын кө-төрүлүшү бул мекемелердин жетекчилери менен мугалимдеринин мамлекет жетекчилигине ар кандай жүйөлөрдү келтирүүсүнөн улам болгону анык. Албетте, экономикалык жагдайга жараша ар бир мекемеде өзгөрүү, өсүү болушу керек. Бирок, жогорудагы мораторий алынары менен айрым ЖОЖдордун окуу акысын эки-үч эсе көтөрүп жиберишин өзгөрүү, өсүү деп айтууга болбойт. Мейли, көтөрсүн, ага каршылык жок. Бирок, ошол ар бир студенттен 90-100 миң сом алган кайсы бир университет ошого татыктуу билим бере алабы, маселе ошондо.
Экинчиден, ЖОЖ жетекчилери, декандар, мугалимдер бул жолу карапайым элдин акыбалын негедир эске алышкан жок. Дегенибиз, студенттердин 70-80 пайызы элеттиктер. 2020-жылдан бери борбор калаада, Ошто батирлер баасы эки эсе өскөндүктөн элеттен келген абитуриентерге окуу кыйын болуп жатат. Алардын баарысына эле окуу жайда жетиштүү жатакана жок. Айрымдары жакындарыныкында жашаса, көбү батирлеп окушат. Батири, окуу акысы, тамак-ашы, кийими, баскан-турганы болуп отуруп бир студентти каржылоого бир жылга оңбогон сумма сарпталат. Андыктан, окуу акысы азыркыдай 30 миң сомдон дароо 90 миң сомго эмес, өлкө башчысы Садыр Жапаров айткандай акырындык менен жогорулашы керек эле. Бул жагынан алганда ЖОЖдордун окуу баасын кескин көтөрүп жибериши “Нысапсызга кашык берсең беш ууртайт” дегениндей эле таасир калтырды.
Ооба, Денис Фомин-Нилов айткандай, Россияда окуу баасы жогору. Бирок, аларда студенттер үчүн түзүлгөн шарт биздикине салыштырмалуу асман менен жердей. Кыскасы, абитуриенттерди, студенттерди быйыл ЖОЖдор дароо алкымдан алып, жарга такады. Ошого жараша эми университеттерибиз кандай өзгөрөрүн байкап туралы.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”