29-сентябрда Бишкекте «Ак илбирсти сактайбыз» аталышындагы Nomad Sport уюму уюштурган эл аралык жарым марафондук жарыш болуп өттү. Бишкек мэриясы колдогон бул иш-чараны вице-мэр Виктория Мозгачева ачып, марафон спортко жана сергек жашоого үндөгөн, ошондой эле Бишкек шаары менен өлкөнүн символу болгон ак илбирсти сактоого арналган иш-чаралардын бири экенин баса белгиледи.
Аталган жарым марафонго 20дан ашык өлкөнүн жөө күлүктөрү катышты. Жарышта чоң адамдарга 5, 14 жана 21,1 чакырымдык төрт аралык, ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 100, 200 жана 500 метр-лик жана 1 чакырымдык аралык каралган. «Абсолют» категориясындагы 21,1 чакырымдык жарым марафондук аралыкта Сүйүнбек Кубанов, Дастан Марат уулу жана Игорь Измаилов байгелүү орундарды ээледи. Кыздар арасында Жаркынай Тойчубаева, Айгерим Абденбаева жана Алена Пучкина мыкты жыйынтык көрсөттү. Мындан тышкары, ар бир курактык топтордун жана майыптыгы бар адамдар категориясынан үчтөн байге ээлери аныкталды. Марафондо жалпы 91 жеңүүчү аныкталып, алар Nomad Sport уюмунун өнөктөштөрүнүн эстелик белектерине жана акчалай сыйлыктарына ээ болушту.
Уюштуруучулардын эсеби боюнча чоң жөө жарышка жалпысынан 4,5 миң адам катышты. “Быйыл топтолгон каражатты аңсакчылар (егер) үчүн атайын форма сатып алууга бөлөбүз. Анткени буга өтө курч муктаждык бар. Аңсакчылар ак илбирстин эң башкы душманы болгон мыйзамсыз аңчыларга каршы күрөшүүгө активдүү жардам берет. Биз суроо-талапка ылайык тизме түзөбүз жана жардамга абдан муктаж райондорго көмөк көрсөтөбүз», – дейт Nomad Sport директору Арслан Малдыбаев.
Уюштуруучулар Бишкек мэриясынын, президенттик аппараттын, ШИИБ, ЖККУБ, дарыгерлер менен ыктыярчылардын жана спорттук иш-чараны жүзөгө ашырууга көмөктөшкөндөргө ыраазычылыгын билдиришти.
Эске салсак, ак илбирсти коргоого арналган биринчи жарыш 2019-жылы Бишкекте болуп өткөн. Анда жыйналган каражаттын бир бөлүгү Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо глобалдык программасы үчүн фотокапкан сатып алууга багытталган. 2021-жылы – Ысык-Көл биосфералык аймагынын аңсакчыларына NIVA автоунаасын сатып алууга акча бөлүнгөн. 2022-жылы жарыш катышуучуларынын салымы менен Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап воркаут-аянтча курулган. Өткөн жылы Гареев атындагы Ботаникалык бакчасына 39 атайын техника сатылып алынган.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»